Ырчы Мирбек Атабековго Эл артисти наамы берилди

Мирбек Атабеков.

Эстрада ырчысы Мирбек Атабековго “Кыргыз Республикасынын эл артисти” наамы ыйгарылды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

40 жаштагы Мирбек Атабеков Талас облусунун Талас районунун Жон-Арык айылында туулган. Ал чыгармачылык жолун 2004-жылы баштаган. Ырчынын ондогон ырлары Кыргызстанда эле эмес, коңшу Казакстанда да хитке айланган.

29-октябрда Мирбек Атабеков Казакстандын II даражадагы “Достык” ордени менен сыйланган. (BTo)

Дагы караңыз

Касымалиевге "Эмгек баатыры", Туманбаевге I даражадагы "Манас" ордени ыйгарылдыДүйнө чемпионаты: Мээрим Жуманазарова күмүш медал алдыОлешкиде атышпоо режими сакталып жатканы айтылды Саудия хусилердин баллистикалык ракетасын атып түшүргөнүн билдирдиИИМ Мадумаровго кол салуу болгону тууралуу маалыматты четке кактыИюнь окуясы: Жогорку сот Исмаил Исаковго козголгон кылмыш ишин кыскартты