"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов уран кендерин иштетүүнүн коопсуздугу боюнча маселеге карата президент Сооронбай Жээнбеков үн катат деген ойдо. Депутат уран казуу маселесине байланыштуу президент өзүнүн позициясын айтып, бул тармактагы айрым бир алешемдиктерди тар
Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2018-жыл үчүн отчетун эки күн талкуулагандан кийин ага канааттандырарлык деген баа берди. Негизинен Ысык-Көлдөгү уран кенине байланыштуу жагдай, тышкы карыз, инвестициянын өлкөдөн чыгарылып кетиши, кадр саясаты, өкмөттүн өз түзүмү тууралуу суроолор берилип, талкуу болду.
Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде кинорежиссер, СССРдин Эл артисти жана дипломат Төлөмүш Океевге арналган «Мезгилдердин чаңы артынан...» деген фото көргөзмө ачылды.
Жоюлуп кетпей сакталып калган Кыргызстандагы жалгыз асыл тукум жылкы заводун калыбына келтирип жаткан жаратман чарбагер. Улан Эгизбаевдин ысымын көчөсүнө коюп алышкан жаңы конуштун акыйкат издеген тургундары. Сүрөтүн сатып дүйнө кыдырган арт-өнөрпоздор. Бишкекке жаз менен кошо келген Жаз майрамы.
Бишкекте XIV эл аралык Jazz фестивалы жыйынтыкталды. Саамалыкка Кыргызстан, Австрия, Швейцария, Түркия баштаган сегиз мамлекеттен келген 11 музыкалык топ катышты. Эл аралык Jazz фестивалы Кыргызстанда 2006-жылдан бери жыл сайын үзгүлтүксүз өтүп турат.
Ак-Ордо жаңы конушунда Уланбек Эгизбаев атындагы көчө пайда болду. Көчөнүн узундугу эки чакырым. Бул конуш жайгашкан жердин документти чечилбей жаткандыктан көчөнүн аты расмий бекий элек.
Бишкектин Ош базарынын батыш тарабындагы «Берекет универсал» деп аталган дүң жана чекене базардын соодагерлери нааразылык акциясына чыгышты.
Колунан көөрү төгүлгөн чаткалдык уста. Чукул убакта оңдоого муктаж Жумгал театры. Кыргызча ыр жазган караколдук орус акын Людмила Пиотровская. Жаңы техникага алынсынбай өзү трактор кураган карасуулук дыйкан. Ушул адамдардын баары "Данисте" берүүсүндө.
Кыргызстандагы асыл тукум кыргыз жылкылары багылган жалгыз завод колдоого муктаж. Кезинде дүркүрөп өнүгүп турган чарба Союз тарагандан кийин таш-талканы чыгып калган. Талас облусунун Талды-Булак айылындагы жылкы заводун ("конезаводду") Бишкектен көчүп барган Азамат Жумаев иштетип жатат.
Ала-Бука районунун тургуну Аскаров Искак төрт-беш жыл мурда Орусияда жүрүп тапкан акчасына 200дөй кой сатып алган. Учурда койлордун саны жети жүзгө жетти. Бир короо коюн төрт короо койго жеткирүүнү максат кылган фермердин төл маалындагы кызыктуу жашоосун сунуштайбыз.
Апрель ыңкылабына тогуз жыл толду. Ошол кездеги бийликтин башкаруу режимине каршы чыгып, кийин көзү өткөндөрдүн арасында Таластан Бишкекке атайын келип, революцияга катышкан Кара-Буура районунун тургуну, акын Бекболот Тургунбеков да болгон.
2010-жылдагы апрель окуяларына быйыл тогуз жыл толду. Ал күнү жүзгө жакын адамдын өмүрү кыйылган. 6-апрелде Талас районунун тургуну Нурлан Рыскуловго эки ок тийген.
“Данисте” телеберүүсүнүн бул чыгарылышына шарты катаал айылдардын өз киндигин өзү кескен эли тууралуу баяндар кирди.
Бул жолку каарманыбыз Германияда он жылдан бери жашап жаткан Кымбат Баймендиева. Учурда Берлин шаарындагы банктардын биринде иштейт. Кымбат Германияда жумушка кантип орношуп, чет жерде кандай тоскоолдуктарга кабылып, кубанычтарга жетишкенин "Азаттыкка" айтып берди.
Азаптуу турмуштан суурулуп чыкан “Азаттыктын” каарманы Азамат 25 жылдан кийин ата-энесин таап, аты-жөнү Санжар Сыдыков экенин билди. Немис жерин жердеп, Берлиндеги ири банкта иштеген журтташыбыз Кымбатты ийгиликке жеткирген жагдай.
Айдарбек Орозалиев Чаткал районунун Кызыл-Токой айылында эмерек жасаган жалгыз уста. Ал төрт жылдан бери өз үйүн устаканага айландырып, элеттиктерди жыгачтан жана темирден жасалган эмеректер, буюмдар менен камсыздап келет.
Сокулуктун Военно-Антоновка айылындагы балдар үйүндө 16-мартта Нооруз майрамын алдын ала майрамдашты. Бул иш-чараны "Илек-Илек жаштары" коомдук бирикмеси уюштуруп жатат. Аталган бирикме жалаң гана студенттерден куралган.
Балдардын эл аралык кинофестивалында Алтынай Таалайбек кызы “Мыкты фильм” номинациясына ээ болду. Ал эми Алина Кошматованын тасмасы дүйнөнүн 30 өлкөсүнөн жиберилген 200дөн ашык фильмдин ичинен кыска тизмеге кирди.
Акча төлөп кыргыз тилин үйрөнгөндөр. Нарындын өнүгүүдөн артта калган Жалгыз-Терек айылы. Жоголуу коркунучунда турган жан-жаныбарларга аёосуз кыянаттык. “Данистенин” бул жолку топтомуна кирген баяндарды сунуштайбыз.
"Азаттык+" бул чыгарылышын 8-март аялдардын эл аралык майрамына карата Кыргызстандагы жаш ишкер кыздарга арнады.
Дагы жүктөңүз