"Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин журналисти. 2009-жылы Internews уюмунун "Жылдын мыкты радио журналисти" наамын алган.
Бүгүн, 9-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Беларуска иш-сапар менен жөнөп кетти.
Нарында жергиликтүү бийлик көмүр ташуудагы башаламандыкты иретке келтирүүнүн, уюшма кылмыш топторун тыйып, уурулукту азайтуунун жолдорун издеп жатат.
Freedom House уюмунун түштүктөгү кеңсеси чуулуу сурамжылоого байланыштуу жабылып, өкүлү коопсуздуктан улам Бишкекке чакыртылып алынды.
Орусиянын “Роснефть” компаниясы “Бишкек нефть компанияны” (БНК) сатып алды. Буга чейин компаниянын "Манас" аба майданына инвестиция салуу сунушу жарандык коомдун каршылыгына кабылган.
Бишкекте милиция кызматкерин ур-токмокко алды деп шектелген кытай жарандары камакка алынып, кылмыш иши козголду.
Милициянын "шумкарлары"
Жогорку Кеңеш министрликке тандаган Мелис Турганбаев ИИМдин атайын багыттагы бөлүгү эми бардык аймактарга бөлүштүрүлүп жайгаштырыларын билдирди.
Ысык-Көлдө Жети-Өгүз районундагы Сары-Мойнок ашуусу тарапта кар көчкү жүрүп, Кумтөр ишканасында келишимдик негизде иштеген эки жумушчуну басып калды.
Жылуулук борборун көмүр менен камсыздоочу “Улуттук электр станциялары” ачык акционердик коому буга чейин эки жолу тендер өткөрүп, бирок экөө тең үзгүлтүкө учураган
Жалал-Абаддын Аксы районунда кыргыз-өзбек чек арасындагы мал уурулуктун саны кескин өсүп кетти.
“Вечерний Бишкек” гезити рейдерлик басып алууга кабылып жатканын айтып чыкты.
Кыргызстанда саясий партияларды сырттан каржылоого тыюу салуу сунушталууда. Бирок айрым эксперттер мыйзамдын иштеп кетишинен шек санашууда.
Жогорку Кеңештин коргоо жана коопсуздук комитети 15-сентябрда “Ыйгарым укуктуу чек арачылар тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.
Чүй облусундагы Аламүдүн районунда конуштардын саны 60тан ашты. Бишкек шаарынын бир капталын курчап турган бул райондогу жаңы конуштардын дээрлик көбү мыйзамсыз пайда болгон.
Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясы айрым маселелерди референдум менен чечип алууну сунуштап жатат.
Жалал-Абад аскер прокуратурасы Ала-Букадагы аскер бөлүктүн айрым кызматкерлери жаңы дайындалган командирге баш ийбей жатканы боюнча фактыны териштирип жатат.
Өткөн айдын этегинде эле келип кеткен “Газпром” ишканасынын жетекчиси Алексей Миллер Кыргызстанга дагы келди.
Геология жана минералдык ресурстар агенттиги Жерүй алтын кенине ээлик кылат делген ишкананын акцияларын сатып албоого чакырды.
Кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясы кошумча келишимдердин долбоору боюнча келише албай жатат.
Жарандык активисттер Таласта кен жана чек ара маселелери боюнча нааразылык акцияга чыккандар куугунтукталып жатканын айтып чыгышты.
Дагы жүктөңүз