"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Балыкчыларды кызыктырган тоо арасындагы Ара-Көл, Баткендеги курулушу бүтпөй жатып бузула баштаган “жаңы” мектеп, жаш инженердин кыргызча сүйлөп, кызмат көрсөтө турган роботу жана башка баяндарды “Данисте” телетоптомунан көрүңүздөр.
Нарындын Жумгал районунун Чаек жана Куйручук айылдарынын жайыт комитеттери АРИС өткөргөн тендерге нааразы.
Ырысбек Элтуйбасов 35 жылдан бери Нарындын Кара-Кужур кыштоосунда мал багып келет. Түйшүгү аз деп соңку жылдары топоз менен жылкыны көбөйткөн. Чабан түйшүгү түмөн малдын эти баа болбой, ортомчуларды гана туйтунтуп жатканына нааразы. Ошентсе да ал үй-бүлөсү менен 365 күн тоо койнунда.
Кочкор районундагы Ара-Көл айылы бир гана күйгөн суусу же туз шахтасы менен белгилүү эмес. Бул жердеги көлмө балыкчыларды өзүнө магниттей тартып турат. Балык уулоо үчүн 250 чакырым жол жүрүп,атайын Бишкектен келгендер да бар. Алардын бири Таалай Мамытов жана досу Эркин Матисаков.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына шек келтирди деп, 9 миллион сом доого жыгылган журналист Нарын Айыптын 90догу энеси сотторго кайрылды. Үй сатыкка коюлса Райла Идинова небере-жээндери менен талаада калышы мүмкүн.
Кол телефонго кино тарткан нарындык окуучулар, Өзбекстандын ооруканасына каттаган кыргызстандык бейтаптар, улуу муунду ойготкусу келген дарыгер, кыргыз аба жолундагы алгачкы стюардессалардын бири Тлеухор апа башка адамдар тууралуу баяндарды “Данисте” тележурналынан көрүңүз.
Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрында “Ромео жана Жульетта” романтикалык спектакли коюлуп жатат. Бул чыгарма кайсы сахнада коюлбасын бардык убакта Жульеттанын образын жаратуу үчүн өтө жаш артисттер тандалган.
Биринчи вице-премьер-министр, парламенттин эл аралык иштер боюнча комитетинин мурдагы төрагасы Аскарбек Шадиев Чыңгыз Айтматов сыйлыгына бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалышы боюнча түшүндүрмө берди. Анын ишендиришинче Жогорку Кеңештин эл аралык иштер бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров “бюджетте акча жок
Абакта ачкачылык кармап жаткан Бектур Асановдун, Кубанычбек Кадыровдун жана Эрнест Карыбековдун тарапташтары, жакындары Жогорку Кеңештин алдында нааразылык акциясын өткөрүштү. Алар президенттен жана соттордон бул саясатчыларга көңүл бурууга жана алардын ишин калыс кароого үндөштү.
Былтыр Бишкек шаарында үч миңге жакын түп бак кыйылган. Шаардык мэрия бактар жолдорду оңдоо максатында, ошондой эле дарактар карыганы үчүн кыйылып жатканын ырастайт. Бирок борбор тургундары миллиондон ашуун калк жашаган шаарда аба бузулуп, экологиялык абал коркунучта деп тынчсызданышууда.
Таштанды жайдагы Алтын-Казык башаламан конушундагы жашоо, Жети-Өгүздө өлбөстүн күнүн көрүп жашап жаткан майып балалуу ата-эне, кыргыз телерадиосу жана уюктук байланышы жетпеген Баткендеги айыл тууралуу баян.
Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз академиялык улуттук драма театрынын февраль айындагы театралдык репертуары “Күүгүм” спектакли менен ачылды.
Бишкек шаардык соту депутат Аида Саляновага карата райондук сот чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды.
Кагазда саны бар, өзү иштебеген Баткендеги маданият үйлөрү. Өз тек жайын билбеген, 25 жылдан бери ар кимдин колунда малай болуп жүргөн Азаматтын тагдыры. Кыргызстандык үч мигрант кыздын Анкарада ачкан ашканасы.
Жогорку Кеңеш Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариянын себептерин иликтей турган атайын комиссия түздү. 12 депутаттан турган комиссия бир ай ичинде борборду модернизациялоого кеткен 386 млн. доллардын чоо-жайын да иликтейт. Бүгүн парламент Бишкек ЖЭБиндеги кырдаалды талкуулады.
Өрт Ош базарындагы "Сейтек" дүкөнүнөн чыкканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен "Азаттык" радиосуна билдиришти. ӨКМ өрттү өчүрүүгө беш топ тартылганын кабарлады. Тилсиз жоо тууралуу маалымат бүгүн саат 10го чукул келип, өрт өчүрүүчүлөрдүн биринчи тобу 9:48де чыгып кеткен. Кырсыкка эмне себеп болгону
Ош базарындагы "Сейтек" дүкөнүндө чыккан өрткө байланыштуу ӨКМ министри Кубатбек Боронов пикирин билдирди. Ал өрттөнгөн имараттар камсыздандырылбаса мамлекет кеткен чыгымды төлөп бербесин айтты.
Айлыгы беш миңден ашпаган, үйү жок театр артисттери. Он чакырым каттап окуган нарындык окуучулар. Кошуна өлкөнүн бренди менен чет жакка сатылып жаткан кыргыз күрүчү. Курут жасаган көлдүк кыз-келиндер. Чек арадагы жайма базарлар. Суукта кыйналгандарга соопчулук кылган шаардыктар.
Чүйдөгү Александровка айыл өкмөтү "улут аралык жаңжал чыгышы ыктымал" деген маалыматты жокко чыгарды. Мунун алдында айылдык кеңешке шайлоодо "дунган жана кыргыз улутундагы талапкерлер өз ара тирешип жатат" деген кабар тараган.
Ушул күндөрү Бишкектин айрым тургундары таң эрте иштеген "Тазалык" ишканасынын жумушчуларына ысык чай берүүнү уюштурууда. Алардын бири мэриянын мурдагы кызматкери Гуля Алмамбетова үч-төрт жылдан бери кыштын айрым күндөрү тазалыкчыларга чай берет. "Тазалык" ишканасынын жумушчулары таңкы саат 6дан баш
Дагы жүктөңүз