Орусияда жүргүнчүлөрүн күттүрүп коюп намаз окуду делген автобустун айдоочусуна байланыштуу териштирүү жүрдү. Ал Борбор Азиядан барган мигрант экени айтылды. Окуя Орусиядагы мусулман мигранттардын ачык жайлардагы диний жөрөлгөлөрү тууралуу талкуу жаратты.
Өткөн айда Хабаровскиде автобустун айдоочусу административдик жазага тартылды. Бул Орусиянын чыгыш чегинде, Ыраакы Чыгышта жайгашкан 600 миңдей калкы бар шаар. Айдоочуга карата териштирүүнүн башталышына ал автовокзалда намаз окуп, автобусунун ичиндеги жүргүнчүлөрдү күттүрүп койгону себеп болгон.
Айдоочу, маалыматтарга караганда, Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринен барган мигрант. Териштирүүнүн жыйынтыгында ал күнөөсү жок деген бүтүм чыккан, себеби, тактай келгенде, ошол учурда анын мыйзамдуу түшкү тыныгуу убактысы экени белгилүү болгон. Бирок айдоочунун тизелеп отуруп намаз окуп жатканы тартылган видео Интернеттин орусиялык сегментинде көптөгөн нааразылык жаратты.
Миллиондогон мусулмандар, анын ичинде Борбор Азиядан барган мигранттар жашаган Орусияда алар көчөдө, тротуарда намаз окуган окуялар аз эмес. Бирок ансыз да мусулман мигранттарга каршы жек көрүү жана зомбулук маанай күчөп турган шартта мындай көрүнүш барган сайын жергиликтүү тургундардын кыжырын келтирип жаткандай.
2024-жылы март айында Москванын чет жакасындагы аймакта жайгашкан "Крокус Сити Холлдо" кеминде 145 адамдын өмүрүн алган куралдуу кол салуудан кийин Орусияда Борбор Азиядан барган мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Анда бул кол салуу теракт деп бааланып, теги тажикстандык бир нече жаран айыпталган.
Көчө боюнда, унаа токтотуучу жайларда же коомдук транспортто намаз окуган кишилерге каршылар мындайды башкаларды сыйлабагандык, жада калса чагымчыл жорук деп сындап жатышат. Ал эми дин туткан адамдар Орусиянын көптөгөн аймактарында, анын ичинде борбор калаа Москвада жана Санкт-Петербургда мечит жетишсиз экенин жүйө келтирүүдө. Беш маал намаз окугандар жумуш убагында атайын мечитке барып келип туруу оңой эмес экенин айтышат.
Быйыл март айында Орусиянын Тынч океандагы портторунун биринин боюнда жайгашкан Владивосток шаарынын бийлиги айдап бараткан автобусун токтотуп коюп, жанында намаз окуп жаткан айдоочунун видеосу жарыялангандан кийин аны тартип жазасына тарткан.
Шаар бийлигинин бул окуя тууралуу билдирүүсүндө "айдоочуга башкаларга ыңгайсыздык жаратпаш үчүн өзүнүн диний жөрөлгөсү үчүн башка, обочолонгон жерден жай караштыруу керек экени айтылганы" маалымдалган.
Мусулманчылыкты карманган мигранттардын коомдук жерлерде намаз окуганы тууралуу маселени Орусиянын жогорку кызмат адамдары да көтөрүшкөн.
"Метродо баратып жайнамазын төшөп же маршруттук кичи автобустун айдоочусу намазын окуй баштаган көрүнүш абдан эле жапайы", - деген быйыл октябрь айында Өзбекстандагы сапары учурунда Орусиянын президентине караштуу Адам укуктары боюнча кеңештин башчысы Валерий Фадеев.
Көчөдө намаз окуу канчалык туура деген талкуу ислам динин тутунгандардын өзүлөрүнүн арасында да жүрүп, кайчы пикирлерди жаратууда.
Дин эрежелерине ылайык, адамдар паркта болобу, аэропорттобу же жумуш ордундабы, эгер ал жер таза болсо, намазын окуй берсе болот, бирок алар башкаларга тоскоолдук жаратпай тургандай жер табышы керек. Көрүстөндүн аймагында же жууна турган бөлмөдө намаз окуган болбойт деген да эреже бар.
Тажикстандык белгилүү диниятчы Адхам Хайдарзода "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна курган маегинде ислам дининде "жолдо жана адам көп топтолгон жерлерде" намаз окуу туура деп эсептелбей турганын айтты.
МИГРАНТТАР ТЕРС РЕАКЦИЯДАН ЧОЧУЛАЙТ
Мигранттардын укугун коргоо менен алектенип жүргөн орусиялык укук коргоочу Валентина Чупик диний жөрөлгөлөрдүн ишке ашуусуна карата барган сайын көп көңүл бурула баштаганы Борбор Азиядан барган мигранттардан чочулата турган, аларды ого бетер басмырлай турган абалга алып келиши ыктымал деген кооптонуусун билдирүүдө.
Мындай окуяларга карата Интернетте айтылып жаткан нааразылык көпчүлүк учурда чыныгы жек көрүүчүлүккө айланып, стереотиптерди күчөтүп, коом ичиндеги карама-каршылыктары андан да тереңдетет деп эскертүүдө Чупик.
Көчөдөн намаз окуу терс реакция жаратышы ыктамыл деп борборазиялык мигранттар өзүлөрү да кооптонуусун айтып жатышат.
Тажикстандан барган 34 жаштагы мигрант Далер таксист болуп иштейт. Ал көчөдө, имараттардын жанында, жада калса таштанды челектеринин жанында намаз окуган адамдарды көргөнүн айтып берүүдө. Алардын көбү, Далердин айтымында, мечитке жеткенче убактысы кетип каларынан кооптонгон тажикстандык, өзбекстандык же кыргызстандык такси айдоочулар.
"Аларды эл көрөт, көңүл бурат, ошентип мигранттарга карата каршы маанай жаралат. Мен, албетте, адамдын дин тутуу эркиндигин урматтайм, бирок биз башкаларга ыңгайсыздык жараткан жерге барып намаз окуп, ошону менен жалпы мигранттара карата жек көрүүчүлүк маанайды тутандырбашыбыз керек деп эсептейм", - дейт Далер.
Орусия ачык жерлерде намаз окуу маселесинин тегерегинде талкуу жүрүп жаткан жалгыз өлкө эмес.
2011-жылы Францияда борбор калаа Парижде көчөдө намаз окууга расмий түрдө тыюу салынган. Бул маселе ашынган оңчулдардын нааразылык акцияларынан кийин саясий көйгөйгө айланган.
Ушул эле тема Улуу Британияда да талаш-талкуу жараткан. 2021-жылы Лондондо Тауэр көпүрөсүнүн ортосундагы микрофондон азан чакырылган окуядан кийин, анын уюштуруучуларында расмий уруксат болгондугуна карабастан, нааразылык айтылып, мигранттарга байланыштуу онлайн дискуссиянын башталышына жол ачкан.