"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Президент Алмазбек Атамбаев азыркы парламентке келген партиялар шайлоочуларды одоно түрдө алдап, добуш алганын билдирди.
“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында бүгүн 61 студент мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин колунан стипендия алды. Быйыл майда президенттик стипендия үчүн студенттер арасында сынак жарыяланган. Ага 27 жогорку окуу жайынан 159 сунуш түшүп, эксперттик топ анын ичинен 61 студентти жеңүүчү деп тапкан.
Быйыл августта дүйнөлүк саякатка аттанган кыргызстандык учкуч Союзбек Салиев жана анын литвалык кесиптеши Йонас Жукнус 27-октябрда Бишкекке келишти. Аларды аэропорттон мекендештери жана журналисттер тосуп алышты.
Бул жолку “Данисте” телеберүүсүндө: балдарын аёосуз мушташтырган аталардын туугандары, айылдаштары бийликтен ырайым кылууну суранууда, Токмокто үйү күйүп, жалгыз баласынан айрылган ардагер апага үй салып берген канадалык үй бүлө, АКШнын Сиэтл шаарын багындырган журтташыбыз Нурбек Исмаилов, Кыргыз
22-октябрда №66 орто мектебинде "Жашыл Бишкек: мектеп айланасын жашылдандыруу - 2016" эко-акциясы өттү. Акция учурунда адистер бактарды туура отургузуу жана аларга туура кам көрүү боюнча кеңештери менен бөлүштү.
Кара-Кулжада 14 жаштагы кызды зордуктагандар кылмыш жоопкерчилигинен бошоп кетишти.
“Данистенин” назарына түшкөн баяндар: Орусияга акча табам деп барып, кайгы тапкан кыз-келиндер, наристени өлүмдөн сактап калган он жаштагы эр жүрөк Баяман, Жалал- Абаддагы майып ырчынын жеке концерти, Москвадагы кыргыздар көңүл ачкан жайлардагы көйгөйлөр, Аравандагы кыргыз-өзбек чек арасына чеп бол
Жеке ишкер Чүйдө 100 миллион сом каражат коротуп салган “ЮниЛаб” логистикалык борбору ар кандай тоскоолдуктардан улам ишке кирбей турат.
“Данистенин” назарына түшкөн баяндар: расмий Өзбекстандын кыргыз делегациясына сый-урматы, авто кырсык айынан колунан айрылган аялдын тагдыры, айтылуу хирург Мамбет Мамакеев 89-күздү иш үстүндө тосту, Италияда ресторан иштеткен мекендешибиз Натальянын сагынычы, Москванын коюнундагы конуштарга отурук
Бишкекте Taжикстандын Мургаб районунан келген уздар соккон таардан жасалган буюмдардын көргөзмөсү өтүп жатат. Көргөзмөгө койдун жана топоздун жүнүнөн жасалган таар, үзүк, боз үйдүн белдиктери, куржун жана заманбап кол сумкалар коюлду.
“Данисте” телекөрсөтүүсүнүн бул чыгарылышында оюнга миллиондорду тапкан онкологиялык бейтаптарга каражаты жок кыргыз өкмөтү, базарда кагаз төшөнүп уктаган балага көрүлгөн камкордук, Москвадагы эрежесиз эр уруштарда топ жарган кыргыз мигрант мушкерлери, жаратмандыгы оргуштаган студент, Актурпак күрүч
Жогорку Кеңеште жол коопсуздугун көзөмөлдөө үчүн жаңыдан түзүлгөн патрулдук милициянын ишмердиги сынга алынды.
Данисте: моторчу жана роботчу кыздар
Бишкек-Ош жолунда бир үй-бүлө жол кырсыгынан каза болду. Ал эми Бишкек-Балыкчы-Торугарт жолунда автобус оодарылып, көптөгөн киши жаракат алды. Бирок Ички иштер министрлиги жыл өткөн сайын жол кырсыктарынын саны азайып жатат деген ишенимде.
Муса Жангазиев атындагы куурчак театры күзгү сезонун ачууга кам көрүүдө. Ал 18-сентябрда Ала-Тоо аянтынан Куурчак театрынын мекемесине чейин уланган театралдык кербен менен башталат. Театралдык кербенде артистер өздөрүнүн куурчактары менен көчөдө ар кандай оюн-зоокторду көрсөтөт. Шоу программадан ки
Кытайда окуган үч жүзгө жакын кыргызстандык студент элчиликтен виза ала албай жатканы белгилүү болду. Кыргызстан бул маселе боюнча Кытайга кайрылып, 30-августтагы терактан бери иштебей турган Бишкектеги консулдук бөлүмүнүн ишин жандантууга чакырды. Бул тууралуу Кыргызстан менен Кытайдын тышкы иштер
- Жаңы окуу жылы башталганы менен кээ бир балдар үчүн мектептин эшиги жабык бойдон калды. - Билим алууну эңсеген эгиз бала саламаттыгына байланышкан тоскоолдукка карабай мектепке кабыл алынды. - Нарындык майып уста Рахат Үсөнкожоев төшөктө жатып алып колдо жасаган буюмдарын эми интернет аркылуу са
Бишкекте 1-май райондук милициясы мектепке барбаган балдарды текшерип, рейд өткөрдү. Натыйжада беш бала мектепке барбаганы аныкталды. Ага-ини Сыймык менен Оомат эки жыл мурда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунан көчүп келгенден бери мектеп босогосун аттай элек.
Расмий маалыматтар боюнча быйылкы окуу жылында Кыргызстандагы мектептер окуу китептери менен 79% гана камсыз болгон. Ал эми иш жүзүндө окуучулар китеп менен болгону 30% гана жабдылганы айтылууда.
“Азаттык” радиосунун “Данисте” телекөрсөтүүсү эс алуудан кийин кайрадан эфирге чыга баштады. Программаны мурдагыдай эле ар шейшемби сайын саат 21:30да ЭлТР каналынан көрө аласыз. Бул чыгарылышта: Көчмөндөр оюну тууралуу чет элдиктердин пикири, Балыкчы-Корумду канжолундагы топуракка көмүлгөн үйлөр, Ү
Дагы жүктөңүз