"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
Узак кышы менен таанылган Нарын өрөөнүндө 1-2 конок үйүн эске албаганда хостел бизнеси жакшы өнүгө элек. Бирок эс алуучу жайларда кызмат көрсөтүүчү үйлөр пайда боло баштады. Мисалы, Нарын районунун Алыш айылынын тургуну Нурбек Исраилов өз айылынын четиндеги дөңсөөгө эс алуучулар үчүн боз үй тикти.
Мектепке чейинки жети чакырымдык жол. Кышкы чилдеде жөө жалаңдап, суукка тоңуп, "билим алып калсам экен" деп умтулган окуучулар. Бул - Нарын районундагы Дөбөлү айылынын четиндеги Ак-Там кыштоосундагы кырктай окуучунун күнүгө тарткан түйшүгү.
Кыргызстандын экосистемасы мурда болуп көрбөгөндөй жабыркап, өсүмдүктөр менен жан-жаныбарлар азайып баратканы белгилүү. Илимге таянсак, мекенибизде дүйнөдө табылган биологиялык түрдүүлүктүн бир пайызга чукулу учурайт.
Нарын районунун Тегерек-Кырчын кыштоосундагы малчылардын абалы, жашоо-тиричилиги оңой эмес. Убагында дүкөнү, мектеби, медициналык пункту бар айыл азыр кыштоого айланып, үркөрдөй гана эл жашайт. Алар буюм-тайымды кой, күнүмдүккө керектүү тамак-ашты бир нече чакырым басып алып келишет.
Ушул тапта Нарында кыш чилдеси күчүндө. Бирок сууктан коркпой, шаркыратманын муздак суусуна жуугандар да бар. Алар муну ден соолукка пайдалуу, сергек жашоо образы катары билишет.
Нарын районунун Жалгыз-Терек айылында жашаган миңден ашык киши мал-жаны менен кошо бир түтүктөн суу ичет. Ал дагы күнүнө болгону төрт гана саат чыгат. Бул аралыкта алар малын сугарып, үйүнө да ташыганга жетишип калышы керек.
Кочкор районунун Туз айылындагы окуучулар ушу тапта ФАПтын эски имаратында, айылдын клубунда жана спорт залда окуп жатышат. Анткени айылдагы мектептин имараты өткөн жылы жабылган. Буга ата-энелердин "имараттан чыккан уулу зат чыгат балдарыбыздын саламаттыгына зыян" деген дооматы себеп болгон. Ал эми
Нарын шаарында оор жүк ташуучу автоунаа турак үйдүн дубалын сүзүп, ичине чейин кирип кетти. Бул окуя кан жолдун жээгинде жайгашкан турак үйлөрдүн коопсуздугун жана камсыздандыруу маселесин көтөрдү. Кыш чилдеси күчүндө турганда үйүнүн жарымы кулап калган шаар тургуну ушул тапта кай жерге барып баш ка
МФРК компаниясына алдаткандардын соту жоопкер тараптын өтүнүчү менен 23-январга которулду.
Былтыр “Aзаттык” радиосу чагылдырып, коомчулукка алып чыккан атбашылык жалгыз бой ата Ишенбек Акматовдун жашоосу аз да болсо жакшырып калды. Элдин колдоосу менен бирин-эки мал күткөн. Эне мээриминен өксүп чоңоюп жаткан алты баласын багуу үчүн колдон келген аракетин кылып келет.
Нарын районунун Кара-Кужур аймагынан мыйзамсыз аңчылыкка чыккандар кармалды. Алардын жанынан алты тоо текенин эти табылган. Өкмөттүн токтомуна ылайык ар бир атылган тоо теке үчүн 100 миң сомдон айып төлөнөт.
Кант шаарында жол боюнда сөөгү табылган кызматкери, полковник Күнболот Касмалиевдин сөөгү бүгүн 12-январда Нарын шаарында жерге берилди. Жакындары милиция кызматкери киши колдуу болушу мүмкүн деп жоромолдоп жатышат.
2019-жылдын 10-январында болжол менен саат түнкү бир чамасында Кант шаарынан жол кырсыгы катталган. Анда белгисиз айдоочу 35-40 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден изин суутуп кеткен.
Нарын аймагында кыш ызгаары күчүндө. Бирок Нарын шаарындагы мындан жыйырма жыл мурда ачылган тоо лыжа спорту боюнча мектептин окуучулары кыш мезгилинде натыйжалуу машыгууга аракеттенишүүдө. Спортко ынтызар өспүрүмдөр өз күчү менен лыжа тебүүгө жол даярдап, бир топ убаракерчилик тартышат.
Нарын районунун Хутор Ак-Талаа айылына караштуу Тегерек-Кырчын кыштоосунда онго жакын үй-бүлө жашайт. Кар жааганда бул кыштоого барчу жол жабылып, беш чакырымдай жолду жөө басып өтүш керек. Жолу татаал, жашоосу катаал бул аймактагылар жаңы жылды кантип тосушат?
Нарын районунун Миң-Булак айылында үч жүздөн ашык киши Солтон-Сары жайлоосундагы алтын иштеткен кытайлык компанияга каршы чыгышты.
Нарын районунун Жан-Булак айылындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Элдияр Кубанычбек уулу жакында эле жаш киночулардын арасында өткөн республикалык “Карек” кинофестивалында мыкты оператор наамын жеңип алды. Элдияр бул фестивалга "Оюнчу" аттуу тасмасы менен катышкан. Жаш режиссердун тасмасынд
Жаңы жылга даярдык жана балатынын жасалгасы тууралуу "Азаттыктын" апта түрмөгүн сунуштайбыз.
9-декабрда Жумгал районундагы эки айылдын окуучулары мушташып, бири ошол жерден каза болду. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, 14 жаштагы эки окуучу камакка алынды.
Нарын районундагы Эмгек-Талаа айылынын тургундары Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилешти. Алар айылдын борбордук көчөсүнө Айтматовдун аллеясын уюштурган. Айылдагы эл залкар жазуучунун ар бир каарманынын образын бергенге аракет кылды.
Дагы жүктөңүз