
Өзбекстан менен Тажикстандын президенттеринин аткаминер балдары Кремлде урмат-сый менен кабыл алынды. Эксперттер муну Орусиянын Борбор Азиядагы таасирин күчөтүү үчүн "ыктымал мураскорлор" аркылуу жүргүзгөн стратегиясы катары баалап жатышат.
Өзбекстан бул расмий сапардын демилгечиси Москва экенин билдирди. Тажикстан ким демилгечи болгону тууралуу маалымат берген жок.
Патент алууну Ташкентке көчүрүү сунушу
Орусияда өзбекстандык мигранттарга карата зомбулук күчөп жаткан мезгилде президенттин кызы жана жардамчысы Саида Мирзиёева Москвада премьер-министр Михаил Мишустин менен жолугушуп, патент алуу жараянынын бир бөлүгүн Өзбекстанда жүргүзүүнү сунуш кылды.
Бирок расмий маалыматтарда мигранттарга күч колдонуу же укуктарын бузуу сыяктуу курч маселелер козголгону тууралуу эч нерсе айтылган жок.
Мирзиёеванын Telegram каналында жарыяланган кабарда премьер-министр менен жолугушууда миграциялык тартипти жөнөкөйлөтүү жана патент берүү жараянынын айрым этаптарын Өзбекстан аймагына өткөрүү мүмкүнчүлүгү талкууланганы белгиленет.
Өзбекстандын айрым басылмалары бул жолугушуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги май айынын башында Орусиядагы өзбек мигранттарынын укуктары бузулуп жатканын билдирип тынчсыздангандан кийин өткөнүн жазышты.
Москвада мигранттар маселесинин талкууланышы “Өзбек өкмөтү мекендештердин тагдырына кайдыгер” деген сын-пикирлерге өзүнчө бир жооп катары да кабыл алынууда.
Акыркы кездери Орусиянын коопсуздук күчтөрү Борбор Азия өлкөлөрүнөн барып иштеп жүргөн мигранттарды сабап, кемсинткен учурлар тартылган видеолор интернетте көбөйгөн. Орус тарап аны атайын рейд деп атап, мигранттар жергиликтүү мыйзамдарды бузуп, миграциялык талаптарды аткарбай жатканы менен байланыштырат. Өзбекстандык активисттер арасында “Ташкент муну көз жаздымда калтырууда” деген нааразы пикирлер арбыган.
Саида Мирзиёева менен Михаил Мишустиндин 29-майдагы жолугушуусун чагылдырган расмий видеолордо негизги көңүл Москвада Жеңиш күнүнө арналган майрамдык иш-чараларга жана Өзбекстанда орус тилине көрсөтүлүп жаткан урмат-сыйга бурулган.
Мишустин Ташкентти “Москва үчүн ишенимдүү өнөктөш” деп атап, өзбек бийлигине орус тилине кылдат мамиле жасап жатканы үчүн ыраазычылык билдирди.
Бир ай мурда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Самарканддагы Экинчи дүйнөлүк согуштун курмандыктарына арналган эстеликтин астында “эмне үчүн орус тилинде жазуу жок?” деп кекеткен эле.
Саида Мирзиёева Мишустин менен сүйлөшүү маалында Москваны “биз үчүн сүйүктүү шаар” деп атап, 9-майдагы салтанатка 30 лидердин катышуусун “чоң окуя” катары сыпаттады.
Кадр саясатына бурулган көңүл
28-май күнү өзбек президентинин кызы Орусия президентинин администрация башчысы Антон Вайно, анын орун басарлары жана Федерация Кеңешинин спикери Валентина Матвиенко менен да жолугушкан. Ал Фейсбукка жазган билдирүүсүндө орус президентинин администрация башчысынын орун басары Сергей Кириенко менен "кадр саясаты маселеси" талкууланганын белгилеген.
“Жаштар жана кадр саясаты маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Бул багыттарда кызматташууну өнүктүрүү, анын ичинде таланттуу жаштарды колдоо жана жаңы муундагы жетекчилерди тарбиялоо боюнча тажрыйба алмашууга жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга тараптар кызыкдар экени айтылды”, — деген Мирзиёева.
Ал “кадр саясаты маселелерине өзгөчө көңүл бурулду” деп айтканы менен, кайсы тармактардагы, кандай кызматтар же адистер тууралуу сөз болгонун тактаган эмес.
40 жаштагы Саида Мирзиёева атасы президент болгондон бери Өзбекстандын мамлекеттик системасында жогорку кызматтарга тез көтөрүлдү. Азыр президенттин жардамчысы болуп иштейт жана өлкөдө мамлекет башчыдан кийинки эң маанилүү адам катары каралат.
Ал расмий жолугушууларга дайыма катышат, чет элдик делегацияларды кабыл алат, аймактарды кыдырат жана Өзбекстанды эл аралык деңгээлде көрсөтүп келет. Саясий эксперттер Саиданы атасынын ыктымал мураскери катары көрүшөт.
Геосаясий кырдаал жана сапарлар
Президенттин кызынын Москвага сапары Италиянын премьер-министри Өзбекстанга расмий сапар менен келген күндөргө дал келди. Бул окуя Орусия менен Европа ортосундагы саясий карама-каршылыктын фонунда өтүп жатканы геосаясий кырдаалга байланышкан ар кыл талдоолорго негиз берди.
Мындан тышкары, 28-май күнү Орусиянын президенти Владимир Путин Тажикстандын мамлекет башчысынын уулу, Дүйшөмбү шаарынын мэри, ошондой эле Тажикстан парламентинин жогорку палатасы — Улуттук мажлистин төрагасы Рустам Эмомалини да кабыл алды.
“Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони 28–29-май күндөрү Өзбекстанда болду. 30-майда болсо Италия менен Борбор Азиянын саммитине катышуу үчүн Казакстанга барды. Албетте, бул Орусияга жакпайт. Мына ушундай кырдаалда Москвага чакырылган эки президенттин балдарына дал ушул маселелер да айтылат. Тагыраагы, Шавкат Мирзиёев менен Эмомали Рахмондун Европага ыктаган алакаларына болгон нааразычылыгын Саида менен Рустам аркылуу жеткизип коюу — бул Москва тараптын ишмердиги деп ойлойм”, — деди өзбек оппозиционери Хидирназар Аллакулов.
Тажик президентинин уулунун Москвага сапары тууралуу Кремлдин расмий сайтында кыска гана кабар жарыяланды. Кремлдин Telegram каналына болгону 14 секундалык үнсүз видео жайгаштырылды — анда Орусиянын президенти дүйшөмбүлүк конок менен жолукканы гана көрсөтүлгөн.
Ал эми Тажикстандын мамлекеттик маалымат каражаттары бул жолугушууну кеңири чагылдырды. “Ховар” агенттигинин маалыматына караганда, Путин менен Рустам Эмомали эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин кеңири талкуулашты.
Ошентсе да, эксперттер алардын эмне тууралуу сүйлөшкөнүнө эмес, Путиндин Тажикстандын президентинин “ыктымал мураскерин” расмий кабыл алганына көбүрөөк көңүл бурууда. Анткени бул Путин менен Рустам Эмомалинин биринчи ачык жолугушуусу болду.
"Айта кетчү жагдай, Эмомали Рахмон бардык максаттарына жетти — эң негизги максаты бийликти уулуна мурас катары өткөрүп берүү болчу. Владимир Путин Рустамдын талапкерлигине узак убакыт каршы болуп келген. Орусиянын саясий чөйрөсүндө “Рустам — Москва каалабаган талапкер” деген маалыматтар бар эле. Бирок Эмомали Рахмон өз максатына жетти. Эсиңизде болсо, 9-май күнү ал Жеңиш парадынын трибунасында Путиндин сол тарабында, Кытайдын лидери Си Цзинпин оң тарабында отурду. Бул болсо Рахмондун эң жакын конокторунун бири катары кабыл алынганын көрсөтөт”, - деди саясий талдоочу Темур Варки «Настоящее время» каналына курган маегинде.
Рустам Эмомали учурда 37 жашта. Анын мамлекеттик кызматтагы карьерасы 2011-жылы башталган. Биринчи расмий кызматты 2013-жылы алган — атасы аны Коррупцияга каршы күрөш агенттигинин башчысы кылып дайындаган. Төрт жылдан кийин, 2017-жылы ал Дүйшөмбү шаарынын мэри болду, 2020-жылы парламенттин жогорку палатасы — Улуттук мажлистин төрагалыгына шайланды.
Рустам Тажикстанда учурдагы президенттин бийликтеги мураскери экени тууралуу божомолдор 2016-жылдан тартып айтыла баштаган. Дал ошол жылы өлкөнүн Конституциясына өзгөртүүлөр киргизилип, президенттикке талапкерлер үчүн жаш курактын төмөнкү чеги 35 жаштан 30га түшүрүлгөн.