Бишкекте Х театр фестивалы өтүп жатат. Кароо-сынакка аймактардан 18 театр келди.
Сүрөтчү Төлгөбек Койчуманов саясий, социалдык көйгөйлөргө өзүнүн чыгармачылыгы менен коомдун көңүлүн буруп келет. Анын ЖЭБ, музейдеги абал боюнча тарткан сүрөтү социалдык тармактарда талкууга алынды. Койчуманов «Аку» мультипликациялык тасмасынын автору, ал элге белгилүү инсандардын сүрөттөрүн айран,
Кыргызстанда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын географиялык дүйнөлүк картасы түзүлдү. Мындан сырткары иш-чарасынын алкагында кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдердин композициясы көрсөтүлдү.
Бишкектин 17 жаштагы тургуну Алтынай Абдурасулова спорттук бийлердин түрүнө кирген брейк- данс боюнча жакында Тайванда, Жапонияда өткөн олимпиадалык сынактарга катышып келди.
“Алтай ата-бабанын ыйык жери” деп аталган биргелешкен концертти “Хан-Алтай” коомдук бирикмеси Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен уюштурган.
Бишкектеги Эне-баланы коргоонун улуттук борборунда 24-майда 26 жаштагы Ысык-Көлдөн келген Нурлан аттуу жигитке бөйрөк трансплантациясы жасалды. Ага алгач ирет чет элдик адистер тартылган жок.
Бүгүн "Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык фонду уюштурган Билим фестивалы өттү. Фестивалда билим берүүгө байланыштуу ар кандай программалар болду. Билим берүү жарманкесине жалпысынан 56 уюм катышты.
1-топтогу майып Райымкалый Анарбек уулу отуз жылдан бери көчөдө ырдайт. Бул аралыкта ал беш балалуу болуп, учурда чүрпөлөрүнүн алды өз алдынча турмуш куруп кеткен.
Чаткалда жайгашкан өзгөчө коргоодогу Беш-Арал мамлекеттик коругунун аймагынан алтын кендерине ээлик кылуу уруксат берилип жаткан фактылар ачыкка чыгууда.
Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл музыкалык драма театры Бишкекте гастролдо болду. Чыгармачыл топ Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында драматург Асангүл Абдыгулованын "Калк энеси Каныкей" спектаклин койду. Пьесада автор Каныкейдин образы аркылуу эл башчыларды
Эмгек сиңирген артист Гүлмира Турсунбаева жана жаш актриса Динара Идирис кызы Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында иштейт. Гүлмира театр сахнасына мындан отуз жыл мурун келсе, Динара бир жыл мурун өзүнүн өнөр жолун баштаган.
Бишкектин "Берекет" базарындагы өрттө күркөлөрү күйгөн соодагерлер Өкмөт үйүнүн алдына акцияга чыгышты.
Тажикстанда төрөлүп, Өзбекстанда билим алып, азыр Кыргызстанда жашап жаткан Рахмат Турдуев Орто Азия адабияты менен маданиятын өз жашоосунда тапкан түбөлүк дөөлөтү катары баалап, андагы улуу ойлорду кийинки муунга мурас калтырууга жан үрөгөн инсан.
Марс Жусукеев тубаса шал оорусуна чалдыккан. Паралимпиада оюндарына катышып, байгелүү кайтса, үйүн баш кошкон майыптарга өткөрүп берүү тилеги бар.
Чыгыш элдери Күн менен түн теңелген 21-мартты кылымдар бою Нооруз же “Жаңы күн” деп майрамдап келет. Кыргыздарда Нооруз (Жыл ажыраш) токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын жаз майрамы катары белгиленип, жаңырган жылдагы каалоо-тилектер айтылат.
Илгертен бери Нооруз Иранда Жаңы жылдын башталышы деп таанылган. Бара-бара Ноорузду белгилөө Ирандын маданияты жана салты менен жуурулушуп калган.
Бишкекте 16-18-мартта жаш тынчтык орнотуучулардын улуттук симпозиуму өттү. Бул иш-чара "Жашстан" долбоорунун алкагында уюштурулууда. Анда жаштар ынтымак-ырашкерлик боюнча өз ойлорун айтышты.
Бүбүсара Рыскулова - үй-бүлөдө зордук, зомбулукка кабылган аялдар үчүн Кыргызстанда биринчи болуп "Сезим" кризистик борборун ачкан айым. Борбор 20 жылдан бери кордолгон, укугу тебеленген, чет жерде жана өлкөдө аргасыз кул болгон жүздөгөн адамдын тагдырына шоола чачып, укуктук жана психологиялык жард
Аялдардын эл аралык майрамына карата Бишкекте феминисттик идеяларды карманган жүздөгөн адам жөө жүрүшкө чыгышты. Акцияга чыккандар аялдарга зомбулукка, трансфобияга жана гомофобияга каршы турууга, майыптарга болгон дискриминацияны жоготууга үндөштү.
“Азаттык плюстун” бул чыгарылышы жөнгө салынбаган жөлөкпул, өкмөттү үмүттүү караган муктаж ата-энелер жана бюджеттеги акылга сыйбаган чыгымдарды чагылдырды.
Дагы жүктөңүз