26-сентябрда аялдар абагында ичкиликке жана баңгиликке берилгендер психологиялык курстан өткөндөн кийин кармала турган атайын жай ачылды.
Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда кол өнөрчүлүк буюмдардын өзгөчө жармаңкеси болду. Анда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген улан-кыздардын колунан жаралган буюмдар коюлду.
Көчмөндөр оюндарында Казакстандын көк бөрү боюнча улуттук курама командасы Өзбекстандын командасына утулуп калды. Бул оюндан кийин көрүүчүлөр арасында “казактар атайын өзбек улакчыларына жеңилип берди” деген ача пикир жаралды.
Быйыл көкбөрүгө катышуу үчүн келген 11 команданын ичинде этникалык кыргыздардан турган командалар да бар.
Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарынан байгелүү келаткан кыргызстандык жеңил атлет Дарья Маслованы 31-августта "Манас" аэропортунан күйөрмандары салтанаттуу тосуп алды.
Филармониянын кызматкерлери "Азаттыкка" өрт саат 12лер чамасында, имараттын бешинчи кабатындагы "Камбаркан" фольклордук оркестринин классында чыкканын билдиришти. Алардын айтымында, имараттагылар сыртка чыгарылган.
Акжол Махмудов, Каныбек Жолчубеков жана Айсулуу Тыныбекова баштаган балбандар Индонезиядан кайтып келишти. Аларды күйөрмандары, достору кыргыз-казак чек арасындагы “Ак жол” чек ара бекетинен тосуп алышты. (Гүлжан Турдубаеванын видеосу)
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары калаа башчылыгына Азиз Суракматовдун талапкерлигин колдоду.
Бөйрөк ооруларынан жабыркаган бейтаптар Саламаттык сактоо министрлиги сунуштаган "Репоэтин" дарысын колдонууга каршы.
Укук коргоочу жана жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров 1-августта "Уланбек Эгизбаевдин окуясы дыкат текшерилсин" деген жазуусу бар плакат көтөрүп өкмөт үйүнүн алдына пикетке чыкты.
Бишкекте Эл аралык миграция уюмунун колдоосу жана АКШнын ЮСАИД кызматы менен биргеликте "Адам сатууга каршыбыз" аталышында иш-чара өттү. Ал 1-июлдан, 20-июлга чейин жарыяланган. Көргөзмөнүн башкы максаты - жарандардын укугун, чет өлкөдөгү эрежелерин билбей кор болуп жатышкан мекендештерге түшүндүрүү
Алардын элди таң калтырган кыймыл-аракеттерди жасап калышына 2000-жылдары чыккан Ямакаси фильми себеп болгон.
Бишкектеги борбордук Ала-Тоо аянтында “100 элечекти бир саатта оройбуз” деп аталган флешмоб өттү. Иш-чараны “Кийиз дүйнө” коомдук фонду Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык катары уюштуруп, алтымышка жакын чебер бир саатта жүз элечек орошту.
Чыгаан журналист, өлкөнүн келечегине жан дили менен күйгөн Кыргызстандын мекенчил уулу Уланбек Эгизбаев менен замандаштары, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, саясатчылар, Кыргызстандагы жана чет өлкөдөгү журтташтары, кесиптештери коштошууда.
Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 орунда бирин-экин аты белгисиз карапайым кызматкерлер гана болбосо, көпчүлүгү - курулуш компанияларынын жетекчилери, ишкерлер жана саясатчылардын туугандары.
18-июлда Бишкекте “Боорукер бол” аталышындагы жаңы медиа өнөктөштүктүн бет ачары болуп өттү. Бул иш-чара ВИЧ менен жабыркаган адамдарга карата басмырлоону болтурбоого багытталган.
Жогорку Кеңештин VI чакырылышы 4-сессиясын жыйынтыктап, учурда эки айлык эс алууда. Эл өкүлдөрү 1-сентябрда ишке чыгат. Депутаттар жыл ичинде эмне кылды? Кандай мыйзам, токтомдорду кабыл алды? Бул суроолорго инфографиканын жардамы менен жооп табууга аракет кылдык.
Ноокат районунун Ак-Булак айылындагы "Ноокат Алтын-Алмасы" кооперативи 2012-жылы түзүлгөн. Аны Кубаныч Капаров жетектейт. Кооперативдин 153 мүчөсү, 72 гектар алма багы бар. Алар алган түшүмүн Казакстан, Өзбекстан, Тажикстанга экспорттошот.
Бишкектеги "Ата-Түрк" сейил багында 300гө жакын адамдын катышуусунда "Colorfest" боёк фестивалы өтүүдө. Фестиваль "Боёктор кетет, көз ирмемдер калат" деген ураан менен башталды. Боёк фестивалы 2016-жылы Ысык-Көлдө, 2017-жылы Токмокто өткөн.
26-июнда Бишкекте үй-бүлөдөгү зомбулукту токтотуу жана алдын алуу боюнча ички иштер органдарынын жүргүзүп жаткан иштери талкууланды. Анда ИИМ академиясынын курсанттары үй -бүлөдөгү зомбулук жана андагы милициянын ролун театралдаштырып көрсөтүштү.
Дагы жүктөңүз