"Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин журналисти. 2009-жылы Internews уюмунун "Жылдын мыкты радио журналисти" наамын алган.
Күч органдары оппозициянын нааразылык акцияларын утурлай башаламан окуяларды алдын алууга даярдыкты күчөттү деген маалыматты четке кагууда.
“Кыргыз чоролору” электр энергиясы үчүн акы төлөбөй жүргөн Ысык-Көлдөгү пансионаттардан карызды өндүрүп берүүгө көмөктөшөрүн айтып чыкты.
Москвада президенттер кыргыз-орус кызматташтыгынын маанилүү маселелерин, биргелешкен долбоорлордун аткарылышын, евразиялык интеграциянын өнүгүшүн талкуулашты.
Медициналык академиянын жамааты окуу жайдын аппарат башчысынын өлүмү боюнча иликтөө жүргүзүүнү талап кылып жатат.
Жарандык коомдун айрым өкүлдөрү, укук коргоочулар Жогорку Кеңешти “Чет элдик агенттер жөнүндө” мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырууда.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия ислам багытындагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнүн 90дон ашык пайызы аттестацияга кирбей калганын билдирди.
Башкы прокуратура Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун каражатынын мыйзамсыз пайдаланышы боюнча кылмыш ишин козгоду.
Бишкектин мэрлигине Албек Ибраимовдун гана талапкерлиги көрсөтүлдү. 19-февралда ал мамлекеттик тилден сынак тапшырды.
Бишкектин мэрлигине Албек Ибраимовдун гана талапкерлиги көрсөтүлдү. Аны шаардык кеңештеги Социал-демократтар фракциясы сунуштады жана коалициялык көпчүлүккө кирген, оппозициялык азчылыкты түзгөн фракциялардын баары колдоп берди. Ибраимов эреже-талап боюнча 19-февралда мамлекеттик тилден сынак тапшыр
Жаза аткаруу кызматынын айтымында, ички эрежелерге ылайык, мындан абактагыларга сакал-мурут өстүрүүгө уруксат берилбейт.
Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 27-февралга белгиленди. Мэр болот дегендердин арасында Албек Ибраимовдун аты көп аталып жатат.
Бишкек шаарынын мурунку мэри Кубанычбек Кулматов үй-бүлөлүк себептерден улам Кыргызстандан убактылуу кете турганын жарыялады.
Интернетте оппозициячыл журналист Адилет Айтикеевге байланыштуу чуулгандуу тасма тарады.
Партиялар 27-мартта өтө турган Ош шаардык кеңешине шайлоого камылга көрө баштады. Мурдагы шайлоодо көп добуш алган, лидери сыртта баш калкалап жүргөн “Улуттар биримдиги” партиясынын шайлоого катышар-катышпасы чечиле элек.
Быйылкы жергиликтүү кеңештерге шайлоого “Ата-Журт” жана "Республика" партиялары өз алдынча катышары белгилүү болду.
Жогорку Кеңеште депутаттык комиссиянын жыйынында Нарында ГЭСтерди курууга жумшалган материалдар, кызмат көрсөтүүлөр өз баасынан эки-үч эсе кымбат болгону айтылды.
Орусиянын Бишкектеги элчилиги эки кыргызстандык бала дене органдарын пайдалануу үчүн сатылганы жаткан жеринен сактап калганын билдирген эле. Кыргыз милициясы дароо төгүнгө чыгарган.
Чүйдөгү "ташкенттиктер"
Кыргызстанда Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун иликтөөсү тарыхый мекенине келген этникалык кыргыздардын коомго аралашуусу ортодон төмөн турарын жана эл арасында жектөө бар экенин көрсөттү.
Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Аскат Акибаев дайындалды. Борбордук бийликтин соңку дайындоолору губернатор институтунун кадыр-баркын кетирди деп сындалууда.
Дагы жүктөңүз