Буга чейин да бир нече орусиялык жылдыздардын клиптерине визуалдык эффекттерди коюп, фильмдер үчүн графикалык элементтерди жасаган.
КМШ жана Европа өлкөлөрүнүн рынокторун кийим менен камсыздап, миңдеген жумуш ордун түзүп, улуттук кийимдерге заманбап түс берип, бренд жаратып жаткан атамекендик өндүрүшчүлөр "Азаттык плюстун" жаздагы биринчи чыгарылышында.
2021-жылдын 11-апрелинде Жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Бул шайлоого катышууга активдүү даярдык көрүп жаткан жаштар менен “Азаттык плюстун” студиясында талкуу өткөрдүк.
Белгилүү сайт, бренддердин аттарын колдонуп, интернеттен кардарларды алдап, акча жасагандарды уктуңуз беле? Сиз же сиздин жок эле дегенде бир таанышыңыз ушундай көз боёмочулукка дуушар болсо керек.“Азаттык плюста” дал ушул интернеттеги коопсуздук маселесин талкуулайбыз.
Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды. Эки күнгө созулган мелдешке өлкө аймактарынан 229 балбан катышты. Балбандар 10 салмак категориясында күч сынашты.
Интернет доорунда өз алдынча билим алуу кыйла жеңил болуп калды.
Амантур Исраил уулу Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жашайт. Мурда Орусияда миграцияда жүргөн жигит, азыр өзү жасап алган станок менен күнүнө миңдей самын чыгарат. Амантур самын экологиялык жактан таза экенин айтканы менен үй шартында жасалган самынга кандай заттар кошуларын сыр бойдон калтыруун
Абдил Сегизбаев өзүнө карата козголгон кылмыш иши Жазык кодексинин «Коррупция» беренесине дал келбей турганын журналисттерге курган маалымат жыйында айтты.
Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Таалайбек Усубалиев пандемия темасына арнап бир нече сүрөт тартты. Ал эмгектердин катарында каза болгон ыктыярчы Адинай Мырзабекованы жана ыйлап жатканы видеого түшүп калган София-Айдананы көрүүгө болот. "Кызыл зонада" иштеген дарыгерлердин түйшүгүн чагылдырган
“Азаттык” мыйзамсыз сатылып жаткан дары-дармек, аларды көзөмөлдөй турган мамлекеттик мекемедеги коррупция, кызыкчылыктар кагылышын иликтеди.
Беш баланын атасы Сейиттин өздүгүн тастыктоочу бир да документи жок. Кадича апа үч небересине туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып бере албай убара.
Машруттук таксилер 2012-жылы да ушундай эле талап менен жол кирени 10 сомго кымбаттатышкан. Алар өз талаптарынын себебин азык-түлүк, күйүүчү май, машине тетиктеринин кымбатташы менен түшүндүрүп жатышат.
Кыргызстанда 17 талапкер президенттик кызмат үчүн ат салышууда. Алар үгүт иштери маалында ар кандай убадаларды берип, шайлоо алдындагы программалары менен тааныштырып жатат.
Дүйнөнүн бир катар мамлекеттериндеги, анын ичинде Кыргызстандагы православдар 7-январда Исанын туулган күнү (Рождество) майрамын белгилеп жатышат. Кыргызстанда христиан дининин православ багытын туткандардын саны болжолдуу 500 миңге жакын экени айтылып келет.
"Азаттык плюс" берүүсү 2020-жылды жыйынтыктады. Бул жылы күтүлбөгөн окуялар көп болду. Пандемия иштөө шартыбызды өзгөрттү. Ага карабай Zoom аркылуу талкууларды уюштуруп, каармандар өздөрү жиберген видеолорду топтоп берүүлөрдү даярдап жаттык. Саясий жана социалдык көйгөйлөрдөн сырткары маданий темала
Бишкек шаарындагы курал-жарак саткан дүкөндөн өрт чыгып бир адам каза болду. Дагы үч киши жараат алып ооруканага жеткирилген. Алардын абалы жакшы экени кабарланды. Учурда өрттүн чыгышынын себеби иликтенүүдө.
Кезинде кыргыздын Лилия Турусбекова, Клара Юсупжанова жана Динара Асанова өңдүү бир ууч кинорежиссёр айымдары бүткүл союзга таасирдүү, терең поэтикалык тасмаларды тартышкан.
Кыргызстанда ВИЧке чалдыккандардын саны жыл сайын көбөйүүдө. ВИЧти кантип жугузуп алышыңыз мүмкүн? ВИЧ менен бакубат карылыкка чейин жашаса болобу? Эмне үчүн коом ВИЧке кабылгандарды жерийт? "Азаттык плюс" бул ирет каармандардын жана адистердин жардамы менен ушул суроолорго жооп издеди.
Буга Кыргызстандан бүтүп барган пакистандык студенттердин 90% жергиликтүү сынактан өтпөй калганы себеп болгону айтылган. Бул жагдай Кыргызстанда чет өлкөлүк студенттерге медициналык билим берүүнүн сапаты тууралуу маселени күн тартибине чыгарды. "Кара тизме" деген эмне жана анын өлкө үчүн кандай тобо
Ала-Тоонун авто ышкыбоздору дүйнөнүн эң ылдам жүргөн "феррари", "ламборжини" сыяктуу машинелердин көрсөткүчүн жаңылаган автоунааны курап чыкты. Аталган машинеге машыгуу учурунда күнүнө 40 миң сомдун тегерегинде акча жумшалат.
Дагы жүктөңүз