"Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.
Баткендин миңден ашык калк жашаган Зарташ айылы чоң дарыянын жээгинде жайгашканы менен эл жогорку айылдарды, эгин талааларын аралап келген арыктагы агын сууну ичип келет. Баткен облусунда Зарташ айылындай болуп ичүүчү суу менен камсыздалбаган 80ден ашык айыл бар.
Өткөн жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда талкаланган Баткендин Капчыгай айылын жол, ичүүчү жана сугат суу менен камсыздоо иштери аяктап калды. Жашоочулар дээрлик баары үйлөрүнө кайтып, жашоо өз нугуна түшкөнү менен коопсуздук жана кенемте маселеси чечилсе деп турушат.
Баткендиктердин негизги кирешеси болгон өрүктү органикалык жол менен кургатып, данегинен момпосуй, май, косметикалык каражаттар өндүрүлө баштады. «Алыш Дан» органикалык айыл чарба кооперативи жаңы сыноолорду жүргүзүп, өзгөчө азыктарды дүйнөлүк базарга чыгууну көздөйт.
Ош-Баткен кан жолунун жээгиндеги мөмө-жемиш базары кызып турган маалы. Кокон гилас бышканда жанданган базар кеч күздө - курманын түшүмүн саткандан кийин жабылат. Үч-Коргон айыл аймагына 5 миң тоннадай мөмө-жемиш четке экспорттолсо, калганы ушул базарда сатылат.
Кадамжайда «Алгакадам» долбоор алкагында эл өзү демилге көтөрүп, каражат топтоп, 25 чакырым тоо бооруна канал курууга киришти. Анын ичинде 6 чакырым туннел казып, 4 миң гектар жаңы жер өздөштүрүлүп, шаар аймагы кеңейет.
Баткендиктердин негизги кирешеси болгон өрүктүн түшүмү жылдагыдан кыйла жакшы. Өрүктүн 20 дан ашык сорту өстүрүлгөн аймакта "сары кыздын тою" башталып, эл өрүк терүүгө жапырт киришти. Эрте бышкан "ак өрүк" сорту экспортко чыгарыла баштаганы менен баа өткөн жылга салыштырмалуу 6-7 эсе арзан.
Баткенде миң гектардан ашуун жерди өздөштүрүү үчүн Каракол каналы курулуп жатат. Муну менен тамчылатып сугаруу ыкмасы аркылуу миң гектардан ашык аянтка бак отургузулат. Долбоорду ишке ашырууга Эл аралык каржылык уюм жана казынадан да каражат бөлүнгөн.
Өткөн жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Баткендин Капчыгай жана Достук айылдары дээрлик толугу менен талкаланган. Эки айылды генералдык планга ылайык кайрадан түптөп куруу чечими кабыл алынган.
Баткен районунун чек арадагы Кара-Бак айыл аймагында 66 гектар жерге бак тигилди. Андан түшкөн пайда социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилет.
Он жыл мурда Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы Баткен районунун Чарбак айылында чыр чыккан. Анда отуздан ашуун адам барымтага алынып ызы-чуу болгон. Ошол күндөн бери айылга Өзбекстандан келген суу да, жол да жабылып, суу жана жол айланып жеткирилгени менен толук камсыздай албай турат.
Мындан туура эки жыл мурун кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш чыгып, андан 36 кыргызстандык курман болгон. 170тен ашык тургун жараат алган. Тажикстан 19 жараны мерт болгонун кабарлаган. Үч күнгө созулган куралдуу жаңжал 1-майда жөнгө салынган эле.
Кадамжай районунун Пум айылында мындан 10 жыл мурда XVI, XVII кылымдарга таандык делген китептер, жазуулар табылган. Бирок алар адистер тарабынан иликтенбей эле элдин колунда калган. Алардын арасында 1830-жылдарда ажылык сапарга барган молдонун ырастамасы,
Баткендин Кыштут айылынын жаштары бир миллион сомдой каражат жыйнап, айыл үчүн маанилүү болгон көпүрөнүн курулушун баштады. Жаңы көпүрө курулса, облус борборуна жол 10 чакырымдай кыскарат. Демилгечилер мамлекеттик казынадан каражат сурабай эле башталган жумуш күзгө калбай бүтөт деп ишенип турушат.
Баткендин чек арадагы Капчыгай айылында 2022-жылдын сентябрындагы чек ара жаңжалында өрттөлүп, тонолгон 77 үй кайра курулуп ээлерине толук тапшырыла элек. Айылдыктар жазгы талаа иштери башталарда курулуш тезирээк аяктаса экен деп тилеп отурушат.
Лейлектин мурдакы Маргун азыркы Мурас айылында койдун бир тал жүнү жөн калбайт. Ал эле эмес жүндү Бишкектен, Алайдан бери сатып алышат. Анткени бул айылда дээрлик ар бир үйдө койдун жүнүнөн килем токуу өнөрү колго алынып, жумушсуз келин-кыздар килемчиликтен киреше таап турат.
Баткенде чек арага жакын айылда бош жаткан 100 гектар талаага бадам көчөттөрү отургузулуп, бакка айлантуу демилгеси башталды. Бул долбоор аркылуу тигилген бак үч жылдан кийин элге берилип, түшүм алып баштайт деп пландалууда.
Дагы жүктөңүз