Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:34

Акыркы коңгуроо: атаандашкан классташтар


Иллюстрация
Иллюстрация

Классташтары менен көп жылдан кийинки жолугушууларга камдангандар кеминде 5 миң сомдон акча топтоп жатышат. Эл арасында шашылыш түрдө карызга машине алып даярданып аткандар да чыгат.

Классташтардын кечесине кымбат автоунааны ижарага алып же болбосо туугандарынын баалуу сөйкө-шакектерин сурап тагынып барууну көздөгөндөр да жок эмес. Коомчулукта мындай көрүнүштөр "эл көзүнө көрүнүү аракети" же "куру намыс" катары бааланганы менен мааракелик кездешүүлөргө мыкты даярдыкта баруу керек деген түшүнүк калыптанып калгандай.

Чыгымы тышкы карызга тете тойлор

Чыгымы тышкы карызга тете тойлор

Изилдөөчүлөрдүн баамында, Кыргызстанда бир жыл ичинде 500 миңден ашуун үй-бүлө чоң-кичи маараке өткөрөт. Ага жумшалган акча өлкөнүн тышкы карызына тете деген божомолдор бар.

Жалал-Абад облусунун тургуну Уланбектин орто мектепти аяктаганына туура он жыл болду. Анын айтымында, 25-майдагы жолугушууга жети миң сомдон акча чогултушкан. Бул каражатка мектепке, мугалимдерге белек-бечкек алып, сый-тамак беришет. Ошондой эле классташтары менен чогуу он жылдыкты белгилешип, эртеси тоого чыгып эс алууга кеткен чыгымдар кирет. Уланбек өзүнө окшоп айылда дыйканчылык кылган же мал баккан балдарга акча таап берүү кыйла оор экенин жашырбайт:

- Айылда өзүм да, келинчегим да иштебейбиз. Он жылдыкка деген акчаны элден калбаш үчүн эптеп бердик. Ата-энем таап берди.

"Машине ижарага алдым"

Коомчулукта классташтар менен кездешүүгө сөзсүз машине минип, "кычырап" баруу керек деген түшүнүк калыптанып калганын байкоого болот. Ушундан улам классташтардын көбү жолугушууларга кызуу даярданат.

Өмүрбек жакында эле 20 жылдык жолугушууга баруу максатында карызга автоунаа сатып алган. Эртең үй-бүлөсү менен айылга жөнөп жаткан экен:

- Биз окууну бүтүп жаткан кезде эле классташ балдар менен он жылдыкка "укмуш" болуп келебиз деп кыялданчубуз. Себеп дегенде, бизден он жыл мурун бүтүп келгендердин баары көзгө жакшы көрүнчү. Баарынын жашоосу ойдогудай, бутуна турган деп ойлочубуз. Бизге ошондой көрүнчү да. Бирок турмушта баары эле сен ойлогондой боло бербейт экен. Он жыл билинбей эле өтүп, он жылдыкка араң баргам. Классташ балдарымдын көбү жакшы келген. Алардын алдында сынып калгам. Намыстанып жок дегенде 20 жылдыкка бир машине минип бара албаймбы деп алдым.

Өмүрбек классташтарынын арасында кымбат баалуу машинелерди ижарага алып айдап барууну көздөгөндөр да бар экенин айтты:

- Азыр Бишкекте ижарага каалаган машинеңди берип калбадыбы. Балдардын айрымдары эки-үч күнгө "Жип", "Мерседес" ижарага алганы жатышат. Антпесе айылда "бул дале баягы бойдон экен, адам болбоптур" деген сөзгө каласың да.

Бишкектеги унаабазар.
Бишкектеги унаабазар.

Классташтар менен жолугушуулар Кыргызстандын ар кайсы аймактарында ар түрдүү белгиленет. Маселен, айрым жерлерде он жылдыкка барчулар 20 миң сомго чейин акча чогултуп жатканын айтышты. Бир катар тоолуу райондордо жолугушууларга ар бир бала бирден жандык берген учурлар көндүм адатка айланган.

Былтыр 20 жылдык жолугушуусу болгон Ат-Башы районунун тургуну Акылжан классташтары менен бир жума бою тоодо эс алганын, ондон ашык козу жана бир жылкы союлганын айтып берди:

- Баарын классташ балдар көтөрүштү. Ар кимиси бирден кой-козу чыгарышыптыр. Мектепке, мугалимге белек үчүн акча да топтошуптур. Ошентип кездешип кайтканбыз.

Нестандын даярдыгы

Азыркы кезде кыз-келиндерде деле жолугушууларга сөзсүз машине минип баруу керек деген түшүнүк пайда болгон өңдүү. Орусияда иштеп кайткан Нестандын быйылкы он жылдыкка автоунаа менен келүү ниети ишке ашпай калган. Анткен менен элден кем калбоо үчүн болгон аракетин көрүп, даярданып жатат:

- Мектепти бүткөндөн бери эле Орусияда иштеп жүрөм. Айылда Орусияда иштейт десе эле акча төгүлүп тургандай, күрөктөп таап аткандай көрүшөт эмеспи. Кайдан? Акыркы жылдары кризистен курсакты араң тойгузуп калбадыкпы. Эми он жылдыкка жакшылап баруу керек да. Элден калгым келбейт, колдон келишинче кийиндим, эжемдин алтындарын сурап тагынып барам буйруса.

Кыргызстанда 10 жылдык, 20 жылдык жолугушууларга эрте кам көрүп, бир жыл мурун атайын чет жактарга иштегени кеткендер да көп. Коомчулукта болсо мындай көрүнүштөрдү куру намыс деп баалагандар четтен табылат. Экономист Искендер Шаршеев жолугушуулар шартка жараша өткөрүлүүгө тийиш деген пикирде:

- Албетте, 10 жылдык, 20 жылдыктарды бүтүрүүчүлөр шартына жараша өткөрүшү керек. Шарты жок болсо, 50 жылдыкка кам көрүү туура. Былтыр мен өз апамды 50 жылдыкка алып бардым. Акчасын уул-кыздары жыйнап бердик. 10-20-30 жылдыкка караганда ушул 50 жылдыкты өткөргөн оң го деп ойлодум. Анткени, 50 жылдыкта чогулган классташтар, ата-энелерибиз, кандай бактылуу болгонун көрдүм. Он жылдык обужоктук экен деген ойдо калдым.

Искендер Шаршеев.
Искендер Шаршеев.

Ал эми журналист Эмилбек Момунов классташтар менен жолугушууларга көп чыгым жумшалып жатканын айтып, ошол эле кезде ал акчаны пайдалуу сарптагандар бар экенин белгиледи:

- Бул биздин Кыргызстанда эле орун алган көрүнүш. Менимче, мунун бизге кереги жок. Себеби, анын коомго да, өндүрүшкө да эч кандай пайдасы тийбейт. Арак саткан дүкөн, кафе-ресторандарга эле кетип жатат. Кечеде ичимдик көп ичилгендиктен ар кандай күтүлбөгөн кырсыктар болуп, адам өлүмү менен коштолгон учурлар да бар. Мындай көрүнүш чеги менен болсо. Анткен менен бүтүрүүчүлөрдүн жакшы нерселерди кылган учурлары көбөйүүдө. Аз болсо да бүтүрүүчүлөрдүн айылына жарык орноткон, көчөнү оңдоп, суу чыгарып берген көрүнүштөрү да орун алууда. Коомчулук ушул жагын колдоого алып, бүтүрүүчүлөр ушундай пайдалуу, соопчулук иштерге көңүл бурса жакшы болот эле.

Классташтардын кайрымдуулук демилгелери

Ошол эле кезде мектепти аяктагандарына 10, 20, 30 жыл болгондор өз айылдарына жол, көпүрө же жардамга муктажтарга үй салып берүүнү салтка айландырган көрүнүш да жайылууда.

Ала-Бука районундагы Өрүктү-Сай айылындагы орто мектепти он жыл мурда аяктаган классташтар айылдагы эски көпүрөнү оңдоп жатышат. Маданбек Ниязбеков көп көйгөйдөн көпүрөнү тандаган жайын мындайча түшүндүрдү:

- Бир жыл мурун эле айылга жакшы нерселерди салып берели деп сүйлөшкөнбүз. Анан үч-төрт демилгенин ичинен ушул көпүрөгө токтолдук.

Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебин 1997-жылы аяктаган классташтар быйылкы жолугушууну кайрымдуулук менен коштоп жатышат. Алар өздөрүнүн беш балалуу, саламаттыгы жайында эмес классташын үйлүү кылышты. Буга 200 миң сом каражат кеткен.

- Башында мектепке белек кылсакпы же ФАПка “Тез жардам” унаасын алып берсекпи дедик. Анан ары-бери тартышып, ушуга токтолдук. Классташыбыздын беш баласы бар, өзү майып, - деди классташтардын бири Максат Арыпжан уулу.

Акыркы коңгуроо жана ага даярдык, ашыкча чыгымдар тууралуу "Азаттыктын" апта түрмөгүн бул жерден угуңуз.

​Абдылдаева: Кечеге тыюу салуу бүтүрүүчүнү сактайт

Бүтүрүүчүлөрдүн Акыркы коңгуроо майрамына байланыштуу милиция жана мугалимдер 26-майдын таңына чейин коопсуздукка көз салат. Быйыл Кыргызстанда 9-классты 90 миң, 11-классты 60 миңден ашуун бүтүрүүчү аяктап жатат.

Коопсуздук жана көзөмөл тууралуу “Азаттыкка” Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Гүлшан Абдылдаева айтып берди.

"Азаттык": Бул күнү мектептерде салтанаттуу жыйындар өттү. Көңүл ачуучу жайларда отуруштар да болушу мүмкүн. Коопсуздук маселеси кандай көзөмөлдөнүп жатат? Министрлик эмнелерге тыюу салган?

Абдылдаева: 2017-жылдын 31-мартында №373 буйрук чыгарылган. Анын негизинде мектептерде салтанаттуу жыйындар гана өткөрүлөт. Ата-энелер, окуучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Оюн-зоок, кече уюштурууга тыюу салынган. Өспүрүмдөр кечкисин ата-энелердин көзөмөлүндө гана жүрө алат деген мыйзам бар. Ошондуктан милиция кызматкерлери менен рейддер жүрүп жатат. Патрулдук кызматкерлер да өлкө боюнча жол коопсуздугун көзөмөлдөшөт.

Андан тышкары мугалимдер 26-майда эртең мененки тогузда бизге балдардын коопсуздугу боюнча отчетторду беришет.

"Азаттык": Маалыматтар түшүп жатабы?

Абдылдаева: 25-майда саат 12де жыйындар тынч өттү деп кабарлашты. Билим берүү министрлиги тарабынан кафе-ресторандарга тыюу салынгандыктан жана эскертүүлөр берилгендиктен кооптуу жагдайлар катталган жок. Анткени тойканаларда кече өткөрүү үчүн чоң суммадагы акча коротулат. Социалдык абалы начар үй-бүлөнүн балдарына оор келип калышы мүмкүн. Мугалимдерге белек-бечкек берүүгө да жол берилбейт.

"Азаттык": Ошол эле учурда, бүтүрүүчүлөр арасында салтанатка кийген кийим-кечеси менен атаандашуу жүрүп, боёнуп-жасануусуна эле эбегейсиз каражат коротулары айтылып жүрөт. Министрлик бүтүрүүчүлөрдүн кийимине, формасына кийлигише алабы?

Абдылдаева: Мааракеге тыюу салган буйрук 2010-жылдан бери эле иштеп жатат. Бул буйрук жөн жерден эле кабыл алынган эмес. 2008-2009-жылдары бүтүрүү кечесинен кийин өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун, өлүмдүн саны көбөйүп кеткен.

Ошондуктан өлкө аймагы боюнча тыюу салынган. Буйрук күчүнө киргенден кийин адистер анализ жүргүзүшкөн. Анын жыйынтыгы көрсөткөндөй, кырсыктардын саны кескин азайган.

Бул жерде ата-энелердин да жоопкерчилиги чоң. Оюн-зоокко уруксат берип коюп, кырсык үчүн мугалимдерди жумуштан алуу туура эмес. Салтанаттуу кечелерге тыюу салынганы бутүрүүчүлөрдү кырсыктан сактаса, бир эсе ата-энелердин чөнтөгү үчүн да пайда болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG