Алыкул Осмоновдун оор тагдырынын, өмүрүн кыскарткан айыккыс илдетинин, ал жашаган замандын таржымалы улам жаңы кырынан ачылып, акынды терең таанууга жол ачып келет.
Жакында чыгаан акын, жазуучу, котормочу, сынчы, публицист Салижан Жигитовдун эки китеби – поэзия жана проза жыйнактары жарык көрдү. Белгилүү адабиятчынын чыгармаларынын өзгөчөлүгү, китептерин басып чыгаруунун таржымалы тууралуу анын шакирти, акын, жазуучу Нуралы Капаров кеп салып берди.
Ушул жылдын ноябрь айында Кыргызстан жазуучулар бирикмесинин түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы белгиленет.
Айгүл Узакова - махабатты даңазалаган күчтүү ырлары менен сексенинчи жылдары кыргыз поэзиясына кайталангыс из калтырган акын.
Кыргыз эл артисти Намазбек Уралиев Карамолдо Орозов баштаган залкар комузчулардын жолун улап келаткан учурдун белгилүү комузчусу жана комуз устасы.
Бүгүн биз окуялуу романдары аркылуу 90-жылдары окурмандардын кеңири чөйрөсүнө таанылган жазуучу Мелис Макенбаев тууралуу кеп кылабыз. Совет мезгилиндеги жабылуу темалардын бири - абак турмушун, селсаяк жашоосун, кылмыш дүйнөсүн чагылдырган романчы Мелис Макенбаев ким болгон?
Манас таануучу, Филология илимдеринин кандидаты Айнек Жайнакова - өмүрүн «Манасты» изилдөөгө арнаган окумуштуулардын бири.
Өрүкзарлуу Лейлек жергесине арнаган ширин ырлары менен 60-70-жылдары аты чыккан Курбанаалы Сабыров - өзгөчө таланты даңазаланып, табышмактуу өлүмү өкүт калтырган акындардын бири.
Сталиндик заманда 40 миңден ашык кыргызстандык репрессияланып, алардын 4000ден ашыгы өлүмгө кеткени тууралуу маалымат бар. Атылып кеткен маркумдардын Чоң-Ташта көмүлгөн 137синин сөөгүн 1990-жылы таап берип, тарыхка кирген легендарлуу Бүбүйра Кыдыралиева 96 жашында дүйнөдөн өттү.
Улуу Үркүн деген ат менен тарыхта калган 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүшүнө быйыл 108 жыл болду.
Акын, публицист, котормочу Алым Токтомушев таланты, окумалдыгы, билермандыгы, бийик сабаты менен кыргыз адабиятына жана журналистикага өрнөктүү эмгектерин калтырып кетти.
Кыргыз эл артисти Амантай Кутманалиев - учурда төкмө өнөрүнүн төрүндөгү акындардын бири.
Жашоодо адамдын тагдыры дайыма эле сыдыргыга салгандай тегиз болбойт экен. Акындын тагдыры андан бетер. Бүгүн биз ошондой тагдыры татаал, мүшкүлдүү өмүр кечирген таланттуу акындардын бири Алмаш Чойбекованы эскеребиз. Алмаш деген ысым менен таанылган Алматай Чойбекова 1947-жылы 8-августта төрөлгөн.
Даңазалуу «Абай жолу» романынын автору Мухтар Ауэзовдун татыктуу уулу, белгилүү коомдук ишмер, маданият таануучу, ойчул Мурат Ауэзов 82 жашында дүйнө салды. ТүркСОЙ уюмунун баш катчысы, Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев Мурат Ауэзовду эскерди.
Кыргыз поэзиясынын залкары, 35 жашында дүйнөдөн мезгилсиз өткөн акын Алыкул Осмоновдун Бишкек шаарынын Сокулук көчөсүндөгү 10-номердеги үйү жаңылоого муктаж. Алыкултаануучу Памирбек Казыбаев акындын үйүн заманбап маданий жайга айландыруу аракеттери, шаар бийлигинин убадасы тууралуу айтып берди.
Кыргыз адабиятына сексенинчи жылдардын этегинде келип, поэзияга өзүнүн кайталангыс чыйырын салып кеткен таланттуу акын Жолдошбек Зарлыкбековду эскеребиз. Өзгөчө тагдыры бар акын 2016-жылы 10-майда оорудан улам 57 жашында көз жумган.
Чыгаан дипломат, ойчул, мурдагы мамлекеттик катчы, коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаковдун көзү тирүү болгондо быйыл 87ге чыкмак. Замандаштары Абдразаковду даанышмандардын катарында баалап, анын өрнөктүү өмүрүн, акыл ойлорун кийинки муун билиши керек деп санайт.
Нуралы Капаров - кыргыз адабиятына сексенинчи жылдары келген таланттуу калемгерлердин бири. Бүгүн ал "Тамызгы", "Көңүл ыргагы", "Досума кат", "Адашкандар" өңдүү китептерине кирген поэтикалык, прозалык жана публицистикалык мыкты чыгармалары менен белгилүү.
“Азаттыктын” сыябан-маегинин кезектеги коногу - белгилүү акын, жазуучу, журналист Нуралы Капаров. Калемгер жазуучулук өнөрдүн түйшүгү, барк-баасы, талант жана тагдыр, устаттык, шакирттик ымаланын барк-баасы тууралуу маек курду.
Бүгүнкү маектештерибиз - композиторлук, аткаруучулук, комузчулук, өнөрлөрү,педагогдук ишмердиги менен таанымал Кыргыз Эл артисттери, 50 жыл бирге түтүн булатып келаткан жубайлар Атайбек Бөдөшев менен Каныкей Эралиева.
Дагы жүктөңүз