"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Мал экспорттоого чектөөнүн базарга тийгизген таасири. Эл кыдырып укалоо кызматын көрсөткөн автомеханик. Теннисти нунчаки менен ойногон он жаштагы Нурмухаммад “Гиннес” китебине кирүүгө аракет кылууда. "Данисте" тележурналыбыздын бул жолку мазмунун ушундай баяндар түздү.
3-декабрда Жогорку Кеңеш келерки жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда карады. Бирок жыйынга 30дан ашык гана депутат катышкандыктан, документти добушка коюу үчүн кворум болбой калды.
Чүй облусундагы ден соолукту калыбына келтирүүчү "Ысык-Ата" курортунда иштеген медициналык жана чарбалык кызматкерлер февраль айынан бери айлык ала албай кыйналып жатканын айтышууда.
Боз-Адыр Баткен облусунун четиндеги чакан айылдардын бири. Бул жерде күнүнө бир саат гана суу чыгат. Бир учурда тамчы сууга зар болгон айыл эли буга да каниет кылат. Үч миңден ашык калкы бар кыштактын жашоо-шарты азыр деле жеңил эмес.
Көмүрү менен сыймыктанган, 152 жылдык тарыхы бар Сүлүктү шаары эгемендик жылдары кыйын күндөрдү баштан кечирди. Калкынын саны жылдан жылга өсүп аткан бул шаарда турак жай тартыш, социалдык көйгөйлөр чечиле элек. Шаардын ишке жарамдуу калкы эски шахтадан көмүр казып, жан багышат. Алар көмүр эле эмес,
Максатбек Абдишев кызына чакан карета жасап берип, велосипедге чиркештирип алып, мектепке ташыйт. Төрт кыздын атасы Максат кыздарды тарбиялоодо атанын ролу жогору болушу керек деп эсептейт. Ал кыздарынын ою менен болуп, кыялдарын орундатууга болгон аракетин жумшап келет.
Баткенде Тажикстандын айылдары курчаган жерде кыргыздардын Көк-Терек кыштагы жайгашкан. Эксклав болуп калып калган айылда 13 түтүн гана жашайт. Мында жалгыз көчө, дүкөн жана май куюучу жай бар. Айылда жаштар дээрлик жок. Атадан калган үйдү карап калгандар же улгайган адамдарды гана көрөсүң. Тургунда
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 970 чакырым. Анын 519 чакырымы гана такталган. Тактала элек аймактарда жайыт, жер, жол, суу талаштан улам эки элдин ортосунда чыр-чатак көп катталат. “Данисте” бул чыгарылышта Баткенде коңшу өлкөлөр менен чектеш айылдарда жашаган элдин турмушуна кызыкты.
Нарындагы памирлик кыргыздар Алайга көчтү. Облуста калган эки үй-бүлөнүн бирине атбашылыктар үй салып беришти. Алайда жарым кылым мурда курулган үй музейге айланды. "Данисте" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын сунуш кылабыз.
BBC дүйнөлүк кызматы 2020-жылдагы таасирдүү жана үмүт жараткан 100 айымдын тизмесин жарыялады. Бул тизмеге Көзү азиздер федерациясынын башчысы, активист Гүлназ Жүзбаева да кирди.
Жапаров Баткен шаарында стадиондо эл менен жолугушканда чек ара, контрабанда, жумушсуздук маселелерине токтолду.
Пандемияга байланыштуу бир катар эл аралык мелдештер өтпөй, Олимпиада оюндары кийинки жылга калды. Эл аралык күрөш федерациясы дүйнө чемпионаты 12-декабрда өтөөрүн кабарлаган.
«Түндүкэлектр» ишканасынын кызматкерлери 30-октябрда Бишкекте нааразылык акцияга чыгышты.
Садыр Жапаров баштаган 31-өкмөт 29-октябрда алгачкы кеңейтилген жыйынын өткөрдү. Ал жерде өлкө экономикасы, бюджеттин абалы жана коррупцияга каршы күрөш талкууланды.
Прозаик, драматург, котормочу, публицист Кыргыз Эл акыны Эрнис Турсуновдун 85 жылдыгына карата акындын өзүнүн жашаган үйүнө эстелик тактасы илинди. Андан соң Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада “Кыргыз адабиятын өнүктүрүүдөгү Эрнис Турсуновдун ролу” темасындагы илимий конференция уюштурул
Төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин “Аманат” поэтикалык ырлар жыйнагынын, “Ак таңдагы ак бата” аттуу китебинин бет ачары болду. Китеп 1000 нускада чыкты. Төкмө акын быйыл 20-апрелде 42 жашында дүйнөдөн өткөн.
Ысык-Көл облусунда ушул тапта күрөш боюнча курама команданын машыгуулары өтүп жатат. Күрөшкө болгон элдин кызыгуусуна эмне себеп? Таласта эмнеге балдарды балбан кылып тарбиялашат?
Өз баласына кошуп өзгөлөргө да көмөк көрсөтүп жүргөн таластык ата. Кыргызча китептер сатылган жалгыз "Нусканын" окурмандары кимдер? Эски орнаменттерди жоолуктарга тогоштурган дизайнер.
Талас облусунун Көк-Ой айылынын тургуну Нурлан Жоробеков он беш жыл мурда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо борборун ачкан.
Таласта ушу тапта дыйкандар төө буурчактын акыркы түшүмүн чогултуп жатат.
Дагы жүктөңүз