Маркумдун кызы учурда Саламаттык сактоо министрлиги, №7 бейтапкана жана Каржы министрлиги менен соттошуп жатканын айтууда.
36 жаштагы Бегимай иш ордунда каза болгон апасынын өлүмү боюнча үч мамлекеттик орган менен соттошуп жатканын билдирди.
2024-жылдын 23-октябрь күнү Бишкектеги №7 бейтапканада ушул мекемеде медайым болуп иштеген 56 жаштагы Шакияна Күрөңкеева каза тапкан. Кызынын айтымында, ал күнү апасы дени-карды соо абалда жумушуна жөнөп кеткен экен.
“Небересин окуудан тосуп алып, коштошуп, “отуруп тургула” деп жумушка кетти. Апамдын нөөмөтү 14:00дө башталмак. Мага 40 мүнөттөн кийин чалышты. Болжол менен 14:40тарда, үчкө жакын чалышты. “Апаңыз ооруканага түшүп калды, №4 шаардык ооруканада, жандандыруу бөлүмүндө” дешти. Мен мындай каргашалуу окуя болуп кетерин ойлогон жокмун. Бат жыйналып, №4 ооруканага барсам поликлиниканын бөлүм башчысы туруптур. Апам кана десем, “бул жакта” деп багыттады. Реанимация бөлүмүнүн кичинекей терезесин ачып, аты-жөнүн айтсам эле “сиздин апаңыз каза болуп калды” деп айтты”, - деп сөзүн баштады Бегимай Эмил кызы.
“Ийне сайылганда реакция жүрүп кеткен”
Медайымдын өлүмүнүн себеби “ийнеден кийинки анафилактикалык шок” деп көрсөтүлгөн. Кызына жумуш маалында апасына укол сайылганын, реакция жүрүп кетип, каза тапканын угузушкан:
Бегимай Эмил кызы
“Ишенбедим. "Апам жумушка жакшынакай эле кетпеди беле!? Менин апам сонун эле жүрбөдү беле? Апам өлүп кала турган адам эмес болчу" десем эле “Ушундай болуп калды, кечир. Жумушта укол сайылыптыр, ошондон реакция жүрүп кетип, сактай албай калдык” дешти. Кийин соттук жараяндарда “өзү ооруп жүргөн, ооруп келген” деген жүйөлөр айтылып жатты. Макул, ошондой болсун дейли. Анда эмнеге апамды “больничныйга” жиберип салган жок. Анткени апам оор абалда болуп, ооруган эмес. Грипптен кийинки жөтөл гана болгон. Жумушка кирип, чечинип, бир аз энтигип турса, кесиптеши “Шакен эже, дарыланып коюшуңуз керек экен, вирус жүрөт” дейт. Бул маалда коллектив баары ооруп жаткан экен. Апам макул дептир. Назначениени (дарыгер жазып берүүчү дарылоо кагазы - ред.) жок кылып салыштыбы же чынында эле жок беле, белгисиз болуп калды. Процедуралык бөлмөгө барып… Ал дарыны кайсы жерден алганы, дары салынуучу кутучаданбы, ошол бөлмөдөнбү, белгисиз...", - дейт маектешибиз.
Кызы ийне сайган медайымды күнөөлөөдөн баш тартып, сот залында кечирген. Бирок үч баласы жана 80деги таенеси менен жалгыз багуучудан айрылганын негиз кылып, кенемте (компенсация) өндүрүү өтүнүчү менен сотко кайрылган:
“Энемдин эмгеги ар кандай грамоталар менен гана бааланды. Ал апам үчүн эң баалуу кагаздар болушу мүмкүн. Ал өлгөндөн кийин менде апамдын ак халаты менен ушул грамоталар гана калды”.
2025-жылдын 7-октябрында Бишкектин Биринчи май райондук соту маркумдун үй-бүлөсүнө 3 млн 833 миң 256 сом кенемте төлөп берүү чечимин чыгарган. Бирок жоопкер органдар бул чечимге каршы даттанган. Ошентип, соттук ишке дале чекит коюлбай келет.
Иллюстрация сүрөт
“Өндүрүштүк өлүм болгонун эч ким четке кага алган жок. Бул акт менен далилденип турат. Сот муну “өндүрүштүк өлүм эмес” деген жок. Болгону, сот биз апамдын багуусунда болгонубузду жокко чыгарды. Далилдер жетишсиз деп чечти. Биз апам өлүп калат деп, алдын ала даярданып, чектерди тартып, жазган эмеспиз да. Жети күбө алып бардым. МАБ (МТУ), квартальный, батирин ижарага берген кожоюндун жазуу түрүндөгү тастыктамасы. Экспертизанын жыйынтыгы, Эмгек министрлигинин жыйынтыгы. Мындан артык дагы кантип далилдешим керек?”, - деп суроо салат маркумдун кызы.
Министрлик: “Мыйзам чегинде иш алып барабыз”
Саламаттык сактоо министрлиги бул окуя боюнча “Азаттыкка” маалымат берип, кенемте маселеси соттун акыркы чечимине ылайык чечилерин билдирди.
Бул маселе боюнча министрликтин укуктук позициясы мыйзам талаптарына жана соттук териштирүүнүн материалдарына ылайык аныкталары белгиленди.
Достонбек Сатторов
"Кенемте төлөө боюнча милдеттенменин болушун, анын укуктук негиздерин жана көлөмүн иштин жагдайларын эске алуу менен сот баалоого тийиш. Министрлик соттук териштирүүнүн жүрүшүнө жана анын жыйынтыгына алдын ала баа бербейт. Шакияна Күрөңкееванын кызына кенемте төлөө маселеси мыйзам талаптарына ылайык жана сот иштин бардык жагдайларын карагандан кийин кабыл алынуучу чечимдин негизинде аныкталат. Министрлик бул маселе боюнча мыйзам чегинде иш алып барат. Кенемте төлөө боюнча акыркы чечим соттун компетенциясына кирет жана министрлик соттун мыйзамдуу күчүнө кирген актысына ылайык аракеттенет”, - деди Саламаттык сактоо министрлигинин юристи Достонбек Сатторов.
Маркум Шакияна Күрөңкеева медициналык окуу жайды 1989-жылы Нарында аяктаган. Медицинадагы тажрыйбасы жалпы 34 жыл болсо, акыркы 15 жылдан бери ошол №7 бейтапканада иштеп жаткан. Аймактык медайым катары каттоодо турган бейтаптарды үймө-үй кыдырып иштеген.
Бегимайдын айтымында, апасы бул үчүн айына 17 миң сом гана маяна алчу.
“Апамдын жашаган батири ушул. Сотто “мындай бөлмөгө кантип батчу элеңер?” деп сурады. 17 миң сом айлык менен 35 миңдик батирде жашамак белек? Апам бир жолу гана 26-27 миң сом алды. Андан кийин туруктуу 17 миң сом алып келди. Акыркы жолу айлык көтөрүлгөндөн кийинки сумма ушул. Ушул сүрөттөрдүн баарын көрсөттүм. Соттук документтерге да тиркедик. Бирок сот муну эске алган жок. Бул ишти Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жарым жылдан ашык териштирди. Алар корутунду чыгарып беришти. “Бул өндүрүштүк өлүм. Жумуш берүүчүнүн 30% күнөөсү бар. Бул кенемте төлөө үчүн далилденген иш” дешти. Апам өндүрүштө - жумуш учурунда каза болуп жатат. Мен адилеттикти, теңдүүлүктү талап кылып жатам. Мыйзамдагы нерсени гана. Даражасы чоңураак же статусу бийик кызматкер каза болсо, аларга 21 млн сом төлөнүп жатканын көрүп жатабыз. Катардагы медайым каза болсо чымын өлгөнчөлүк эмес сыяктуу мамиле жасалып жатат”, - дейт Бегимай.
“34 жылдык эмгек ардакталбай кала береби?”
Бегимай апасы менен ижарага алган батирде жашап жүрүшкөн. Апасы ипотекага кезеги жетерине эки ай калганда каза болсо, кызы жашы жете элек балдары менен дале батирде жашап жатат.
“Менин апам 56 гана жашта болчу. Эмгегинин үзүрүн көрүп жетишкен жок. Жакшы күндөрдү көрүп жетишкен жок. Мамлекетке өзүнүн жаштыгын, эмгегин арнап, жумуш-жумуш деп иштеди. “Менин неберелерим медик болот, пенсиямды чогултсам да окутам” дечү. Мени да өзүнүн жолун жолдотуп, медицина багытына окутту. Кесибин ушунчалык ардактап, сүйдү. Менин күйүтүм - ошол 34 жылдык эмгек ардакталбай, барксыз болуп калганы. Эненин баркын энени жоготкон билет дейт. Биздин президентибизди көп кыйынчылыктарды көргөн адам катары билемин. Адилеттүүлүктүн орношуна аз да болсо салымын кошуп калабы деген гана үмүттөмүн. Себеби мен сотторго ишенбейм”.
Медайымдын өлүмү боюнча иш Жогорку сотко чейин жеткен. Жогорку сот аны кайра кароого жөнөтүп, Бишкек шаардык соту мамлекеттик органдардын пайдасына чечкен.
Эми Бегимай бул соттун чечимине каршы арыз берерин айтууда.