Бишкектеги “Ак-кула” ат майданында Нооруз майрамына арналган көкбөрү оюндары өттү. Күйөрмандардын негизги көңүлү көкбөрү оюндарынын финалына бөлүндү. Финалда “Ынтымак” жана “Достук” командалары ойношту.
17-мартта Бишкекте КСДП Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү митингин өткөрдү. Митингде экс-президент Алмазбек Атамбаев азыркы бийликти үй-бүлөлүк башкаруу жолуна түштү деп айыптады.
Саясатчы Равшан Жээнбеков Бишкекте Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасына катышып, Кыргызстанга күчтүү оппозиция керек экенин айтты.
Бишкектеги үч мектептин окуучулары атайын кутуча ачып, аны өзүнүн оюнчуктары менен толтуруп жатат. Ал кутучалар Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборуна, Улуттук онкология жана гематология борборунда дарыланып жаткан балдарга жиберилет.
Бул жолку отурумда эки тараптын тең жактоочулары маалымат жетиштүү болбогонун себеп кылып, ала качуу беренеси боюнча соттолгон Акмат Сейитовду сотко чакырууну өтүнүштү. Келерки сот 22-мартка белгиленди.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) бардык диний уюмдардагы иш-кагаздарды жана жума баяндарын кыргыз тилинде жүргүзүү, зарыл учурда орусча кошуу тууралуу буйрук чыгарды.
Бишкекте 11-мартта соттордун XI курултайы болду. Жыйында президент Сооронбай Жээнбеков сот тармагына бюджеттен бөлүнгөн каражат жыл сайын өсүп жатканын белгиледи. Маселен, 2018-жылы 1 млрд. 555 млн. сом бөлүнсө, быйыл 2 млрд. 154 млн. сом бөлүндү. Ал ошондой эле сотторду ыйманга да чакырды.
44 жаштагы Махабат Надырбекова 11 жылдан бери Бишкек шаардык куткаруу кызматында фельдшер болуп эмгектенет. Жалаң эркектердин жамаатында иштеген Махабат куткаруу кызматындагы аялдын ролу тууралуу айтып берди.
Аял бактылуу болушу үчүн ага эмне керек? "Азаттыктын" кабарчылары ушул суроолор менен микрофон сунду.
«Аялдар айылдык кеңештерде 30% кем болбосун» аттуу форумда экс-президент Роза Отунбаева башкаруу органдарында эркектер басымдуу экенин айтты.
Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) Иса Өмүркуловдун съезд өткөрүү тууралуу билдирүүсүн сынга алды.
Бишкектин Орто-Сай базарынын соодагерлери жер салыгынын көтөрүлүшүнө нааразы. Алардын айтымында, акыркы төрт жылда салыктын өлчөмү эки эсе көтөрүлгөнү менен базардын шарты оңолгон эмес. Кардарлар жоктугун айткан соодагерлер Жогорку Кеңештин депутаттарына жардам сурап кайрылышты. Базар ээлери мындай
Кара-Суу районунун тургундары айыл өкмөт башчынын үстүнөн Орусиянын президенти Владимир Путинге даттанарын билдиришти. Мындан улам "Азаттыктын" кабарчысы бишкектиктердин арасында сурамжылоо жүргүздү.
«Шоро» компаниясын түптөгөндөрдүн бири, ишкер Жумадил Эгембердиев аймактарды өнүктүрүү жергиликтүү жетекчилерден көз каранды экенин, бирок алар эски көз караштан арыла албай жатканын ачык сындады.
Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүүгө багытталган форумда жер-жерлерде ишкерликке мурда-кийин бут тосуп келаткан маселелерди бирден санап өттү.
Турсунали Рустамов 1990-жылы, Тажикстандын Худжанд облусунун Пролетарский районунда туулган. 1993-жылы ата-энеси менен Кара-Балта шаарына көчүп келишкен. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. Учурда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жарым коргоочусу.
Бишкектеги “Оргтехстрой” курулуш компаниясынын Лев Толстой көчөсүндөгү курулган турак жайдан батир алгандар имараттын толук бүтпөй жатканына нааразы. Имаратка газ кире элек. Лифт, автоунаа токтотуучу жай жок. Компания бул үйдүн жашоочуларынын көйгөйү жакынкы күндөрү чечилет деп убада берип келет.
“Коопсуз шаар” долбоору 12-февралда иштей баштайт.
Бишкекте өтүкчүлөрдүн түйшүгү, жашоосу кандай? Биздин каарманыбыз Рустам Жоробаев жыйырма жылдан бери Ош базарында бут кийим оңдоп, үй-бүлөсүн багып келет. Ал бул жерге 1998-жылы келгенде өтүкчүлөрдүн саны азыркыдай көп болбогонун эскерет.
Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында эл аралык этно-маданий мурастар фестивалы өттү.
Дагы жүктөңүз