Брекзиттенгенде...

Ойлонбостон «Брекзит!» дегенде... Евгений Олийнуктун азил сүрөтү.

«Күлкү кербени» Улуу Британиянын Евробиримдиктен чыгуу же чыкпоо жаатында тандоо жолунда турган кыйчалыш учуруна байланыштуу азилдерди сунуш кылат.

* * * ** * *

- Өткөндө конок тостум эле, бир досубуз жубайы менен «англисче» кетип калыптыр.

- Англисчеби?

- Ооба. «Кетип жатам» деп айтпастан эле байкатпай туруп коноктон кетип калыптыр.

- Анысы жакшы экен. Менин бир досум болсо үй-бүлөсү менен келип алып, «брекзиттенип» жатат.

- Анысы эмнеси?

- Улуу Британия Евробиримдиктен чыгам деп «Брекзит» долбоорун баштап коюп, чыкпай жатып алды го. Тиги досум да ооз учунан «үйгө кайтсакпы» деп коюп, бирок маалкатып эч кетпей жатат ко...

* * * ** * *

«Брекзитти» жактаган үгүтчү:

- Ка-ап, Евробиримдиктен Британиянын чыгып кетишин жактаганга караганда, Евробиримдиктин өзүнүн Британиядан оолакташын жактоого багыт алганда иш тезирээк болмок экен...

* * * ** * *

«Жетишет, силердин Брекзит оюнуңарга чарчадым!» – деп Улуу Британиянын канышасы Элизабет Экинчи өлкөдө чексиз монархияны кайра киргизгенин жарыялады.

(Германдык азилдерден).

* * * ** * *

2016-жылы күзүндө британдык чыгаан физик-теоретик жана космос изилдөөчү Стивен Хокинг (Stephen Hawking; 1942—2018) британ өкмөт башчысы Тереза Мэй айымга тамашалап кайрылды:

«Мен күн сайын өтө татаал математикалык маселелерди чечип келем, бирок, байболгур, мага Брекзитти чечүү жаатында көмөк сурап кайрыла көрбөңүзчү!»

* * * ** * *

- Апе-ей, мен Брекзитти жаңылыш колдоп алыптырмын!

- Эмнеге?

- Мен Британияга мусулмандар Лүксембургдан каптап кирбесин деп ойлоп Брекзит үчүн добуш бергем. Көрсө, мусулман мигранттар бизге Лүксембургдан келбейт тура!

* * * ** * *

- Брекзитти кантип аңдасак болот?

- Кандай десем, сиз пивоканадан кайтып келип, башыңыз ооруп турганда, «Фейсбуктагы» досторуңуздун тизмесинен бир досуңузду байкабастан чийип салдыңыз дейлик. Эртеси кандай ыңгайсыз акыбалда калсаңыз, Брекзит да ошондой.

(Англис азили).

* * * ** * *

- Сиз эмне үчүн Брекзитке каршы чыктыңыз?

- Мен кайненемди эптеп ынандырып, Испаниянын бир курорт шаарына кетиргем да, ал жакта батир алып бергем. Эми Брекзит ишке ашса, анда кайненем үстүбүзгө кайтып келеби деп корком.

(Англис азили).

* * * ** * *

(TT)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.