"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Жаш жазуучу Марлэн Матназаровдун балдар үчүн жазган жомоктору, аңгемелери англис жана кыргыз тилдеринде жарык көрдү. Аталган китеп “Кара-Суудагы койчумандын он эки баяны” деп аталат. Автор китепте негизинен өзүнүн тагдыры, Москвада өткөн балалыгы, Ош облусунун Кара-Суу районунда кой кайтарып жүргөн
Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова №1 тергөө абагына 26-июнга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту Салянованын бөгөт чарасын караган отурумда кабыл алды.
«Мегаком» компаниясы түзүлгөн келишим боюнча «КТ Мобайл» ишканасына ушуга чейин 168 миллион сом которгон. Аталган каражаттын бир бөлүгү «КТ Мобайлдын» кызматкерлеринин айлык акысына жумшалса, 1 млн. 150 миң долларга жакыны бир нече банкта сакталып турат.
Тажикстанда бийлик мыйзамсыз курулган күмбөз, эстеликтерди буздурмай болуп жатат. Сирияга кетип, жакындарын сыздаткандар – ага-жеңесинен ажыраган келиндин арманы. Бир да күнүн атсыз элестете албаган Игорь – ал касапканага сойгону алып келишкен жылкыларды сатып алып, багат.
Жалал-Абад шаарында 20 жылдык жолугушууга камданган классташтар той-топур ордуна оор турмушта жашаган үй-бүлөгө там куруп беришти. Ала-Бука районунда 10 жылдыкка чогулгандар бир миллион сомго мектептин инфраструктурасын оңдошту. Балдар колониясында да акыркы коңгуроо кагылды.
Бишкекте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) курамындагы мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарына арналган медиа форум өттү. Форумда ШКУну өнүктүрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу талкууланды.
Акын жана жазуучу Олжобай Шакир поэзия сүйүүчүлөрдү 22-майда опера жана балет театрына чогултту.
Таласта жол боюна тигилген төрт жарым миллион сомдук туя-арчалары куурап калды.
Ысык-Ата районунун тургуну Кылыч Аргынбеков 30 жылдан бери гүл өстүрөт. Анын короосунда 200дөн ашык гүлдүн түрү бар. Үй-бүлө, бала-бакырасын гүл менен багып жаткан каарманыбыз бул иштин оош-кыйышы тууралуу айтып берди.
Сегиз жылдан бери Дубайда ишкерлик кылган кыргызстандык Жанара Борончуева. АКШдан Жалал-Абадга көчүп келип, оорукчан балдарды караган боорукер кыз Калла Вен. Мамлекеттик кызматтан фермерликке кеткен Марат Жусупов малдын туягын санабай, сапатын жакшырткысы келет. FIFA футбол Академиясы Ошто кыздар үч
«Жол коопсуздугу» коомдук бирикмеси жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, 9 миңге жакын айдоочунун ичинен бирөө да балдардын автоотургучун колдонгон эмес. Андан тышкары балдардын төрттөн бир бөлүгү гана коопсуздук курун тагынары аныкталган.
96 жаштагы Керимбай Элебесов 17 жашында согушка кетип, Орусия, Украина, Беларуста согушка катышкан. Согуш талаасында эки жолу ок тийип, жараат алган ардагер от кечкен жылдар, Мекенде калган ата-энеси, 1946-жылы кайтып келип, там-туң баскан уулун көргөндөгү сезимдери менен бөлүштү.
7-майда Жогорку Кеңеште уран кенин казууга түбөлүк тыюу салган мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу өттү.
Ысык-Атада курулушу бүтө элек жаңы мектеп урай баштады. Орусияда иштеген кыргызстандык ата өз айылына бала бакча куруп берди. Нарында тери ыштап, кымыз чаначтарын жасагандар. Гонгконгдук балдарга математикадан сабак берген кыргыз бала. Аскадан секирип коркунучтан арылгандар.
Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Интернационал айылынын 200дөй тургуну 2-майда жолду тосуп, бийликке үч талап коюшту. Түштөн кийин алар менен аталган райондун акими жолугуп, маселени тез арада чечүүгө убада берди.
Депутат Исхак Масалиев башында турган Кыргызстандын Коммунисттик партиясынын мүчөлөрү Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнүнө карата эски аянттан Уркуя Салиеванын эстелигине чейин жөө жүрүшкө чыгышты.
Бишкекте роуп-жампинг деп аталган спорттун экстремалдык түрү кулач жая баштады. Каалоочулар дем алыш сайын борбор калаанын түштүк батышындагы Көгүчкөн шаркыратмасы капчыгайында 60 метр бийиктиктен секиришет. Иш-чараны "Fly Jump" компаниясы бир жылдан бери уюштуруп келет.
29-апрелде Бишкектин 141 жылдыгы белгиленди. Ала-Тоо аянтында өткөн майрамдык салтанатка шаардын мурдагы мэрлери чакырылган. Концертте белгилүү "Ялла" тобу, ырчылар Согдиана, Мирбек Атабеков, Гүлнур Сатылганова, "Инсан", "Элес" топтору жана башкалар ырларын тартуулашты.
Голландиянын тюльпандарын өстүргөн кадамжайлык эне. Мигрант жашоосун фермерликке алмаштырган алабукалык ишкер. Эки жыл мурда келген памирлик кыргыздардын Нарындагы жашоосу. Суусу бар туруп Таза суу долбооруна кошулбай калган Жети-Өгүздөгү айыл.
Бишкектин Ала-Тоо аянтында уран казууга каршы нааразылык акция өттү. Анда жарандык коом бийликке «Кыргызстанда уран жана башка радиоактивдүү материалдарды казуу жана кайра иштетүүгө толук тыюу салуу боюнча мыйзам кабыл алуу; Жаратылышты коргоо жөнүндө мыйзамдарды бузган жооптуу адамдарга кылмыш ишин
Дагы жүктөңүз