"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Коомдук телерадио корпорациясынын жаңы жетекчиси болуп Жайнак Үсөн уулу шайланды. Жабык добуш берүүнүн жыйынтыгында Жайнак Үсөн уулу 13, Галина Байтерекова бир, Болотбек Тиллебаев бир добуш алды. Жаңы шайланган директор ишине 19-мартта киришет.
Эл аралык ондогон сыйлыктарга ээ болгон программист, ойлоп табуучу Бакыт Байдалиевдин Стамбулдагы супер симулятору. Он жылдан бери электри жок жашаган Аксыдагы айылдын шам менен сабак окуган балдары. Калың кары менен чет элдиктерди кызыктырган Жыргалаңдыктардын кышкы туризм ишкерлиги. Москванын бор
Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) Байкоочу кеңеши телеканалдын директорлугуна талапкерлер болгон 17 кишини аңгемелешүү турунан өткөрдү. Алар талапкерлерге акыркы окуган китебинен баштап, “идеал туткан адамыңыз ким”, телеканалдын берүүлөрү, саясый суроолорду дагы беришти. 28-февралдагы олтурум
26-февралда Бишкектин Октябрь райондук соту саясатчылар Азимбек Бекназаровдун, Ахматбек Келдибековдун жана Кеңешбек Дүйшөбаевдин экс-президент Алмазбек Атамбаевге жана «Апрель» телеканалына каршы доо арызын кароону улантты.
75 жыл мурда мекенинен айдалган чечен атанын эскерүүсү. Рак тооруган балдарга колдоо издегендер. Кыргыз-тажик бирдей сыймыктанган футболчу. Атайын комиссия түзүп, той-аштардагы ашыкча чыгымдарга тескөө баштаган Баткендеги айыл.
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын курамы жаңыланат. Партиянын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, анын төрагасы Алмазбек Атамбаев комитеттер тууралуу жобого кол койду.
КТРКнын Байкоочу кеңеши 18-февралда башкы директорлукка талапкерлерден түшкөн арыздарды карады. Анын алкагында үч талапкер сынакка катышуу укугунан ажыратылды. Ал эми дагы ону кошумча документ алып келүүгө милдеттендирилди.
Орусиянын чилдесинде кыргыздын алмаларын сактап, саткан ишкер. Кара-Кечеде кезектен улам суткалап түнөп, автоунаасын ашканага айлантып, казан аскан айдоочулар. “Ош” базарда 20 жыл бут кийим оңдоп үй-бүлөсүн баккан өтүкчү. Түрк элин өзгөчө сүрөттөрү менен таң калтырган мекендешибиз. Ушул баяндар “Дан
15-февралда советтик армиянын Ооганстандан чыгарылганына отуз жыл болду. Буга байланыштуу Улуттук филармонияда президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда салтанаттуу иш-чара өттү.
Жаш-карысы топ тепкен Баткендин Кара-Дөбө айылынан чыккан чемпиондор таржымалы. Мамлекеттин жүгүн көтөргөн тубаса көзү азиз Гүлназ Жүзбаеванын коомду шыктанткан жаратмандыгы.
Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде биринчи жолу инклюзивдик арт-аянтчасы ачылды. Долбоордун максаты - бардык адамдарга искусство менен таанышууга бирдей мүмкүнчүлүк түзүү. Анда азиз адамдар ар бир картина тууралуу аудио түрүндө үч тилде маалымат алышат. Долбоор "Сорос-Кыргызстан" фондунун
Казакстанда 4-февралга караган түнү Астананын Сарыарка районунда турак жай өрттөнүп, беш бала күйүп кетти. Балдардын эң кичүүсү бирге чыга элек болсо, улуусу 12 жашта эле. Ушундан улам “Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштардагы үйлөрдүн абалы кандай, алар электр тогун колдонууда эрежелерди сакташабы
Нарындагы суусу жок айыл. Аламан улакка чабыла баштаган поляк аттары. Кыргызстандык буддисттердин сыйынуу үйү. Кыргызстандын тоолоруна космостон суктанган канадалык астронавт.
Жогорку Кеңеште Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) Байкоочу кеңешинин мүчөсүн шайлоо талаш-тартыш менен коштолду. Бир эле маселе боюнча эки ирет добуш берилгени, анда эки башка жыйынтык чыкканы парламенттин өз алдынчалыгы тууралуу маселени козгоду.
Бишкектин түштүк тарабындагы Тоолуу Маевка айылында Кыргызстандагы буддисттердин “Место пути” деп аталган жалгыз храмы жайгашкан. Бул жерде монах Алексей Шмыгля жашайт. 1990-жылдардан тарта буддизмди тутунуп келе жаткан монах ишеними, диндин мааниси, храмдагы жашоо-турмушу тууралуу маек курду.
Токмокто кыргыз-казак чек арасындагы аткезчиликке байланыштуу чуулгандуу окуяда Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаевдин аты ачык аталды.
Америкалык үй-бүлө асырап алган Одри-Аида 11 жыл дегенде өз мекенине келип кетти.
24-январда Ала-Тоо аянтында Азия Кубогуна катышып, Бириккен Араб Эмираттарынан учуп келген футболчулардын урматына уюштурулган салтанат болуп өттү. Иш-чарада премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандын футбол боюнча курама командасына 2 млн. сомдук сертификат тапшырды.
Жогорку Кеңеш быйылтан тарта күчүнө кирген кодекстерди кабыл алууда кемчиликтерге жол берилгенин моюнга алды. Бул тууралуу парламенттин 23-январдагы жыйынында аталган мыйзамдардагы өксүктөрдү талкуулоо маалында айтылды.
Жалал-Абадда электромобил жасагандар мамлекеттен колдоо таба алабы? Кыргызстан жеңеби же Бириккен Араб Эмирлигинен кетеби? Таң атпай таштанды шыпырган адамдын мээнетин шаарды булгаган адам түшүнөбү? Нарындык жаш лыжачылар дүйнөлүк мелдештерге жетеби? “Данистенин” жаңы топтомунан көрүңүз.
Дагы жүктөңүз