Быйыл майда күч органдары Ысык-Атанын Дмитриевка айылында террорчулукка шек саналган куралчан адамды кармоо операциясын жүргүзгөн. Жыйынтыгында террорчу жок кылынганы кабарланган. Бирок дал ушул операция маалында Дмитриевканын тургуну Айнагүл Мусаеванын үйү толугу менен күйүп кеткен.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ТикТок түйүнүнө тыюу салуу чечимин кабыл алды. Колдонуучуларынын басымдуу бөлүгүн жаштар түзгөн ТикТоктун жабылышына жаштар кандай карайт? “Азаттык плюстан” көрүңүз.
Ири IT компанияларга кантип жумушка кирсе болот? Алар кандай адистерге муктаж? Эмнеге Microsoft же Google сыяктуу компаниялар Кыргызстанда кеңсесин ачпайт? Жасалма интеллект өнүккөн заманда адам эмнелерди билиши керек?
Шаар жаштары бийлеп, көңүл ачуунун жаңы түрү катары жайлоодо, тоо койнунда этно жана заманбап музыка фестивалын өткөрүп турушат. Бул иш-чара менен алар өз маданият тааныгылары келет. Кезектеги “Жайлоо” фестивалына “Азаттык+” катышып келди.
2019-жылы Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Саруу айылдык кеңешине депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп, 79 талапкердин ичинен 21 киши мандат алган.
Бишкектин борбордук үч көчөсүндө эскиздик долбоорлорго туура келбеген, уруксаты жок кошумча курулуштарды бузуу иштери уланып жатат. Ишкерлер бузуу иштери эскертүүсүз, башаламан жүргүзүлүп жатканын айтып жатышат. Мэрия муну калааны көрктөндүрүү жана ирээтке салуу аракети катары түшүндүрүүдө.
Ысык-Көлдүн тескей жээги илгертен эле кол өнөрчүлөрү, усталары, салттуу маданияттын сактоочулары менен таанымал. Аймакта акыркы жылдары ошол салттуу кол өнөрчүлүктү этно-стилдеги конок үйлөргө колдонуп, ишкердикке өткөн айымдардын саны артты.
Соңку жылдары кыргыз режиссерлору сериал жанрына басым жасай баштаганын байкоого болот. Кыргызстандык сериалдар Борбор Азияга таанылып, миллиондогон көрүүчү топтоп жатат. “Азаттык+”бул тармактын бүгүнкү абалы жана эртеңки потенциалы жөнүндө режиссерлор менен болгон видеоподкастын сунуштайт.
Быйыл Кыргызстанда сугат суу көйгөйү кайрадан көтөрүлдү. Өлкө аймагындагы сугат суунун көлөмү эки жыл мурдагыга караганда эки эсе аз. Бул Чүй жана Талас облустарындагы сезилип, дыйкандарды түйшүккө салууда.
Мезгилдик оңдоо иштерине байланыштуу 11-12-июль күндөрү суунун үзгүлтүккө учурашы шаар тургундарын, ишкерлерди ыңгайсыз абалга кептеди. Ал эми мэрия шаардын суусуз калган бөлүктөрүнө биодааратканаларды орнотуп, суу ташып берүү менен алек.
Соңку мезгилде чет өлкөдө жумуш таап берем деген агенттиктердин, ага катар акчамды алдаттым деген жарандардын да саны өсүүдө. Миграцияга кетер алдында эмнелерге көңүл буруш керек? “Азаттык плюстан” көрүңүз.
"Америка ыры" сынагына өлкө боюнча 700дөн ашуун мектеп окуучусу катышты. Бишкекте өткөн финалдык таймашта 20 талапкер өнөрүн сынады. АКШ элчилигинин колдоосу менен мектеп окуучулары арасында өткөрүлүп келаткан бул сынак жаштарды англис тилине кызыктырууну көздөйт.
Кыргыз дизайнерлери этностиль менен заманбап моданы айкалыштырып, жаңы бренддерди жаратып, дүйнөнү багынтууда. Ал бренддер менен “Азаттык плюстан” таанышыңыз.
Балыкчыдан сапарга аттанган 44 адам Чолпон-Ата шаарына чейин басып баратат. Жүрүш 24-июнда Чолпон-Атада аяктайт. Катышуучулар бул иш чара аркылуу майыптыгы бар адамдар туш болгон көйгөйлөргө көңүл бурдурууну көздөйт.
Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова баштаган мыйзамчылар тобу бейөкмөт уюмдарга “чет элдик өкүл” макамын берүү тууралуу мыйзам долбоорун парламентке киргизди. “Азаттык” түшүндүрмө видеодо бул документтин тарыхына көңүл буруп, андагы тобокелдиктерди талдады.
Ушул тапта жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү дипломдук иштерин жактап жатышат. Дипломдук ишин акча төлөп бирөөгө жаздырып алган жана жазып берген, атүгүл окутуучуларына төлөп берип жаздырган айрым студенттер “Азаттык+” программасына анонимдүү маек беришти.
Таанымал тарыхчы Кыяс Молдокасымов учурда байыркы кытай жазма булактарынан табылган кыргыз тарыхы тууралуу жаңы маалыматтардын үстүнөн иштеп жатат. Илимпоз отуз жылдан ашуун ар кайсы өлкөлөрдөгү архивдерде иштеп, баалуу тарыхый маалыматтарды топтоп жарыялаган.
Бишкекте күн ысыгандан тарта таза суу тартыштыгы күч алды. Өзгөчө шаардын жака-белиндеги Арча-Бешик, Ак-Ордо, Ак-Жар өңдүү жаңы конуштардын жашоочулары сууга жетпей атканын айтышууда.
БШК Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округундагы добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгын жарыялады. Дамира Ниязалиева 6 миңден ашык добуш менен алдыга чыкты. Дагы бир талапкер Эртай Искаков аны добуш сатып алууга айыптап жатат. Ниязалиева муну "каралоо" деп сыпаттады.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жаңы дайындалган башкы машыктыруучусу Штефан Таркович 23-майда Бишкекте маалымат жыйын куруп, оюнчуларды издеп жатканын билдирди. Анын штабы 33 футболчуну машыгууга чакырган. Ал азыр команданы июнда өтө турган мелдешке машыктырып жатат.
Дагы жүктөңүз