Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Казинолордун тагдыры арсар


Казино ээлери бюджетке кирешени эселеп көбөйтүүнү сунуштап жатышат. Азыр аларды жаппастан, алыскы аймактарга көчүрүү сунуштары айтылууда.

"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: коомдук ишмер Кемелбек Ашыралиев жана Оюн бизнеси ассоциациясынын өкүлү, эксперт Данияр Жолдошев.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев: Моралдык жактан алганда депутаттар туура эле чечим кабыл алды. Бирок кумарканаларды такыр жаап салганга мен макул эмесмин. Өкмөт башчы Тамчы айылынын тегерегине оюн зонасын түзүп беребиз деп ачык айтты. Ал жерге чет мамлекеттен келгендер гана кире алат, алар ойной берсин. Ал эми казиночулар "уруксат берсеңер былтыркыдай жарым миллиард эмес, бир миллиарддын тегерегинде салык төлөп беребиз" деп атышат. Бул бизге керек эмеспи? Керек да. Парламент башында эмоциялык чечими кабыл алды, ал түшүнүктүү. Бирок биз суу менен кошуп баланы да ыргытып жатыбыз.
Келечекте кыргыз элине кызмат кыла турган, иштей турган, Кыргызстанды көтөрө турган жаштар казиного барып, ошондон ооруп, чыга албай калып жатышат.

“Азаттык”: Казинолорду жабуу мыйзамы айрым бир башка мыйзамдарга каршы келерин өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов да мурда белгилегени бар. Казино ээлери бюджетке кирешени эселеп көбөйтүүнү сунуштап жатышкан экен. Ал эми Тамчыга көчүрүүгө макулбу?

Данияр Жолдошев: Жоомарт мырза жакшы айтты. Азыр чындыгында Кыргызстанда экономикалык абал начар. Ошондуктан казино ээлери салыкты 1 миллиардга чейин көтөргөнгө күчү жете турганын билдиришкен.

Бул маселе мурда деле көтөрүлүп кеткен. Буга чейин да кумарканалардын салыгын көбөйткөндө көптөрү ошол сумманы төлөй албай өздөрү эле жабылып калган. Ошондо аз жана сапаттуу казинолор калган.

Азыр деле өкмөт өкүлдөрү ишкерлер менен отуруп сүйлөшсө, бул маселе чечилет деп ойлойм. Казино – бул бизнес. Биздин ассоциация мыйзам чегинде иштеп атат. Биз тараптан сунуштар өкмөткө берилди. Биз мыйзам түрүндө сүйлөшкөнгө даярбыз.

Кемелбек Ашыралиев: Парламент абдан туура чечим кабыл алган. Келечекте кыргыз элине кызмат кыла турган, иштей турган, Кыргызстанды көтөрө турган жаштар казиного барып, ошондон ооруп, чыга албай калып жатышат. Алар турмуш-жолунан, үй-бүлөсүнөн адашып, бизнесин таштап, керек болсо аракка, баңгичиликке да берилип атат.

Эгер Кыргызстандын келечегин ойлой турган болсок казинолорду эчак эле жабышыбыз керек болчу. Бул абдан кирешелүү тармак. Ошондуктан аракет кылып атышат, эртең 2 миллиард бер десе деле макул болот. Мыйзам боюнча жабылдыбы - жабылган бойдон калыш керек. Ага кайрылып да кереги жок. Акча көп болуп атса Казакстанга, Орусияга барып ойносун.

XS
SM
MD
LG