Комиссия энергохолдингдин жетекчилерине катуу сөгүш берүүнү сунуштады. Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсыкты иликтөө боюнча мекеме аралык комиссия мындай сунушту Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна жөнөттү.
Укук коргоочу, экономист Шералы Назаркулов Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы саясий ачкачылык жарыялап, 2002-жылы 7-февралда акциянын 22-күнү каза болгон. Назаркуловдун өлүмү Кыргызстандын тарыхындагы айрым орчундуу окуяларга себеп болду.
Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин басууга барган кыргызстандыктардын арасы суюлуп баратат. Апаатка катышкандар радиациянын залакасынан бүгүнкү күнгө дейре жапа чегүүдө.
Жаш-курагы 60 жаштан ашып калган апалардан турган "Добуш" вокалдык ансамбли 2011-жылы карылар үйүндө түзүлгөн. Репертуарында кыргыз, орус тилдериндеги элдик жана таанымал авторлордун ырлары бар. Аталган топ ар кандай иш-чараларга катышат жана карылар үйлөрүн кыдырып, концерт коюп жүрүшөт.
Кыргызстанда Жоолук күнү белгиленди. “Умма” ислам журналы уюштурган иш-чара быйыл төртүнчү жолу өткөрүлүп жатат.
Бишкекте 31-январда Ала-Арча дарыясындагы суусу нугунан чыгып, Муратбек Рыскулов көчөсүндөгү үч үйдүн короосун каптаганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "Азаттык" радиосуна билдирди.
Бишкек Жылуулук борборундагы болгон авария шаар тургундарын кооптуу абалда калтырды. Бишкектеги карылар үйү авария болор замат тыштагы очокко отун-сууларды даярдап, тамак-ашты казанга бышырса, балдар үйлөрүнүн бири ымыркайларды калың кийиндирип, дароо электр жылыткычтарды колдоно баштаган.
Бишкек ЖЭБиндеги суу бөлүшүрүүгө керектүү жабдыктардын иштен чыгышы калаа тургундарынын шаштысын алды.
Жылуулук электр борборунда болгон авария шаар тургундарын жүдөттү. Борбор калаанын көпчүлүк борборунда жылуулук да, жарык да жок. Шаар тургундары өз арбайын согуп күн кечирүүдө.
Кыргызстанда кышкы туристтик сезон кызыган маал. Тоого жана жылгаяк базаларына эс алууга баргандар чер жазып эле кайтпастан, оор жаракат алып, атүгүл каза болгон учурлар да катталууда. “Азаттык плюс” бул чыгарылышында жылгаяктын жыргалы менен азабын чагылдырды.
"Манас" аба бекетинин жанындагы Дача СУ конушуна "Боинг" үлгүсүндөгү жүк ташыган учак кулап түшкөн кандуу окуяга туура бир жыл болду. “Азаттыктын” “Данисте” телепрограммасынын бул жолку чыгарылышы апаттан кийинки элдин жашоосуна арналды.
Учак кырсыгы ондогон жылдар бою Дача айылында жашагандардын жүрөгүндөгү жараны кайра-кайра тырмап турары белгилүү, бирок кырсыктан жүрөгү үшүгөн элдин аң-сезиминде калган коркуу качан токтойт? 16-январь күнү саат 21:30да ЭлТРде “Данистенин” атайын чыгарылышында көрүңүз.
Бишкектеги №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 60ка жакын кызматкери Саламаттык сактоо министрлигинин алдына митингге чыгышты. Алар бейтапкананын жетекчиси Айдарбек Шакировду кызматтан алуу талабын коюшту.
Бегимай Жуматаева Кыргыз Мамлекеттик Медицина академиясында 6-курста окуйт. Ал аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүү жаатында ыктыярчы катары таанымал.
Польшалык сүрөтчү Якуб Щепански Кыргызстанга чыгармачылык дем издеп келген. Арадан 3 жыл өткөндөн кийин жаңы жерде биротоло отурукташып калууну чечти.
"Азаттыктын" кабарчылары жыл ичинде саясат, адам укугу, маданият жана башка темаларды иликтөө, сюжеттерди тартышкан. Алардын ичинен эң көп көрүлгөн, талкууга алынып жана башкалар бөлүшкөн кызыктуу видеолордун тизмегин жарыялайбыз.
Мургабдан көчүп келген кайрылман үй-бүлөнүн таянар тоосу, 17 жаштагы кайратман кыз Рахаттын тагдырын “Азаттык” мындан төрт ай мурун чагылдырган болчу.
Кыргыз Республикасынын премьер-министри Көчмөндөр оюндары 2018-жылдын сентябрь айында өтөрүн расмий жарыялады
Бишкектеги мода көргөзмөсүнө модел катары чыккан Каниет Даун синдрому менен төрөлгөн. Өз дүйнөсү менен жашаган бала дартына карабай, ата-энесинин жашоосун түп-тамыры менен өзгөрткөн.
Түркиялык сүрөтчү Ахмет Догандын сүрөттөрүнөн кыргыз тоолоруна, жаратылышына болгон сүйүүнү байкоого болот. Сүрөттөрү менен туризм тармагына салымын кошуп келе жаткан мырза Кыргызстандан бейишти да тозокту да көргөн.
Дагы жүктөңүз