Ал эми ИРНА жаңылыктар агенттиги чек аранын Ирак тарабында, көбүнесе Күртстан аймагында кеминде алты киши өлүп, ондогон адам жарадар болгонун кабарлады.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Иран менен Ирактагы жер титирөө
Иран бийликтеринин маалыматына караганда, силкинүүдөн Керменшах провинциясы эң чоң зыян тарткан. Жер титирөөнүн күчү аймактагы бардык мамлекеттерде, Кувейттен Түркияга чейин сезилген.
Ирактын борбору Багдадда жана башка шаарларда адамдар дүрбөлөңгө түшүп, үйлөрдөн жана имараттардан сыртка чуркап чыгышкан.
Жер титирөө сезилген жерлер.
Ирандын мамлекеттик медиасы зилзала кеминде өлкөнүн 14 провинцияда сезилгенин, сегиз кыштак талкаланганын билдирүүдө.
Президент Хасан Роухани Ички иштер министрлигин жер титирөөдөн жабыр тарткандарга мүмкүн болгон жардамды көргөзүүгө чакырды.
АКШнын Геологиялык кызматынын эсебинде, зилзаланын күчү Рихтер таякчасы боюнча 7,3 баллды түздү. Ал эми очогу Ирактын түндүк -чыгышындагы Халабжа шаарынан 32 чакырым түштүк-батышта болду.
Зилзаланын кесепети. Иран.
12-ноябрда жердин силкинүүсү Израилдин аймагында, Түркиянын түштүк-батышында да сезилген.
Иранда кыйроо жана талкалануу менен коштолгон зилзала мезгил-мезгили менен кайталанып турат.
2003-жылы күчү 6,6 баллды түзгөн жер титирөөдөн тарыхый Бам шаары талкаланып, 26 миң адамдын өмүрү кыйылган.