11 жаранга Биринчи май райондук соту “бийликти басып алуу” беренеси боюнча актап, башка беренелер менен жаза чегерди. Алардын алтоо 7 жылдан 9 жылга чейин эркинен ажыратылып, калгандарына үч жылдык пробациялык жаза берилди. Адвокаттар жана жакындары шектүүлөрдүн күнөөсү далилденбегенин айтышат.
Бишкектеги Таштан Эрматов атындагы музыкалык -педагогикалык институттун студенттери эки күн мурда милицияга жеткирилген. Буга алардын окуу жайдын аталышындагы “музыкалык” деген сөздү калтыруу талабы себеп болгон. Институт жетекчилиги жаңы өзгөрүүлөр талапка ылайык гана жүрүп жатканын билдирди.