"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Нарын шаарындагы 87-кесиптик лицейдин мугалими Казыбек Мамырканов 2016-жылы өткөн Көчмөндөр оюндарында кол өнөрчүлүгү менен баш байгени алган. Быйылкы оюндарга ал кийизди ийри ийне менен тешип жасаган жаңы ыкмадан жаралган кызыктуу композицияларын алып чыгууга камданып жатат.
ЮСАИД уюму каржылаган "Демилгелүү жаштар" долбоорунун Нарын шаарындагы дарсканаларында Ооганстандын Памиринен келген беш этникалык кыргыз билим алууда.
Нарын шаарынан анча алыс эмес Алыш айылынын 40 жаштагы тургуну Аман Исмаил III Көчмөндөр оюндарына бүркүтүн таптап, даярдап жатат. Тогуз жаштагы уулу Исламды мүнүшкөрдүн түйшүгү менен тааныштырып, үйрөтүү үчүн ээрчитип алат. Ал бул ирет алгыр куштардын адамга жөн жерден катылбасын, мүнүшкөрлүк атада
Кыргыз көк бөрүчүлөрүнүн Орусия талаасындагы оюну. Кыргызстанга келин болгон өзбек келиндери. Элге жетпей, талаага кеткен таза суу. Кесипке үйрөткөн медреселер. Ушул жана башка видеобаяндарды “Данистенин” жаңы чыгарылышынан көрө аласыздар.
"Азаттыкка" Кой-Таш аскер бөлүгүнүн "Ала-Тоо" полигонунда кызмат өтөп жаткан айрым жоокерлердин ата-энелери арыз менен кайрылды.
Карылар үйүндөгү кусалык жана сагыныч. Кыялы ишке ашкан ата. Үркүн маалында Кытайга сүрүлүп, кайра советтик Кыргызстанга качып келип бийликтен кордук көргөн аксакал. Фитнеске каттап, жаш кыз-келиндерден калбай спорт менен машыккан апалар.
Ооганстандан ата-энеси менен келген Фархад аттуу бала кыргыз өкмөтү анын ата-энесине качкын макамын беришин, башкалардай эле кенен-кесири жашоону кыялданат.
Сууга түшкөндө коопсуздукту эл да, эс алуу жайларынын ээлери да эске албайт. Сугат суу тартыштыгынын айынан насыя алып айдаган эгиндери күйүп кетип, дыйкандар түшүмдөн куржалак калууда. Кыргызстандык мигранттар Орусияда отурукташа албай жатканына улуттук өзгөчөлүк себеп болду деп эсептешет.
Текстил өндүрүмүн эки эсе жогорулаткан Кыргызстандын фабрикасы тышкы базарга чыгуу сырлары менен бөлүштү. Акыркы акчасын фотоаппаратка алмаштырган Айкуттун сүрөтчүлүк ышкысы. Ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында совет бийлигине сын кантип берилген? Жазуучу, драматург Бексултан Жакиевдин ой-
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) Чүй облусунун Москва районундагы мүчөлөрү партия лидери Алмазбек Атамбаевге каршы кезексиз жыйынга чогулду. Алар өз конференциясын “Атамбаевсиз КСДП” деп аташкан.
Гүлина Алайчиева бойго жеткен кезинде өз атасы зордуктаганын, ал окуянын азабын ушул күнгө чейин тартканын айтууда. Атасынын кордугун канча жашырбасын, ал үй-бүлөлүк турмушуна да терс таасирин тийгизгенин жашырган жок. Гүлина атасы карылар үйүнө келип, үй-бүлөсү, кызы тууралуу тескери маалымат тарат
Аутист балдар менен сүйлөшүп, алардын эмоционалдык абалын аныктап, адиске көмөк берген робот. Легендарлуу поляк ырчысы жана композитор Анна Германдын Таласта калган балалыгы. "Жаратмандар" түрмөгүнөн 153 багбаны, 72 гектар алма багы бар айыл кооперативи.
Кечээ жумушсуз жүргөн кыз-келиндер, бүгүн бизнести чагат. Ысык-суук дебей суу кечкен атбашылык мурап. Тазалыкты даңктаган кыз. Кыргыз-өзбек чек арасынан өтүү жеңилдегенден бери эки өлкө жаштарынын ортосунда турмуш куруу жанданып, үйлөнгөндөрдүн саны көбөйдү.
"Данисте" телетоптомунда Кыргызстандын булуң-бурчунан данектүү каармандарды, кызыктуу баяндарды сунуш кылабыз.
Кыргыз тилин жайылткысы келген орус кыздардын демилгеси. Көл жээгин таштандыдан тазалаган тоңдуктар. Жазмакер уюштурган Ат-Башыдагы жаңы китепкана. Беш тыйынга иштеп, кайра-кайра сыркоологон тестиер балдар.
3-июнда Жогорку сот камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун доо арызы боюнча Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды. Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Караколдогу "митингди уюштурган, ошол кездеги губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган" деген айыптын негизинде кармалган.
Коомду ойго салган “Ала качуу” тасмасы. Чыр-чатактуу мекен чегиндеги чек арачылардын жупуну турмушу. Акция маалында акындын мырзалардын намысына тийген ыр саптары. Режиссер Руслан Акундун “Көк бөрү” жаңы тасмасы. Чек арачы кызматында жүргөн үй-бүлөлөрдүн түйшүгү.
Тажикстан атайын урукcат алмайынча мугалимдер менен студенттерди чет өлкөгө чыгарбайт, Казакстан чөнтөк телефон номерлерине жарандардын жеке маалыматын байлаганы жатат, Британиядагы мечит садага, битирди криптовалюта менен чогултууда.
Милиция бөлүмүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Бурулайдын трагедиясы боюнча бийлик кайрылуу жасабаганы сынга кабылды. Баткенде 20 жылда корук түптөгөн жазуучунун максаты. Кочкордо кооптуу мектепте билим алган окуучулар. Жети-Өгүздө тогуз балалуу жаш үй-бүлө дагы перзенттүү болууну каалайт.
1-июнь - Кыргызстанда балдарды коргоо күнү. Бала менен ата-эне эмнени каалашат? Бири-бирин түшүнөбү? "Азаттык" ушул суроолор менен Бишкек шаарынын тургундарына микрофон сунду.
Дагы жүктөңүз