"Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин журналисти. 2009-жылы Internews уюмунун "Жылдын мыкты радио журналисти" наамын алган.
Таласта Ак-Дөбөдөгү байыркы шаар калдыгы жаткан жердеги мусулмандардын мүрзөсүнө мындан ары сөөк коюуга тыюу салынды. Бул эң ириде аймактагы улуттук азчылыктардын нааразылыгын жаратты.
Сариев: Жерүй кызылышы керек
Кыргызстанда айрым укук коргоочулар, адвокаттар диний-экстремисттик деп табылган материалдардын экспертизасы боюнча маселе көтөрүп жатат.
“Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасы “Макмал” алтын комбинатынын ишин үзгүлтүккө учуратпоо жолдорун издеп жатат.
Макмалдын абалы чатак
Бишкек шаардык соттун төрагасы Айдар Осмоновдун кызматтан күтүүсүз кетиши күдүк ойлорду, түрдүү божомолдорду жаратты.
Кыргызстанда “Элдик лотерея” компаниясына козголгон кылмыш иштин алкагында камакка алуулар башталды.
Премьер-министр Маңзатты көзөмөлдөө кызматынын ишин сындап, анын жетекчиси Алымбай Султановду үч орун басары менен жумуштан бошотту.
29-июнда Жогорку Кеңеште Суу кодекcин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору Социал-демократтар фракциясынын сунушу менен чукул добуш берүүдөн алынды. Аталган фракция 26-июнда эле бул мыйзамды колдоп добуш берген болчу.
Мөңгүлөрдү сактоо боюнча митинг өттү
Жогорку Кеңеш Кумтөрдөгү Давыдов мөңгүсү боюнча талашка чекит коюп, 26-июндагы кезексиз жыйында Суу кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамды экинчи окууда кабыл алды.
Бишкек шаарындагы Аламүдүн-1 кичирайонунун Ауэзов көчөсүнүн боюндагы майда дүкөндөрдү алуу каршылык, ызы-чуу менен коштолуп жатат. Шаардык мэрия жолду оңдоп, кеңейтүү максатында жүздөн ашык соода жайы алынарын эскерткен. Дүкөндөрдү бузуу 23-июнда башталган.
Жогорку Кеңеште “Кыргызмунайгаз” ишканасы боюнча дооматты иликтөө үчүн жумушчу топ түзүлдү.
"Кумтөрдүн" өндүрүш боюнча вице-президенти Фил Уэлтенди кесиптик кошуун жумушчуларга орой мамиле жасайт, кызмат абалынан пайдаланат деп айыптап чыкты.
Башкы прокурордун мурунку орун басары Темирбек Бекмаматов травматикалык тапанча менен жарадар кылган адам камакка алынды.
“Восток-геолдобыча” Жерүй үчүн 90 миллион долларды которо элек. Кыргыз өкмөтү аталган кенди 100 миллион доллар деп баалаган.
Казакстанда тогуз кыргызстандык кулчулуктан куткарылды. ТИМден билдиргендей, алар Казакстанга Чу дарыясы аркылуу мыйзамсыз жеткирилген жана талаада иштеп жүрүшкөн.
Ички иштер министрлиги милициянын айдоочуга ок чыгарышы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп жатат.
БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун 11-июнда Бишкекте парламенттик демократия боюнча жыйынга катышты. Анда парламенттик башкаруунун Кыргызстанда кыртыш алышы, оош-кыйыштары тууралуу сөз болду.
Чек ара, энергетика жана автоунаа байланышы боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр тууралуу өкмөт башчы Темир Сариев журналисттерге жооп берди.
Дагы жүктөңүз