"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-оператору. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин телекоммуникация факультетинин 5-курсунун студенти.
Кыргыз бажысынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов соңку 10 жылда президенттен тарта парламентке, аткаруу бийлигине таасир этип, саясий элитадан коргоо тапкан. Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн мойнуна алып, 2 млрд сом төлөп кутулган Матраимов кантип саясий таасирин арттырган?
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчиси Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жана депутат Акылбек Түмөнбаевдин кримтөбөл Камчы Көлбаевге байланышы аныкталса жоопко тартыларын айтты.
Чоң Кемин - Күнгөй Ала Тоо менен Иле Ала Тоосунун ортосундагы өрөөн.
Кыргыз бийлиги уюшкан кылмыштуу топко каршы аёосуз күрөш жүрүп жатканын жарыялап, өлкөдө мындан ары криминал болбой турганын билдирди. Кыргызстандын эгемендүү тарыхында кримтөбөлдөр мамлекеттик башкаруу, саясатка чейин аралашып, коомчулукта таасирдүү фигураларга айланган.
Абдыкадыр Орозбеков – сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлердин бири. Бирок 1938-жылы жазаланган Орозбеков кандай шартта өлтүрүлүп, сөөгү кайсы жерге жашырылганы али күнчө тарыхый документтер менен тактала элек.
21-октябрда 100дөн ашык адам Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта Газа тилкесиндеги палестиндерди колдоо акциясын өткөрдү.
Каракыз соңку үч жылда тогуз жолу ат чабышка түшүп, сегиз жолу алдына күлүк чыгарган жок. Азыркы маалда кыргыз-казакта Каракызды ашып өтчү тулпар чыга элек. Кочкордогу ат чабышта 40 күлүк 30 чакырымга чуркады. Каракыз чемпион макамын берген жок. “Азаттык” төрт туягы туйлаган күлүк тууралуу баяндайт.
Бишкектин ооруканаларына, "Тез жардам" кызматына күйөөсүнөн токмок жеген аялдар күнүгө кайрылат. Бирок алардын көбү арыз жазуудан баш тартып келет.
Бишкекте президенттик жаңы комплекстин курулушу кызуу жүрүп атат. Ак үйдү “Иншат строй билдинг” компаниясы куруп, анын акысына шаардын түштүк тарабынан 25,7 гектар жер алып жатат. “Азаттык” стратегиялык курулушка жооптуу аткаминерлер менен “Иншаат строй билдинг” компаниясынын байланыштарын иликтеди.
Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон тарта эркиндик, адилеттик, теңдик жөнүндө ырдап таанылган Сагынбек Момбеков 69 жашка чыкты. Ырчы “Сат, сат”, “Кайдыгерлик”, "Корком", "Дүйнө жалган", "Күрөштүн күнү" деген сыяктуу ырлары менен өлкөдөгү орошон окуялардын алдында жүргөн.
Нурзат Жээнбек өз өнөрү менен табиятка аяр мамиле кылууга үндөйт. Колунан көөрү төгүлгөн уздун табигый материалдардан, жүндөн, жибектен жасалган дизайнердик кийим-кечеси, автордук эмгектери кыргыздын карт тарыхына байланган. Ал чет өлкөлөрдө улуттук кол өнөрчүлүктү даңазалаган иш-чараларды өткөрөт.
55 жаштагы Гүлкайыр Болотбекова үч жылдан бери ак кан менен алышып, ар 10 күн сайын донор канын куйдуруп жашап келет. Бул сейрек кездешкен дарттан айыгуу үчүн көп учурда сөөктүн кемигин алмаштыруу керек. Бирок трансплантация Кыргызстанда жасалбайт.
1991-жылы 30-августта сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон 137 кишинин сөөгү ызаат менен кайра жерге берилген. Эртеси кыргыз өлкөсү эгемендүүлүгүн жарыялаган.
Журналисттер мамлекетке 1 млрд 146 млн сом чыгаша келтиргени айтылып кармалган төрт жарандын бири, “Улуу Көчмөндөр мурасынын” мурдагы жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк бюджетке 10 млн сом эле төккөнүн жазып чыкты. “Азаттык” Бөлтүрүк үчүн миллиондорду төккөн адамды таап, алардын байланышын аныктады.
Кремль Украинага кол салууга буйрук бергенден бери орус абактарынан кан күйгөн кармашка айдалган ондогон борборазиялыктар бөтөн эл, бөлөк жерде ажал тапты. Темир тордон чыгып, эңсеген эркиндикке жетерин элестеткендер "Вагнердин" азгырыгына оңой эле кирген. Айрымдары басымга кабылган.
Бишкек шаарындагы троллейбустардын 200дөй айдоочусу маянаны көтөрүү талабы менен иш таштады. Алар иш учурундагы келтирилген зыянга кошумча акча берүүнү жана троллейбус башкармалыгынын директору Талантбек Капаровдун жумуштан кетүүсүн талап кылууда.
Бишкекте быйыл таза суу тартыштыгы өзгөчө курч болду. Жакында эле Селекция айылынын жана Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундары суу талап кылып акцияга чыгып, жолду буугандан кийин жергиликтүү эки тургун жана акцияны чагылдырган блогер Эртай Искаков эки айга камалды.
Жыл жаңыргандан бери Кемин шаарынын жогору жагында майнинг ферма иштеп, мамлекеттин энергетикалык системасына туташып алган. Энергетика тармагына өзгөчө кырдаал жарыяланып, кышында жарык өчүрүлүп жаткан маалда Кыргызстандагы ири майнинг ферманын ишмердиги суроо жаратат.
Бишкектин борборунда митинг-пикеттерди өткөрүүгө тыюу салынганына бир жылдан ашты. Биринчи Май райондук соту чектөөнү 30-сентябрга чейин узартты. Бул жарандык активизмге кандай таасир этет? Жарандык активисттердин көз карашы кандай? "Азаттыктын" “Жаңы ой чабыт” программасында ушул тема талкууланды.
"Азаттык" радиосунун таланттуу иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына беш жыл болду. 2018-жылдын каргашалуу 22-июлунда суук кабар кыргыз коомчулугуна желдей тараган.
Дагы жүктөңүз