"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Кыргызстандагы жалгыз аялдар абагы Чүйдүн Степное айылында жайгашкан. Бул жердеги аялдардын 25% "Киши өлтүрүү" беренеси менен соттолгон. Расмий маалыматта алардын жарымынан көбү күйөөсүн же зомбулук көрсөткөн башка адамды өлтүрүп алгандар.
Ак-Жар конушу Бишкектин борбордук аянтынан 10 чакырым алыс жайгашкан. 2005-жылкы ыңкылаптан кийин пайда болгон конушта эл турган жери, үйлөрүнүн документтери жок жашап келет. Мындан улам алардын жол, суу, мектеп, бала бакча сыяктуу инфраструктуралык жана социалдык көйгөйлөрү чечилбей турат.
"Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык коомдук фонду ЮНИСЕФтин колдоосу менен ишке ашырган "Илимдеги кыздар" долбоорунун биринчи баскычы жыйынтыкталды. Алгачкы беш айда 113 ментор 800 окуучу кыз менен иштешти.
Кыргызстанда 600 мектеп жетишпейт. Мектеп жетишсиздиги өзгөчө Бишкектин четиндеги жаңы конуштарда байкалат. Кээ бир мектептер үч сменде иштеп, айрым класстарда 50гө чейин бала окуп жатат. Адистер мындай жагдай балдардын укугун бузуп, билим сапатына терс таасир тийгизээрин белгилешет.
1-октябрь - Карылардын эл аралык күнү. 89 жаштагы Александра Ким пенсияга чыккандан бери Бишкектеги жайма базарга чыгат. Өмүр бою медицина тармагында иштеген аял 7800 сом пенсия алат. Ушундан улам акчасын үнөмдөп жашап, талыкпай иштегенге көнгөн экен. Александра Ким 1-октябрды жыл сайын майрамга бе
Токтогул суу сактагычынын артында калган Токтобек-Сай айылында отуздан ашык түтүн жашайт. Он беш жыл мурда электр жарыгы кирген айылда мектеп, оорукана жок. Телефон байланышы айрым жерде гана тартат. Мындагы эл кайык менен шаарга каттап, оокат кылат.
Белгилүү скульптор-монументалист, Кыргыз илимдер академиясынын, СССР сүрөтчүлөр академиясынын академиги, ондогон мамлекеттик сыйлыктардын, наамдардын ээси Тургунбай Садыков 86 жашта. Ал бүгүн өзү түптөгөн улуттук көркөм академияны жетектеп, өнөрканасында жаңы чыгармаларды жаратуу менен алек.
Акыркы жылдары Екатеринбург кыргызстандык эмгек мигранттары көп келген Орусиянын шаарларынын катарын толуктады. Алар ар кандай тармактарда иштеп, көбү үй-бүлөсү менен көчүп барган. Ушундан улам Екатеринбургда жалаң мигранттар жашаган район, бала бакча, мектептер бар.
26 жаштагы Бекназар Алмазбеков Орусиянын Урал аймагындагы белгилүү дизайнерлердин бири. Екатеринбург шаарында окуган кыргызстандык дизайнер бир катар конкурстардын жеңүүчүсү. Ал бир кезде иш издеп кеткен мигрант үй-бүлөнүн уулу.
Орусиянын Екатеринбург шаарында олимп оюндарынан кийин кыргызстандык мигранттардын балдары арасында күрөшкө кызыгуу күчөгөн. Бир нече ай мурда ачылган спорт залда ондогон балдар эркин күрөш менен машыгып жатышат. Тренерлер да, балдардын ата-энелери да бир учурда иш издеп Екатеринбургга келген мигран
Ош облусунун тургуну Зарина Чилова ата-энеси миграцияга кетип, туугандарынын колунда чоңойгон. Ал өз мисалында Кыргызстан эгемендик алган жылдардан кийин алыска ата-энесин узаткан балдардын жашоосун баяндайт.
26 жаштагы Руслан Каримов Екатеринбург шаарында бала кезден бери жашап келет. Анын атасы Екатеринбургдагы кыргыздардын диаспорасын түптөп, мекендештерине жардам берген активист болчу. Бир кездеги миграцияга кеткен үй-бүлөнүн уулу мекендин барк-баасы туурасында ар дайым ойлонот. Атанын жолун жолдоп,
Кыргызстан эгемендиктин 30 жылдыгын белгилеп жатат. Буга байланыштуу эң негизги иш-чара Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында болду.
Гүлайым, Нурайым, Элина Сапаровалар Орусиянын Екатеринбург шаарында төрөлүп өсүшкөн. Эже-сиңдилердин ата-энеси Советтер союзу тараган жылдары Орусияга иштегени келип, калып калган. Отуз жылдан бери бөтөн жерде жашаган ата-эне мекенинен үзүлө албай жүрсө, ал жакта өсүп калган кыздары Кыргызстанга бай
"Азаттык" Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына арналган "Эгемендиктин балдары" түрмөгүн баштады. Алгачкы каарманбыз, 30 жаштагы Данияр Назаралиев -90-жылдардагы каатчылыктан улам мекенин таштап, мигрант болуп кеткен үй-бүлөлөрдүн биринин уулу.
Саясатчы Равшан Жээнбеков кайрадан камакка алынды. 5-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен бөгөт чарасы өзгөртүлүп, 5-октябрга чейин №1 тергөө абагына камалды.
"Кумтөр" ишине байланыштуу айыпталган мурдагы премьер-министр Темир Сариев 30-сентябрга чейин камалды. Баш коргоо чарасы 4-августта түндө Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Сариевди 3-августта кармаган. Ага "Кумтөр кениндеги экологиял
Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында негизинен дунган тектүү эл жашайт. Алардын басымдүү бөлүгү дыйканчылык менен тиричилик кылышат. 150 жылдык тарыхы бар айылдын эли күжүрмөн мээнет менен жан багып, маданияты, салт-санаасын сактап келет. “Данисте” бул жолу Жети-Өгүз районунун Ырдык айылында болду.
Чайдан башка эч нерсе сатылбаган Ноокаттагы эски чайкана. Нарындык Калыйкул Ысыралиевдин ажайып күнөсканасы. Алайдагы Ленин чокусуна чыккысы келген туристтердин агымы солгундады. Сузакта үй-бүлөдөгү мамиле талкуулана турган борбор ачылды.
Былтыр, 2020-жылы пандемиядан улам Кыргызстандагы туристтик сезон үзгүлтүккө учураган. Ушундан улам Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан айылдар быйылкы сезонго үмүт артып жатышат.
Дагы жүктөңүз