Жогорку Кеңештеги депутат айымдар жакында асылууга, тийишүүгө жана ыдык көрсөтүүгө тузак сала турган мыйзам даярдоо чечимине келишти. Ал мыйзам кандай болот? Бул маселени "Азаттык +" талкуулады. Сизге да бирөө тийишип, асылды беле?
Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу Кажы-Сай айылынын жыйырмадай тургуну Жогорку соттун алдына 4-февралда нааразылык акциясына чыгышты.
Сиз туура тамактанам деп ойлойсузбу? Туура эмес тамактануунун кесепети кандай ооруларга алып келет? Кайсы азыктарды чогуу жегенге болбойт? Кантип ден соолукка кам көрүп, өмүрдү узартса болот? Бул суроолорго "Азаттык+" жооп издеди.
Былтыр ушул күндөрү Бишкек ЖЭБиндеги кырсыктын чоо-жайы териштириле баштаган. Борбор шаарды бир жума бою жылуулуксуз калтырган өндүрүштүк кырсык алдыда ири жаңжалга айланып, өлкө тарыхында бир иш боюнча эң көп жогорку кызматтагыларды темир торго салары белгисиз болчу.
Бүгүнкү күндөрү баарынын көңүл чордонунда футбол турат. Бирок өлкөдө андан башка да спорттун түрлөрү өнүгүү жолунда. Өзгөчө кышкы спорттун түрлөрү менен жаш болгонуна карабай машыгып жүргөн балдарды көрүүгө болот. "Азаттык+" кышкы спорттун түрлөрү кандай өнүгүп жатканын иликтеп көрдү.
Кыргызстанда бизнес омбудсмен деген жаңы кызмат түзүлдү. Бул боюнча өкмөттүн токтому чыгып, 15-январда күчүнө кирди. Анын негизги максаты - өлкөдөгү ишкерлердин укугун коргоп, таламын талашуу. Бизнес омбудсмен деген ким? Ал кандай шайланат? Бул суроолорго “Азаттык” жооп издеди.
Улуттук филармонияда өткөн “Өнүккөн элет жерибиз, көп түрдүү кыргыз элибиз” аттуу этномаданий фестиваль Кыргызстандагы ар түрдүү элдердин маданий майрамына айланды.
Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрда Эмгек сиңирген артист Марат Козукеевди эскерүү иш-чарасы өттү. Ага маркумдун жакындары, кесиптештери, күйөрмандары катышты. Эскерүү кечеде театрдын артисттери ал койгон спектаклдерден үзүндү ойноп беришти.
"Азаттыктын" журналисттери Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспортту жана айдоочуларды каттоо департаментине жашыруун камера менен барып, ал жактагы коррупциялык схемаларды ачыктап берүүгө аракет кылды. Ноябрь айынын башында аталган департаменттин жетекчиси коррупцияга айыпталып, УКМК тарабынан кама
Кыргызстанда “Кытайдагы кыргыздарды колдоо” комитети түзүлдү. Алар коңшу өлкөдөгү кыргыздардын көйгөйүн бийликке, коомчулукка жеткирүү үчүн 29-ноябрда жыйын өткөрүштү.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун бийлик чылбырын колго алганына бир жыл болду. Президенттин акыркы апталардагы коомдук-саясий чөйрө менен байма-бай жолугушуп, өлкөнүн өнүгүшүнө байланышкан маселелерди талкуулап жатканы бир жылдык ишин жыйынтыктоо ишарасы катары бааланууда.
Нөөмөттөгү кызматкерлердин бири кылмыш болгон маалда уктап жатканын айтса, бири ошол маалда тамактанууга чыгып кеткенин билдирди.
Кыргызстанда жалпы 11 түзөтүү мекемеси бар. Ал эми эркинен ажыратылгандардын саны 15 миңге чукул. Ошол абак жайларында иштеген кызматкерлердин жумушу кандай оор экенин билесизби? "Азаттык +" бул чыгарылышында алардын түйшүгүн жана иштөө шартын чагылдырды. Кызыктуу маалыматтарды сиз да билип алыңыз.
Эрланды апасы жети айлыгында таштап кеткен, чоңойгондо атасы да каза болгон. Өзүнүн айтымында, жыгылып, омурткасын мертинтип алган. Ошондон кийин кулагы укпай, аксап басып калган. Анткен менен Эрлан тагдырына таарынбайт. Учурда ал актер болууну самап, атайын курска да барып жатат.
Үйдөн чыкпай эле жетиштүү акча табууга болорун билесизби? Кайсы кесиптер үйдө иштөөгө ыңгайлуу? Үй кожойкелери же мүмкүнчүлүгү чектелгендер кандай жумуштар менен алектенсе болот? “Азаттык +” бул чыгарылышта өз өнөрү менен үй-бүлөсүн багып жаткан кыргызстандыктар тууралуу тартты.
Кыргыз шоу-бизнесиндеги эстрада ырчыларынын өзгөчө образдары дайыма сынга кабылып келет. Бул образдар чыгармачылыкпы же жөн гана акча табуунун жолубу? Акындар ырчыларга эмнеге нааразы? Жаштар Кыргызстандагы шоу-бизнеске кандай баа берет? “Азаттык +” бул жолу эстрада ырчылары жана жаштар менен талкуу
Чүй облусунун Жаңы-Пахта айылынын мектебинин окуучулары Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын сахналаштырды. Каармандардын образын жараткан окуучулардын дээрлик баары этникалык кыргыздар. Алардын ичинен эже-сиңди Латифа жана Манежа Шамовалардын аткарган ролун, окуган ырларын көрүүчүлөр көзүнө жаш алып көр
Атамбаевдин кадрларынан арылган Жээнбековдун кадрдык жүрүштөрүнө баам салып көрөлү. Сооронбай Жээнбеков президенттик бир жылында кызматтан кеткендердин ордуна учурдагы өлкө башчыга жакын, мурда коомчулукка анча белгисиз адамдар дайындала баштады.
Роза Нурмухамбетова 39 жаштагы майып баласы менен көчөдө калган. 65 жаштагы байбиченин айтымында, кайгы ага кабаттап келген. Уулу күтүүсүз дартка чалдыкканда үй-жайынан ажыраган.
Активист Өндүрүш Токтонасыров Жогорку Кеңештин таркашын талап кылган акция өткөрдү. Ал өзүнүн талабы жазылган кагазды көтөрүп, 27-сентябрда парламенттин имаратынын алдына пикетке чыкты. Муну менен ал акыйкатчылык кызматка Токон Мамытовдун шайланышына нааразылык билдирди.
Дагы жүктөңүз