Байтиктин Кайырма айылынын тургундары он жылдан бери иштеп жаткан “Тоо-шагыл” жоопкерчилиги чектелген ишканага нааразы. Алар аталган ишкана Кайырма айылынын борбордук жолу аркылуу 40 тонналык машинелер менен таш ташып, жолду жарактан чыгарды деп эсептешет.
Бишкекте Жаш Гвардия – Пушкин көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Али Хан» аттуу кафеден өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, тилсиз жоо тууралуу кабар 16:25те түшкөн. Кафеге жакын жайгашкан сулуулук салону да күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда.
Нарын облусундагы Туз айылынын мектеп окуучуларына «окончила среднюю реднюю школу» деп ката менен берилген 24 аттестат кайра жасалып берилди. Бул ката үчүн «Учкундун» бир кызматкери иштен алынган.
"Азаттык плюс" бул берүүсүн кесип тандоо алдында турган абитуриенттерге жана алардын ата-энелерине арнады. Келечекте кайсы кесиптерге суроо-талап өсүп, кайсы кесиптер жок болорун адистер менен биргеликте аныктаганга аракет кылышты. Эгер сиз мектепти жаңы бүтүп, кесип тандай албай турсаңыз биздин бер
аялдар азчылыкты түзгөн жогорку илимий-технологиялык чөйрөдөгү аэрокосмостук инженериянын жалпыга таанылган аял адистеринин жана NASAнын техникалык контролдук бөлүгүнүн катарындагы түстүү айымдарынын бири болуп саналат. Ал 9-10-июлда Бишкекrе келип, жаш ойлоп табуучулар менен жолугушуп, атайын сабак
"Азаттык+" бул жолу кыргыз клип дүйнөсүндөгү көрүнүштөрдү талкуулады. Кыргызстандагы эң көп көрүлгөн жана эң кымбат клиптер кайсылар? Сапаттуу клиптердин жаралышына эмне тоскоол болуп жатат?
«Азаттык+» бул жолу Ысык-Көл облусунун Кырчын жайлоосундагы «Жаш булак» лагеринде болду. Бул лагерге Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан, Орусия, Беларус жана Өзбекстандан жигердүү 250 улан-кыз келди. Алар Кырчын жайлоосунда эң үнөмдүү шартта жашашат.
Өзгөндөн келген бул окуучулар Кыргызстанда жасалган биринчи жолчырактын макетин даярдап бүтүштү. Алар жакын арада бул макетти кадимки жолчыракка айлантып өздөрү туулуп-өскөн айылына орнотууну пландап жатышат.
«Азаттык+» бул жолу жаш саясатчылар менен алардын мамлекетти башкаруудагы орду жана ролу тууралуу баарлашты. 2020-жылда өтө турган парламенттик шайлоодо жаштар кандай күчкө ээ болоорун берүүдөн көрүңүз.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков парламенттин ишмердүүлүгү, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы кырдаал жана кыргыз коомунда резонанс жараткан журналисттик иликтөөлөр тууралуу маек курду.
19-июнда Бишкекте “Таза аба үчүн” акциясы өткөрүлдү. Аны “Мув Грин” экологиялык коомдук уюму жол көзөмөлдөө кызматкерлери менен биргеликте уюштурган.
"Азаттык+" бул жолу Ноокаттын дымактуу тургундары, шаардыктардан кем калышпай, фитнес менен машыккан ноокаттык эжелер, эзели суу жетпеген Он-Эки-Белдеги жаңы конуштарга суу чыгарган Жигитали Рахманов, бала кезиндеги кыялына 63 жашында жеткен Мукум Матиков тууралуу айтып берет.
"Азаттык+" бул чыгарылышында эки улуттун өкүлү жетектеген муниципалдык аймактык башкармалык, эки улуттан куралган бактылуу үй-бүлө тууралуу айтып берет.
Бүгүн, 5-июнда Бишкектин Эски аянтына мусулмандар чогулуп, Айт намазын окушту. Анда Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев келген элге насаат айтып, президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев өлкө башчынын куттуктоосун окуп берди.
"Азаттык+" бул жолу Бишкекке келип туруктуу жашап калган чет өлкөлүктөр менен баарлашты.
Бишкекте 27-майда кыз ала качуунун, зордук-зомбулуктун курмандыктарын укук коргоочулар эскеришти. Бул иш-чара бир жыл мурун ала качуунун айынан күлгүндөй курагында каза тапкан Бурулай Турдаалы кызына арналды. Эскерүүгө катышкандар окуядан коомчулук сабак албай, ала качуу дагы эле токтобой жатканын
"Азаттык+" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы бала тарбиясына арналды.
Акылбек Өмүргазы уулу жумушчуларына чачтарачтан бери жалдап, чет өлкөгө эс алууга жиберип турат. 50 сотых күнөсканада 300миңден ашык гүл. Туратбек Абдыкадыров быйыл борбордук аянтты да гүлдөттү. "Азаттык+" бул берүүдө Караколдун эмгекчил тургундары менен тааныштырат.
"Азаттык+" тобу бул жолу Ысык-Көлдүн айылдарын кыдырып, алардын жетишкендиктери менен таанышып келди.
"Азаттык+" берүүсү бул жолу Ош базарындагы сатуучулардын жай турмушун чагылдырды.
Дагы жүктөңүз