"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти.
Чаткалда кар көчкүдөн жабылган жол бүгүн-эртең ачылып калат деп билдирди Өзгөчө кырдалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов.
Кыргызстандагы экологиялык маданият тууралуу эколог-окумуштуу Кайрат Молдошев маек курду.
Жер жүзүндө ар бир он секунд сайын тамеки тарткан бир киши өпкө рагынан каза табат. Бул зыяндуу адаттан арылуунун кандай амалын жасап көрдүңүз? Чылымдын ден соолугуңузга келтирген зыянын билесизби?
17-ноябрда кыргыз киносунун 70 жылдыгы белгиленди. “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу бүгүнкү кыргыз кино тармагынын күңгөй-тескейине арналды.
Кыргызстанда кыздардын чет өлкөлүк жарандардарга турмушка чыгуусуна тыюу салуу демилгеси көтөрүлүүдө.
Кыргызстанда ыктыярдуу элдик кошуундар жөнүндө мыйзам долбоору коомчулуктун талкуусуна коюлууда. Ага ылайык, элдик кошуундардын ыйгарым укуктары тартип коргоо органынын кызматкерлеринен жогору каралган.
Кыргызстанда бөбөктөрдүн 20% гана бала бакчага баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бала бакчаларда окуу-методикалык китептер жетишпейт. Өлкөдө мектепке чейинки билим берүү системасы начар болгондуктан жеткинчектер мектепке тамга тааныбай келерин адистер белгилешүүдө.
Ноябрь айынын экинчи аптасы дүйнөлүк Сапат күнү катары белгиленип келатат. “Азаттыктын” "Арай көз чарай" талкуусу сапат маселесине арналды.
Кыргызстанда 8 айдын ичинде 900гө чукул митинг өтүп, анын жарымынан көбү Бишкекте болгон.
Эл аралык Equality Now укук коргоо уюму кыз ала качуу көрүнүшүнө бөгөт коюу чакырыгын кыргыз бийлигине жолдоду. "Арай көз чарай" талкуусу кыз ала качууга арналды.
7-ноябрда журналисттердин кесиптик күнү белгиленди. “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусунун кезектеги чыгарылышы азыркы журналистиканын күнгөйү менен тескейине арналды.
Бүгүн Казакстандын Алматы шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйыны өтүүдө. Буга байланыштуу президенттик аппараттын анализдөө бөлүмүнүн башчысы, саясат таануучу Орозбек Молдалиев “Азаттыкка” маек курду.
Ош шаарынын четиндеги “Жаштык” жайкы лагеринде былтыркы июнь окуясынан жабыркады делген 20 чакты үй-бүлө жашап жатат.
"Достук" чек ара бекетинин ачылышы президенттик шайлоо алдындагы саясий акция эмес дейт Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Анвар Мокеев.
Жалалабаддык серепчи Жалил Сапаров "Азаттыкка" курган маегинде митинг, нааразылык акциялар өтүп жаткан чакта бийлик кеменгерликти көрсөтүш керек деп эсептейт.
Эне-бала ден соолугу боюнча Балдарды жана энелерди коргоо боюнча улуттук борбордун директору, профессор Камчыбек Узакбаев "Азаттыкка" маек курду.
Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева банктардан насыя алып, июнь окуясынан кийин аны төлөй албай калган ишкерлердин абалы оор экенин айтып чыкты.
Президенттик шайлоонун жыйынтыктары туурасында Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Азаттыкка" кеп курду.
“Узак мөөнөттүү байкоочу” долбоорунун координатору Медер Талканчиев шайлоо жыйынтыктары тууралуу суроолорго жооп берди.
БШКнын автоматташтырылган шайлоо системасына түшкөн маалыматка ылайык, саат 15:00гө карата шайлоочулардын 36,41%, же 1 104 228 адам добуш берген.
Дагы жүктөңүз