Акыркы күндөрү Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы мамиле өлкөнүн күн тартибинин башкы сабына чыкты. “Азаттыктын” талкуусу кыргыз-орус мамилесинин учурдагы абалына, анын көйгөйлөрү менен мүмкүнчүлүктөрүнө арналды.
4-февралда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Сапардын башкы максаты мартта болчу орус президенти Владимир Путиндин Бишкекке мамлекеттик сапарына даярдык көрүү деп айтылды.
18 жаштагы Алина Эркулова битбокс менен үч жылдан бери машыгат. Бул өнөр жаштар арасында популярдуу болгону менен ага кызыккан кыздар аз. Келечекте бизнес чөйрөсүндө иштегиси келген Алина "бул өнөр кыздардыкы эмес" деген стереотиптерди сындырыгысы келет.
Кыргызстанда кен иштетүүгө берилген лицензиялар алып-сатуунун кыныгын алган шылуундардын ири бизнесине айланды. Бул тууралуу Бишкекте 30-январда Коопсуздук кеңешинин тоо-кен өнөр жайына арналган жыйынында айтылды.
Бишкек шаарынын тургуну Алексей Веденев 20 жылдан бери тамак-аш калдыктарын кайра иштетүү менен алектенет. Анын ишканасы биогаз технологиясын жасайт.
Марафончу Нуршат Абабакиров “Максаттуу чуркоо” акциясынын алдында көзү азиздерге чуркоо менен таякча алууга каражат топтогусу келет.
Ушул тапта өлкө боюнча эки жүз миңден ашык баланын ата-энеси Орусияга жумуш издеп кеткени айтылып келет. Адатта мигрант балдарын кароо түйшүгү чоң эне, чоң атага же таене менен таятасына жүктөлөт. 60 жаштагы Запар Кайназарова да 12 жаштагы жээн небересин багат. Секелектин апасы алыста.
Акыркы эки-үч айда эле ата-энеси ажырашып же эмгек миграциясына кетип, жакындарынын колунда калган үч наристе таяк жеп, чарчап калышты. «Шымын булгап койгону үчүн» токмок жеген наристелер, кароосуз калган мигранттардын балдары, ымыркайлардын өлүмүнө ким жооптуу? “Азаттык” бул жолу мигранттардын бал
Чүйдүн Аламүдүн райондук соту Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине карата ишти карады.
34 жаштагы Нишана Жээналиева тубаса майып, эки колунда жана буттарында бирден гана манжасы бар. Ошого карабай алты саны аман башка адамдардай эле иштеп, бала тарбиялап, кино тартып келет. Ушул тапта Нишана таэквондо менен машыгып, 2020-жылы Жапонияда өтө турган паралимпиадага спорттун бул түрү боюнч
25 жаштагы Игорь Беляев "Жетим балдардын укугун коргоо" борборун жетектейт.
Бүгүн элдин коопсуздугу, тазалыгы, ден соолугу жана башка кызмат көрсөтүү милдетин алган тармак өкүлдөрү кадимкидей иш үстүндө. "Азаттыктын" кабарчылары алардын майрам алдындагы маанайын билүү үчүн иш үстүндө кабар алды.
Бишкектеги бала бакчалардын көпчүлүгүндө майрамдык кечеде Аяз атанын ролу аял кишиге жүктөлгөн. Аяз ата, Аяз кыз жана башка жомоктун каармандары да бакчада иштеген тарбиячылар. Бакчанын кызматкерлери атайын актерлорду чакыруу кымбатка түшкөнү үчүн ролду өздөрү аткарып келишет. Майрамдык кийим-кечеги
Кыргыз милициясы кылмышка шектүү адамдарды суракка алуунун жаңы ыкмасына өтө баштады. Бүгүн Бишкектин Свердлов райондук сотунда алгачкы ачык тергөө бөлмөсүнүн ачылышы болду.
Кыргыз парламентинин түзүлгөнүнүн 80 жылдыгына арналган конференцияда экс-президент Роза Отунбаева Жогорку Кеңеш Текебаевдин маселесине көңүл бурбай жатканын белгиледи.
Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Баш мыйзамын чукул өзгөртүүгө муктаждык жок экенин айтты. Ал бул тууралуу Жогорку Кеңештин 80 жылдыгына арналган конференция учурунда билдирди.
"Кыргыз чоролору" коомдук бирикмеси Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн чет элдиктерди отуз күн ичинде мамлекеттен чыгарууну бийликтен талап кылды. Кытайдын "тарбиялоочу лагерлериндеги" кыргыз улутундагы ар бир жарандын камакка алынуу себебин ачык айтууну өтүнгөн кат элчиликке тапшырылды.
Түркиялык Якуп Мингсар эки жыл мурун Бишкекте “Анадолу” спорт клубун ачкан. Клубда жаш курагы төрттөн 14 жашка чейинки балдар спорттун ар кыл түрү менен машыгат. Түрк жараны түптөгөн клубдун негизги максаты Кыргызстандын атынан дүйнө кубогуна катышчу чебер оюнчуларды даярдоо болуп саналат.
12-декабрь -Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Бул күнү залкар жазуучунун 90 жылдыгына арналган салтанат Улуттук филармонияда өттү. Иш-чарага өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков, өкмөт башчы Мухамбеткалый Абылказиев баштаган расмий өкүлдөр, жазуучунун замандаштары, калемдештери, жакындары катышты.
Бишкектин Свердлов райондук соту Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү үчүн айыпталган Марс Бөдөшев менен анын досу Акмат Сейитовду күнөөлүү деп тапты. Сот Бөдөшевди 20 жылга, Акмат Сейитовду жети жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Соттун бул чечимине эки тарап тең макул эмес.
Дагы жүктөңүз