"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Ат-Башыдагы волейбол ойногон айымдар, алты баласы менен жалгыз калган ата, Базар-Коргондо үңкүрдө жашаган үй-бүлө жана башка баяндар “Данисте” тележурналынын жаңы чыгарылышында камтылды.
“Ала-Арча” турак жай комплексинин айрым тургундары мурдагы премьер-министр Феликс Кулов менен экс-депутат Акматбек Келдибековду айыптап чыгышты.
"Манас" аэропортуна жакын жайгашкан Дача СУ конушунда туура бир жыл мурун учак кырсыгынан каза болгондор эскерилди. Кырсык болгон жерде жергиликтүү жашоочулар, кырсыктан жабыркагандар жана жакындарын жоготкондор, жарандык активисттер куран окутушту. Ошондой эле учак кырсыгынын курмандыктарын эскерге
Акыркы жааган кардан кийин Бишкек шаарынын көчөлөрүндө пайда болгон муз жолдор жөө адамдардын кыймылына тоскоол болуп, шаар тургундары нааразы болууда. Ал ортодо жыгылып же кырсыктап кайрылгандардын саны бейтапканада өстү. Мэрия кызматкерлери болсо тазалоо иштери узгүлтүксүз жүргөнүнө ишендирүүдө.
Сегиз балалуу токтогулдук баатыр эне төрт баласы менен ооруканага жатып, дарыланып чыкты. Алардын бири өнөкөт оорудан жабыркайт. Ошол баласынын саламаттыгы үчүн деп бул үй-бүлө өздөрү жердеген Токтогул аймагынан Бишкекке көчүп келгенине үч жыл болду. Жалданма батирде, жөлөкпулсуз, туруктуу кирешесиз
"Данисте" телеберүүсүнүн бүгүнкү майрамдык чыгарылышында: Москва, Стамбул жана Кыргызстандын аймактарынан куттуктоолорду сунуштайбыз, турмушу өзгөргөн каармандарыбыздан кабар алабыз, Salt Peanuts Jazz тобунан жандуу кыргызча ыр студиябызда жаңырат.
Кыргыз-казак чек арасындагы төрөтканасы жок айыл, темир жолдогу кырсыктан бутунан ажыраган кыз, Испания сыймыгына айланган кыргыз дүйнө чемпиону, жер алдынан чыккан суу каптаган Чүй районунун айылдары бул жолку “Данисте” тележурналынын мазмунун түздү.
2017-жылдын башынан бери темир жолдо 89 адам кырсыкка кабылып, тогуз адам өмүрү менен кош айтышты. Адистер буга адамдардын өздөрүнө этият болбой, коопсуздукка кайдыгер мамиле кылганы башкы себеп деп түшүндүрүп жатышат.
Орусиядагы аскер окуу жайында окуган кыргызстандык курсанттын сөөгү жакында Чолпон-Ата шаарында жерге берилди.
Тээ илгери тагдырдын оош-кыйышы менен Ооганстандын Памир тоолорун байырлап калган кыргыздардын бир бөлүгү учурда Нарындын Куланак айылында жаңыча жашоого ылайыкташуу сыноосунан өтүп жатышат. Ал жакта памирлик боордоштор кыргыз арибин үйрөнүп жатышат.
Кыргыз Республикасынын премьер-министри Көчмөндөр оюндары 2018-жылдын сентябрь айында өтөрүн расмий жарыялады
Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда илимпоз-окумуштуулардын катышуусунда жазма акын жана ойчул Молдо Кылычтын 150 жылдык мааракесине арналган жыйын өттү. Иш-чарада тоталитардык идеологиянын кодулоосуна кабылган акын жашап өткөн доор, чыгармалары, анын көркөм мурасын изилдеген окумуштуу
Насыяга той өткөрүп, 6 миң сом айлыкка жашаган жаш дарыгерлер. Коомдун майыптарга кайдыргерлиги, кенебестиги. Кызыл-Кыядагы механик аял. Баткендеги лимонзарлар. Айтматовдун балалыгы өткөн Оштогу бакчасы жана башка баяндар “Данисте” тележурналынын бүгүнкү чыгарылышында.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп КСДП фракциясынан Алмаз Кененбаев шайланды. Шаардык кеңештин бүгүнкү кезексиз сессиясына 41 депутат катышып, Кененбаевдин талапкерлигине 25и "макул", 13ү "каршы" добуш беришти. Үч депутат добуш берген жок.
ОшМУнун Батыш чех университети менен билим кызматташтыгы, 12 жыл балдары менен кулчулукта жүргөн ноокаттык жалгыз бой эненин азабы, толеранттуулук маданиятын жайылткан баткендик жаш активист тууралуу баяндарды “Данисте” тележурналынан көрүңүздөр.
“Аялдарды колдоо борбору” коомдук бирикмеси Бишкек шаарындагы коомдук транспорт жана такси колдонуучулар ортосунда бул мыйзамды жайылтуу, кыздарды 18 жашка чейинки куракта күйөөгө берүүгө каршы атайын акция өткөрүүдө.
“Колдон колго” уюмунда тарбияланган аутист балдардын сүрөттөрү Бишкектеги “Боёктор дүйнөсүндө” аттуу кайрымдуулук көргөзмөсүнө коюлду. Иш-чарадан түшкөн каражат “Колдон колго” уюмунун өспүрүм аутисттерди тарбиялоочу жаңы борборунун курулушуна жумшалып, 5-декабрга чейин Бишкектеги “Асанбай” галереяс
1-декабрь – эл аралык СПИДге каршы күрөш күнүн утурлай Бишкектеги бир катар окуу жайлардын студенттери ВИЧке тестирлөөдөн өттү. Иш-чаралардын алкагында студенттерден шилекей аркылуу тест алынды.
"Данистенин" бул жолку чыгарылышы ооруканага дарыланганы барып, айыккыс ВИЧ илдетин жуктуруп алган 382 баланын тагдырына арналды.
Виртуоз-аккордеончу, композитор Догдурбай Урмамбетовдун жан дүйнөсү, Арстанбаптагы элкурган мектептер, Барскоондо дини башка маркумдун сөөгүнүн башка айылдын жерине берилгени, Петровкадагы 18 жаштагы кыздын табышмактуу өлүмү, Баткендеги жалаң эркек балдар окуган класс, Казакстанда 17 жылдан бери ишт
Дагы жүктөңүз