"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Кыргызстан эгемендиктин 25 жылында эмнеге жетишти жана эмнелерди жоготту? “Азаттык” ушул суроо менен шаар тургундарына кайрылды. Чейрек кылым убакыт ичинде сүйүнткөн жана күйүнткөн иштер боюнча пикирлер бир кылка эмес.
Эгемендиктин 25 жылдыгына карата Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында аскердик парад болду. Жүрүштөн 1,5 миңден ашуун жоокер, ошондой эле аскердик техникалар өттү. Мындан тышкары авиация да көрсөтүлдү. Бүгүнкү майрамдык салтанатты президент Алмазбек Атамбаев ачты.
Кыргызстан менен Казакстандын курамаларынын жолдоштук беттешинде кыргыз футболчулары атаандаштарын 2:0 эсебинде утту. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.
Москвада басмаканадан чыккан өрттө каза болгон 14 кыз-келиндин сөөгү Кыргызстанга алып келинди. Москвадагы өрттөн каза болгондордун сөөгүн алып келген учакты "Манас" аэропортунан Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов баштаган журналисттер,
Опера ырчысы Жеңишбек Ысманов жети жылдан бери Италиянын театрларында классикалык чыгармаларды аткарып келет. Ал 2000-жылы орто мектепти аяктап, Бишкектеги улуттук филармониянын эки жылдык студиясынан окуган. Улуттук опера жана балет театрында ырчы болуп иштеп жургөндө Санкт-Петербург шаарындагы кар
Аликбек Жекшенкулов Үңкүр-Тоо тууралуу
Көчмөндөр оюну, КМШ мамлекет башчыларынын саммити өңдүү эл аралык иш-чараларга камылгалардын катарында Бишкек шаар бийлиги борбордук көчөлөрдүн ортосун жана четин бойлото тосмолорду орнотуп жатат. Муну мэрия баш калаадагы башаламан кыймылды жөнгө салуунун алгачкы кадамдары деп түшүндүрүп жатат. Мы
Бүгүн Олимп оюндарында мелдештерин жыйынтыктап, кайтып келген кыргызстандык спортчулар Отар Бестаевди, Юрий Краковецкийди, Дарья Маслованы, Мария Коробицкаяны жана Виктория Полюдинаны "Манас" аэропортунан күйөрмандары тосуп алышты.
11-августта Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын утурлай «Жаштар дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын колдойт» аттуу флешмоб өттү. Демилгечи топ эски аянтта уюштурган флешмобго 200 адам катышты.
Бүгүн таң эрте Бишкектеги «Манас» эл аралык аэропортунда кыргызстандыктар Рио-де-Жанейродо өтүп жаткан Олимп оюндарына катышып кайткан спортчуларды салтанат менен тосуп алышты. Алардын арасында аэропорттун кызматкерлери коло медал менен мекенине кайткан оор атлетчи Иззат Артыковго, анын машыктыруучу
Бишкек шаарынын “Достук” кичи районундагы алакандай жер анда үй салып жашап жаткан тургундар менен “Айылчы курулуш” ишканасынын ортосундагы талашка айланды. Бүгүн ал жерге салынган үйлөрдү сүрдүрүүгө келген тиешелүү кызматтарга жергиликтүү тургундар мүмкүнчүлүк берген жок.
Гүлдөрдүн падышасы болгон розаны үй шартында өстүрүп, пайда тапса болот экен. Аны Ысык-Ата районуна караштуу Эпкин айылында жашаган Жердевдердин үй бүлөсү ишке ашырып отурат. Алар мындан 15 жыл мурун 25 гектар жерди 49 жылга ижарага алган. Анын үч гектарына жалаң роза тигип, түшүмдү учурда Орусия жа
Эс алуучулар Ысык-Көлгө агылып жаткан маалда Боом капчыгайындагы таштардын беймаал кулашы, сел каптоолор жүргүнчүлөрдү чочулатууда. 30-июлда аскадан кулаган таш бир адамдын өмүрүн алып, кооптонуулар күчөдү. Айрым эксперттер кырсыктардын себебин жол курулушундагы кемчиликтерге байланыштырууда.
Кыргызстандагы жүзгө чукул диний билим берүү мекемелеринде диний окутуунун бирдиктүү стандарттары, окуу программалары жок. Мындан улам дин иштери боюнча комиссия дин жаатындагы жогорку окуу жайлар жана медреселердин ишмердүүлүгүн иретке келтирүү үчүн атайын концепция иштеп чыкты. Бирдиктүү програ
“Данистенин” бул жолку чыгаралышында Таластагы Кең-Кол өрөөнүндөгү тарыхый мүрзөлөрдүн уурдалып, талкаланып жатышы, Жалал-Абадда чек арадагы какыраган талаада пайда болгон гүлбакча, Баткендеги 55 жыл бир велосипедди тепкен аксакал, 80 жаштагы сүрөтчү апа, Италиядагы бийчи кыздар тууралуу видео ба
Бишкектеги ботаникалык бак жол тыгынын азайтуу максатында кыскартылат. Шаардык мэрия жолдун курулушу боюнча Саламаттыкты сактоо, Экотехинспекция, Илимдер академиясы менен чогуу кеңешип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Ботаникалык бактын жетекчилиги жолдун курулушу андагы сейрек кездешүүчү бактардын кыйыл
Кадамжайда милиционерлер катуу токмоктоду деген адам ооруканага түштү. 25 жылда Кыргызстандан 100 миңден ашуун немистер көчүп кетишкен. Баткендеги тоос кушту балдарындай көргөн ышкыбоз. Туркиядагы Улуу Памир айылын байырлаган кыргыздар таржымалы. Ушул баяндар “Данистенин” назарында.
XXXI Олимп оюндарында Кыргызстандан катыша турган грек-рим күрөшү боюнча балбан Руслан Царевдин лицензиялык дүйнөлүк мелдештеги беттештеринин айрым бир орчундуу учурлары менен тааныштырабыз. Царев ушул жылдын май айында Түркиянын Стамбул шаарында өткөн дүйнөлүк лицензиялык мелдеште күмүш байге алып
Бишкекте бир катар саясий партиялар, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү, жарандык активисттер Мамлекеттик каттоо кызматынын алдында нааразылык акциясын өткөрүштү. Алар паспорттон "улут" деген графаны алып салуу демилгесине каршы пикирин билдирип чыгышкан.
Кээде адамдар майыптыгына карабай жаратмандыкка умтулуп жашайт. Мына ушундай идиректүү өспүрүмдөрдүн бири - токмоктук 12 жаштагы Тилек Курманалиев. Тилек алты жашынан баспай калган.
Дагы жүктөңүз