"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Бүгүн, 27-ноябрда "Бейиш" элдик медициналык борборунун алдында каршылык акциясы өттү. Алар өкмөттүн "Бейиш" Эл аралык салттуу жана эксперименттик медицина академиясынын имаратынын мамлекетке кайтарылганына каршы пикирин айтышты. Аталган академия эксперименталдык илимий-өндүрүштүк курортология жана с
Бишкекте балдар үйүндө багылган жетимдер бой жетип, чоң турмушка бет алгандан кийинки келечек макамына арналган тегерек үстөл жыйыны болду. Анда балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларын коомго аралаштыруу үчүн бирдиктүү программа жок деп айтылды.
Чүйдөгү Военно-Антоновка айыл өкмөтүнө караштүү жаңы конуш. Бишкектеги унаа базардын төмөн жагында жайгашкан.
Чүйдүн Петровка айылындагы 18 жаштагы кыздын өлүмүн жакындары мектептеги зомбулуктан көрүшөт. Мектеп жетекчилиги окуяга билимкананын тиешеси жок экенин айтууда. Каргашадан кийин гана кыз мурда курдаштарынын кемсинтүүсүнө кабылып жүргөнү аныкталууда.
Жарандык активисттер 16-ноябрда мөңгүлөрдү сактап калуу талабы менен Ак үйдүн алдында нааразылык акциясына чыгышты. Алар "Суу кодексине" толуктоолорду киргизүү тууралуу өкмөттүн мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешти колдобоого чакырышты. Аталган документти парламент бүгүн акыркы - үчүнчү окууда карап жа
"Бишкекжылуулукэнерго" жылуулук борборунун Бишкектин түштүгүндөгү Орто-Сай айылында күндүн табы менен иштеген жылуулук борбору ишке кирди. Бул борбор калаадагы күн табы менен иштеген экинчи жылуулук борбору. Орто-Сай айылындагы борбордо 1,4 кВт сааттык кубаттуулуктагы 120 панел орнотулган. Күн батар
Ата-бабалардын тандырчылык өнөрүн улап келе жаткан Анвар тандыр меш жасоону эми кийинки муунга үйрөтүү менен алек болуп жүргөн кези. Оштук тандырчынын, анын балдарынын бир күндүк жашоо-турмушу тууралуу тасманы сунуштайбыз. Ал аркылуу сиздерге байыркы шаарда жашаган элдин кулк-мүнөзүн, каада-салттары
Бишкекте Ак үй алдында "Суу кодексине" сунушталган өзгөртүүлөргө каршы акция өттү. Ага жарандык активисттер, саясатчылар катышып, бул өзгөртүүлөрдү четке кагууга парламентти чакырышты.
“Данисте” телепрограммасынын жаңы чыгарылышына бир көчөгө байланган оштук өспүрүмдөрдүн турмушу, лимон өстүргөн базаркоргондук мугалимдер, Стамбулда автотетик жасаган кыргыз жигит жана кызылчачы аялдар тууралуу баяндар кирди.
Парламент кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды жабык талкуулады.Буга депутаттардын чек ара маселеси тез чечилбесе Кыргызстанда экономика жана азык-түлүк коопсуздугу кооптуу абалга туш болот деген билдирүүлөрү негиз болду. Өкмөт абал жөнгө салынат деген менен Бишкекти жылытуу борборуна Казакстандан
Өз кыздарынан баш тартып, уул күтүүнүн айынан бузулган үй-бүлө, ат жалында ойноп, ата түнөгүн сактаган программист Замиранын кыялы, жыт чыкпаган таза ажаткана, күн табына ысыган жылуу суу, какыраган талааны бакчага айланткан иштерман жетиөгүздүк жаратмандар, комузду менен рок ойногон музыканттар жан
Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы 25-октябрдагы жыйынында үч депутатты өзүнүн катарынан чыгаруу тууралуу чечим кабыл алды. Алар - депутаттар Тазабек Икрамов, Камчыбек Жолдошбаев жана Алмаз Жутанов. Фракциядан чыгарылган депутат Тазабек Икрамов ал чечимди туура эмес деп эсептейт. Ал кесип
Журналист Алишер Саиповду Ош шаарында белгисиз кишилер атып кеткенине 10 жыл толду. Бул үрөй учурган кылмышты ким жасаганы ушул күнгө чейин белгисиз.
2007-жылы 24-октябрда журналист Алишер Саиповду Ош шаарында белгисиз кишилер атып кетишкен. Апасы Зайнабхан Саипова баласы үчүн үй-музей ачты.
Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөрү чек ара бекеттериндеги абалды жакшыртуу боюнча келишимге кол койду. Ага ылайык, 19-октябрдан тарта жөө жүргүнчүлөрдү чек арадан тоскоолдуксуз өткөрүү тартиби киргизилди. Бирок жүк ташыган унаалардын көйгөйү чечиле элек.
Мектепке барбай жаңгак терген сузактык балдар, окумуштуу-тарыхчыларды ойго салган көмүлгөн мумия, Нарынга жер которгон памирлик кыргыздар, өкмөткө нараазы болгон Дача СУ конушунун тургундары, топ тепкен кыздар жана башка баяндар “Данисте” тележурналынын бүгүнкү чыгарылышына камтылды.
Кыргыз өкмөтү Дача СУ кырсыгында жабыркагандар тиешелүү жардамдарын алышканын кабарлап, кырсык боюнча иштеген өкмөттүк комиссиянын жана мекемелер аралык жумушчу топтун иши аяктаганын билдирди. Ал эми Дача СУ конушунун тургундары өкмөт учак кулаган убакта берген айрым убадаларын аткарган жок деп жаты
“Данистенин” жаңы чыгарылышына Баткендеги төрөтканасы жабылып калган айылдагы киндик эненин иши, кырк жылдан бери билим берип келаткан акталаалык көзү азиз мугалимдин өрнөк болчу эмгеги, Сирияга кеткен тоңдук бир туугандардын таржымалы, Токтогулдагы эки жолу өрт чыгып, кулайын деген эски мектеп, Гер
Учурда Ош жана Жалал-Абад облустарында пахта терими кызыган мезгил. Ак буланы негизинен кыз-келиндер теришет. Ага жараша аларды күндүз үйдөн табуу кыйын. Анткени аялдар жыл бою тиричиликке тыгынчык боло турган кирешени таап алуу үчүн талаада жан үрөп иштеп жүргөнүн көрөсүң. "Азаттыктын" кабарчылары
Бир күндө жүз килограммдан пахта терген жалалабаддык кыз-келиндер, Ат-Башыдагы тапкычтар, Кыргызстандын жолдорун жактырбаган, мантысын сүйүп жеген жапон кыздар, жер кепеде жашаган жакыр үй-бүлөнүн жашоо таржымалы жана башка баяндар бул жолку “Данисте” видео түрмөгүндө баяндалат.
Дагы жүктөңүз