"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Кыргызстанда азык-түлүк жана башка товарларга болгон баа кескин кымбаттады. Бул жагдай калктын орто жана жакыр жашаган катмарын кыйын абалга кептеди.
2010-жылдын май-июнь айларында Кыргызстандын түштүгүндө болгон улуттар аралык жаңжалдар эгемендүү Кыргызстандын соңку тарыхында “Ош окуясы” деген ат менен кирди.
Ош шаарынын Амир Темир районуна өзбек тектүү эл 1975-жылдары көчүп келип, отурукташып калган. 60 миңден ашык калкы бар бул район эл оозунда Он-Адыр деген ат менен белгилүү. Бул берүүдө Он-Адырлыктар жумушсуздук, билим, миграция, көп аялдуулук көйгөйлөрү жана 11 жыл мурунку июнь окуяларынан кийинк
Ысык-Көлдүн Барскоон айылынын 500дөн ашык тургуну Кумтөр кенинде жана компания менен келишим түзгөн ишканаларда иштейт. Айылда андай ишканардын саны онго жакын. "Данисте" берүүсү бул жолу Кыргызстандагы эң чоң алтын кенине жакын жайгашкан Барскоондун турмушуна кайрылды.
Кыргыз-тажик чек арасында апрелдин аягында чыккан жаңжал учурунда Тажикстанда барымтада отурган 10 кыргызстандык тургун 1-майда мекенине кайтарылган. Алар ушул тапта Бишкекте Улуттук госпиталда дарыланып жатышат. Жабыркагандар оорукандан кийин дагы медициналык, социалдык жардамга муктаж.
"Кудук" маданий борбору Тажикстандагы жарандык согуштун кесепетин чагылдырган "Аккорд" аттуу спектаклди көрүүчүлөргө тартуулады. Анын автору согуштун айынан жетим өсүп, ушул тушта Кыргызстанда жашап жаткан сүрөтчү Диана Рахманова.
Кыргызстанда балчылык жана аары кармоо акыркы мезгилде бизнестин бир түрүнө айланып, ага кызыккандар көбөйүүдө. Алардын бири аксылык кайната менен келин Авлетим жайлоосунда тоо башында он жылдан бери балчылык менен алектенет. Өлкөдө жылына 10-12 миң тонна бал өндүрүлөт.
“Данистенин” бул чыгарылышын Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлерине арнадык. Коронавирусту жеңген 96 жаштагы ардагер Исак Кубатов,төрт тилде эркин сүйлөп, кыялын согуш талаасына алмаштырган Амантур Токтоназаров. Кан майданга кеткендер тууралуу маалымат чогулткан Бактыгүл Акунбаева.
Ровное - Чүйдүн эң четки, Казакстандын чек арасына жакын айылы. Кыргыз-казак чек арасында жашаган айыл эки эл ортосунда дайым тынчтык болсун деп тилейт.
Бишкекте уу коргошунга ууланып төрт адам ооруканага түштү. Бул маалыматты дарыгерлер расмий ырасташты. Ал эми коронавируска каршы уу коргошундун тундурмасы берилген бейтаптардын саны 400дөн ашканы белгилүү болду.
Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын жамааты композитор Жумакадыр Каниметов иштеп чыккан “Ак Мөөр” опера-дастанын калың элге тартуулады. Алгач 1993-жылы көрүүчүлөргө тартууланган “Ак Мөөр” 2000-жылдардан бери сахнада коюла элек болчу. Ак Мөөр XIX кылымда жашаган тарыхый инсан Жантай
Оштогу заводдо кран башкарган айымдар. Саясатты сатирага салган Москвадагы мекендешибиз Самат. Жаш муундар акын Элмирбек Иманалиевди эскеришти. "Данисте" тележурналыбыздын бул жолку мазмунун ушундай баяндар түздү.
Бишкектеги көчөлөрдүн биринен 5-апрелде уурдалган 27 жаштагы Айзада Канатбекованын сөөгү 7-апрелде табылды. Анын жана аны уурдаган адамдын сөөгүн биринчи тапкан чабан окуя тууралуу эмне деди? Үч жыл мурда каза тапкан Бурулайдын жүрөк титиреткен окуясы эмнеге сабак болбой жатат?
11-апрелде жергиликтүү кеңештерге депутаттар шайланат. Мындан тышкары референдум да өтөт. "Азаттыктын" кабарчысы шаардык кеңешке шайлоонун жүрүшү жана Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча Бишкек шаарынын тургундарынын пикирин укту.
Азыркы тапта өлкөдө расмий маалымат боюнча чет жактан көчүп келген 55 миңден ашуун этникалык кыргыз жашайт. Алардын басымдуу бөлүгү Өзбекстандан, Тажикстандан. “Азаттык” бул жолу Чүйдүн Виноградное айылында жашаган этникалык кыргыздардын жашоо-турмушу, маданият-салты жана көйгөйлөрү менен таанышты.
“Супара” этнографиялык комплексинин курамында жаңы ачылган интерактивдүү музей чыгаан ишкер жана философ Табылды Эгембердиевдин мурастарынын бири болуп калды. Маркумдун жубайы, комплекстин башкы директору Жаңылсынзат Турганбаева “Азаттыкка" сыябан маек куруп берди.
Баткендиктер ашар ыкмасы менен 7 чакырым жол салышып, аз каражатка деле көп иш бүтүрсө болоорун далилдешти. Сүйлөбөгөн балдарга тил бүтүргөн Гүлнур элетте сейрек болгон сурдопедагог, логопед кызматтарын көрсөтүп келет. Белдемчини даңазалаган көлдүк уз Асел улуттук кийимдерди даңазалады.
Врач-кардиолог, саламаттык сактоонун отличниги Күмүшбек Алтыкеев 2020-жылдын 16-июлунда өпкөсүнөн кагынып, өзү иштеген Бишкек шаардык №1 клиникалык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө кайтыш болгон. Ал иш үстүндө коронавирусту жуктуруп каза болгон Кыргызстандагы 104 медицина кызматкеринин бири.
Деңиз деңгээлинен 3400 метр бийиктикте жайгашкан Төө-Ашууда Кыргызстандагы №9 жол тейлөө мекемеси жайгашкан. Андагы жумушчулардын көбү кышкысын жол кооптуу кезде апталап үй бетин көрбөй иштешет. Бул кан жолдо сөөк какшаткан суукка карабай жол азабын тарткандар көп.
“Данистеде” бул жолу эки каарман кыздын баянын сунуштайбыз. Суусамыр айылында Кыргызстандагы аялдардын ичинен биринчи болуп космоско учууну самаган 10 жаштагы Айдатка Кадыржанова жашайт. Футболчу Айдана Оторбаева болсо “Баатыр” (FIFPRO Hero) деген эл аралык сыйлыкка татыды.
Дагы жүктөңүз