"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
Кыргыз коомчулугу акчаны кантип табат жана аны кандай максаттарга жумшайт?
Нарында жаздын келиши менен кар астында катылып жаткан жолдун аң-дөңү ачыкка чыкты. Айылдар ортосундагы мындай жолдордун акыбалы кишинин зээнин кейиткен абалга кептелип, жүргүчүлөрдү жүдөтүүдө. Ал эми жергиликтүү бийлик иш акырындап жылып жатканын, жолдор кезек-кезеги менен оңдолорун убада кылууда.
Ат-Башынын Баш-Кайыңды айылынын тургуну Максат Ашырбаев кадимки сайдагы таштан конок үй салды. Эми ал чет өлкөлүк туристтерди таш үйгө тосууга даяр.
Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылынын тургуну Максат Аширбаевдин үйүндө колго үйрөтүлгөн жапайы тоо теке бар. Аширбаев аны тоодон улак кезинде таап алган.
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жана өкмөттүн Нарындагы өкүлү Аманбай Кайыпов башында турган топ, Ат-Башы районунун Ак-Сай кыштоосундагы малчылардын ал акыбалын сурап, гуманитардык жардам жеткирип барышты. Аталган кыштоого быйыл кар бир метрден ашык жаап 47 үй бүлөө бир айга чукул байла
Атайын топ Ак-Сайдагы малчылардан кабар алып, гуманитардык жардам жеткирип барды.
Нарында аутист балдарды коомго аралаштыруу кыйын. Анткени алар үчүн бул аймакта айтайын мектеп жок. Облустагы билим берүү тармагы да аутист балдарды окутууга атайын көңүл бурган эмес.
Кочкордогу мугалимдер айлык акы көбөйтүлбөсө иш таштарын эскертишти.
Нарындын Ак-Сай кыштоосундагы 147 түтүн менен байланыш болбой калды.
Нарын облусунун Кеңеш айылынын тургуну, сегиз баланын энеси Элмира Асекова документтери туура эмес болгондуктан Баатыр эне наамын ала албай жүрөт. Айылдагы жумушсуздуктун айынын өзү да, жолдошу да эч жерде иштебейт. Ал эми балдары үчүн мамлекеттен алган жөлөкпул тиричиликке өп-чап жетет.
Мал киндиктүү Нарында төрт түлүктү идентификациялоо өнөктүгү башталды. Өкмөттүн бул аракетине жергиликтүүлөр эми колдогу малды тышка экспортко чыгаруу үчүн шарт түзүлөт деп кубанып жатышат. Бирок көп каражат талап кылган бул долбоор аягына чейин ишке ашырылышы күмөн дегендер да четтен чыгат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, 12-марттын түнүндөгү катуу бороондон Ат-Башы районунун Ак-Муз жана Өзгөрүш айылдары жапа чегишти. Алты үйдүн алдын кар басып, сыртка чыгууга кыйын болууда. Айылдагы сегиз ички көчө да күрткүгө басылып турат. Кардын калыңдыгы жарым метрден 2,5 метрге чейин
Кыргызстандын аймактарында спорттун кайсы түрүнө көбүрөөк кызыгышат?
Кечээ, 10-мартта Нарын шаарынын xетинде жайгашкан бажы терминалдын жанына жүздөн ашуун айдоочу нааразылык акциясына чогулду. Бишкек-Торугарт автожолу аркылуу оор жүк ташыган айдоочулар Кытай өлкөсүнүн бажы көзөмөлүндөгү жаңы эрежелер аларды убарага салып жатканын айтышты. Бул маселени кыргыз өкмөт
Айдоочулар өкмөт Кытай менен сүйлөшүүгө барып, катаал эрежелерди жумшартууну суранышууда.
Алты жыл мурда кырсыкка кабылып, буту баспай калган Рахатбек Үсөнкожоевко кечээ президент Атамбаев төшүнө “Даңк” медалын такты. Үсөнкожоев майыптыгына карабай, кайыштан баштык, камчы, куржундардын түрүн жасап, интернет аркылуу сатып келе жатат. Ал тууралуу Азаттык жазып видеобаян менен көпчүлүккө т
6-мартта президент парламетти, депутаттарды жана "Ата Мекен" партиясын сынга алды.
Нарын районунун Хутор Ак-Талаа айылындагы жылкы заводу мамлекеттик ишкана деген аты гана болбосо, өкмөттөн эч кандай жардам албайт. Жылкы заводдун жумушчуларга бересеси да бар. Ишкананын жетекчилиги өкмөт жылкы заводду колдойт деген үмүттө болууда.
Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында маданият кызматкерлерине сыйлык тапшыруу иш-чарасында айтты. “Мисалы, 2-3 айдан бери Жогорку Кеңеште кайра-кайра депутаттык комиссия түзүлүп, ызы-чуу токтобойт. Ураган Боингде “Атамбаевдин алтын-каухарлары болгон”,
Дагы жүктөңүз