Кыргызстанда соңку кезде кофеканалар көбөйдү. Бирок кофени ар бир адам эле жасай албайт. Кабарчыбыз баристанын (кофе жасаган адам) бир күндүк ишин көрүп келди.
Жуманын эс алуу күндөрүн балдарыңыз менен пайдалуу жана кызыктуу өткөргүңүз келеби? Бишкекте жашасаңыз бул мүмкүнчүлүк колуңузда. Анткени борбор калаада коомдук жана коммерциялык уюмдардан тарта жарандык активисттерге чейин балдарга арналган түрдүү көргөзмө, мастер-класстарды жума сайын өткөрүп туру
Бишкекте «Берекет универсал» деп аталган дүң жана чекене базардын соодагерлери беш күндөн бери базарда түнөп, иштеген жерин кайтарып жатат. Алардын айтымында, базардын жетекчилиги бул жерге соода борборун куруу пландалып жатканын айтып, 15-апрелден тарта базарды жапкан.
Кыздардын бетин боёгон визажист - Эржан. Эркектердин чачына сүрөт тартып, көрк берген барбер - Максат. Атактууларга жаңы образдарды жараткан дизайнер - Арзубек. Чачты эле эмес тырмакты жана кашты да боёгон стилист-парикмахер - Азиз.
"Азаттык+" анча кымбат эмес, Интернет аркылуу эле сатып алууга мүмкүн болгон спайсты колдонуп, туңгуюкка кабылган жаштардын тагдырын көрсөтөт.
Таймаштын аралаш түрү боюнча UFC'нин чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко 8-апрелде күйөрмандары менен жолукту. Кыргызстандык чемпион менен жолугушууга келген адамдардын саны көп болгонуна карабай, Шевченко бир катар суроолорго жооп берди.
Кыргызстанда 2010-жылдын 7-апрелиндеги 90го жакын адамдын өмүрүн алган ыңкылапта Курманбек Бакиевдин бийлиги кулатылып, мамлекетти 15 саясатчыдан турган Убактылуу өкмөт колуна алган. «Азаттык» Убактылуу өкмөттө мүчө болгон саясатчылардын жолуна жана учурдагы абалына сереп салды.
"Азаттык плюс" берүүсү бул жолу өз өнөрүн бренд кылгысы келген жаш усталар менен тааныштырат.
Бир гана Ала-Бука - Чаткал жолуна каттаган кызыл автобус. Айылдын малынын баарын караган 20 жаштагы ветеринар. Төрт чакырым жол жүрүп, асма көпүрө аркылуу мектепке каттаган Ак-Таш айылынын окуучулары. Тоо боорунда булактын суусуна форель баккан жаш ишкер.
Нургазы Шырдаков Терек-Сай айылынын тургуну. Ал дагы айылдаштары сыяктуу эле бала кезинен бери шахтада эмгектенет. Бирок Нургазы мындан үч ай мурда эски тегирмендин ордуна кондитердик цех ачкан.
Мындан улам бөтөн өлкөлөргө чыгып жаткан жарандарыбыз Кыргызстанды кайсы тараптан таанытып жатат, чет жакта кыргызстандыктардын имиджи кандай деген суроолор жаралды. «Азаттык +» бул жолку программасында ушул суроолорго жооп издеди.
Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу үйлөрүнөн коопсуз жакка чыгарылган Ак-Сай айылынын 450 тургуну бүгүн кечке жуук үйлөрүнө кайтты. Аларды облустук бийлик автоунаа менен камсыздап, жүктөрү менен кошо үйлөрүнө жетип алышына шарт түзүп берди.
Советтер союзунда шахтерлор байырлап, дүркүрөп турган Терек-Сай айылынын азыркы абалы кандай? Айыл тургундары кантип оокат кылып жатат? Көп улуттун өкүлдөрү жашаган Терек-Сайда азыр кимдер калды? Алтын чыгарган ишкананын абалы кандай? “Азаттык+” бул жолу элет турмушу тууралуу кеп кылат.
44 жаштагы Махабат Надырбекова 11 жылдан бери Бишкек шаардык куткаруу кызматында фельдшер болуп эмгектенет. Жалаң эркектердин жамаатында иштеген Махабат куткаруу кызматындагы аялдын ролу тууралуу айтып берди.
Маратбек Берикбаев 50 жашта. Ал отуз жылдан бери жыгач устачылык менен алектенет.
Улакчы Белек Мукаев төрт жылдан бери Оштун "Достук" командасында көкбөрү ойнойт. Кабарчыбыз бала кезинен атка жакын улакчынын үйүнө барып келди.
"Азаттык +" бул берүүсүн коомдо сейрек кездешкен трансгендерлерге арнады. Бул оорубу же абалбы? Алардын укуктары эмне үчүн сакталбайт жана коомдо өздөрүн кандай сезишет, эмнеден кооптонушат? “Азаттык+” ушул жана башка суроолорго жооп издеди. Бул берүүнүн максаты кандайдыр бир көрүнүштү пропагандалоо
Бул спортту дүйнөгө даңазалоо үчүн кандай иш-аракеттер көрүлүүдө? " Азаттык + " бул берүүсүн эрендердин эр оюну көкбөрүгө арнады.
“Азаттык плюс” бул ирээт жөнөкөй, бирок жаштар үчүн маанилүү жана кызыктуу таанышуу ыкмалары тууралуу талкуулады. Өткөрүп жибербеңиз!
Кыргызстанда 2018-жылы республикалык бюджетке 6 миллиард 633 миллион сомдон ашык каражат түшпөй калды. Кирешесинен чыгашасы көп бюджетке эмне себептен мынча каражат түшпөй калды? “Азаттык” түшүндүрөт.
Дагы жүктөңүз