Бул визитке эки тараптын тең маалымат каражаттары өзгөчө көңүл бурушту Франциянын “Лө Монд” гезити, мисалы, Ширактын Алжирдеги согушка катышкандыгын, андан кийин мамлкетттик кызматкер катары ал жерде иштегенин ийне жибине чеийн чагылдырган макалага орун берген. Авторлордун айтымында, алжирдиктердин жарымынан көбү француз мамлекет башчысы алардын жеринде согушканын билишпейт. Билгендер болсо бир кездери Ширактын полку жайгашкан Пикар-Хадра шаарчасынын бүгүнкү мэри Амур Махди сыңары: “Президент Ширактын биздин шаарга келишин каалайбыз. Биз үчүн бул чоң урмат болот. Алжирдиктер тарыхтын жаңы барагын ачышты”, -деп айтышууда. Бирок өткөндүн ыңгайсыз окуяларын унутуш оңой эмес. Франциянын 132 жылдык үстөмдүгүнөн арылууну көздөгөн жети жылдык боштондук согушу миллиондогон адамдардын өмүрүн алган. Алжир президенти Абделазиз Бутефликанын жакындарынын айтымында, ал француз кесиптешин оңтойсуз абалга калтырбаш үчүн өзүнүн сөзүн бир нече жолу өзгөртүп, кайра жазып чыкты. Ширак да мекендештеринин сынына кабылбоо максатында визит программасын дыкаттык менен тең салмакташтырган: боштондук согушунун курмандыктарынын монументине гүл чамбар койуу аземи менен катар француз жоокерлеринин мүрзөлөрүн сактап калуу маселеси да каралды.
Визит учурунда Ширакты жоон топ бизнесмендер, ири компаниялардын өкүлдөрү, маданият чеберлери менен артисттер, алардын арасында теги алжирдиктер да коштоп жүрүштү. Ширак Улуттук парламентте чыгып сүйлөп, эки өлкөнүн тагдыры бири бирине чийеленишкенин баса белгиледи. Шейшембиде француз делегациясы Мишлен заводунда болду. Визиттин максаттарынын бири катары – француз инвесторлорун Алжир рыногуна тартуу белгиленген. Өлкөнүн эң европалашкан шаары Оранда болсо Ширак өткөн жылы кайрадан ишке киришкен француз маданият борборунда жаштар менен жолугушуп, сөз сүйлөдү.
Ирак маселеси, албетте, расмий жолугушуулар учурунда көнүлдөн сырткары калган жок. Француз мамлекет башчысы Ирактын тынчтык жолу менен куралсыздандырылышын жактай турганын дагы бир жолу тастыктады.
“Сиздерге маалым болгондой, Франция Ирактын Бирикккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кенешинин чечимдеринде аныкталган эл аралык коомчулуктун талаптарына ылайык куралсыздандырылышын көздөйт. Бирок бул процесс тынчтык жолу менен инспекторлор аркылуу өтүшү керек деп эсептейбиз. Анткени согуш - бул ар дайым кайгы-касирет гана алып келет, кризистен чыгуунун эң акыркы,айласыз жолун билдирет”, - деди Жак Ширак Алжир парламентинде сүйлөгөн сөзүндө.
Визит эки өлкө ортосундагы “Алжир Декларациясына” кол койуу менен аяктады.