"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Франциянын президенти Жак Ширак 4- мартта Алжирдеги мамлекеттик визитин аяктады. Айрым байкоочулар бул визитти формалдуу деп эсептешет. Ширак Түндүк африкалык өлкөдөгү бул сапарын араб өлкөлөрү арасында Франциянын позициясы кеңири колдоого алынганын Америкага көрсөтүш үчүн пайдаланды, андан тышкары Ирак кризисинен келип чыккан талаш-тартыштардан чарчаган президент бир аз дем алууну көздөдү дешет. Ал эми башка комментаторлор болсо Франция мурунку колониясы менен кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөрүүгө умтулууда деп эсептешет, анткени мындан туура 40 жыл мурун эгемендикке жетишкен Алжир биринчи ирет мурунку метрополиясынын президентин расмий түрдө кабыл алды.
Жекшембиде Литвада президенттик шайлоонун биринчи туру өткөрүлүп, анын жыйынтыгында азыркы президент Валдас Адамкус менен мурдагы премьер-министр Роландас Паксас экинчи айлампада ат салышмай болушту.