
Өзбекстандын Орусиядагы элчилиги Москва шаарында мигранттарга, анын ичинде өзбек жарандарына күч колдонулган рейддерге байланыштуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөтүп, түшүндүрмө талап кылды. Анда окуяны тыкыр иликтеп, күч кызматкерлеринин аракеттерине укуктук баа берүү өтүнүчү коюлду.
Мунун алдында интернетте орусиялык күч кызматкерлери Москвадагы имараттарга кирип, мигранттарды сабап жатканы тартылган видео тараган.
Чуулуу рейдден кийинки реакция
Интернетте тараган видеодо Орусиянын күч кызматкерлери кайсы бир имараттан мигранттарды уруп-сабап, тээп сыртка чыгарып жатканы тартылган. Видеолордо айрым күч кызматкерлери борборазиялык мигранттарга расисттик кемсинтүүлөрдү айтып жатканы да көрсөтүлгөн.
Баштапкы маалыматтарга ылайык, бул тасма Москвадагы рейдде тартылган.
Бул окуяларга байланыштуу алгач Өзбекстандын Министрлер кабинетине караштуу Миграция агенттиги маалымат таратып, камтамачылыгын билдирген.
“Орусия Федерациясынын өкмөтү жана ири жумуш берүүчүлөрү тараптан Өзбекстандын жарандарын орус жергесине ишке тартууга кызыгуу жылдан-жылга өсүп жатканынын фонунда ал жактагы укук коргоо органдарынын айрым өкүлдөрүнүн чет элдик жарандарга орой мамилеси өкүнүчтөрдү жана камтамачылыктарды жаратууда”, – деп айтылат Миграция агенттигинин билдирүүсүндө.
Маалыматта кырдаал Өзбекстандын Башкы консулдугунун жана Орусия Федерациясынын Миграция агенттигинин көзөмөлүндө экендиги, Өзбекстандын Миграция агенттиги орус тараптан окуя тууралуу тиешелүү маалыматтарды күтүп жатканы айтылган.
10-июнда Москвадагы өзбек элчилигинде Өзбекстан менен Орусиянын Тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрүнүн жолугушуусунда маселе талкууланып, нота берилди.
Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Ахрор Бурханов журналисттерге берген интервьюсунда мындай деди:
"Бул маселе боюнча унчукпай коё алган жокпуз. Тышкы иштер министрлиги бул багытта дайыма иш алып барып келет. Эгер акыркы жагдайлар боюнча айта турган болсок, сиз айткан видеонун негизинде ошол эле күнү Өзбекстандын Москвадагы элчилиги тарабынан расмий нота жөнөтүлгөн. Тышкы иштер министрлигине жиберилген ал нотада биз бул видеону талдап, андагы жагдайлар адам укуктарына каршы келерин айтып, укуктук баа берүүнү сурандык".
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 11-июнда Өзбекстандын нотасына жооп берип, Ташкенттин кайрылуусунда келтирилген маселелер изилденип, тиешелүү органдарга жеткирилип жатканын маалымдады.
ТАСС маалымат агенттиги Орусиянын Тышкы иштер министрлиги расмий өкүлү Мария Захарованын сөзүн мындайча келтирди:
"Өзбекстандын элчилигинен нота келип түшкөндүгүнө байланыштуу биз андагы маалыматты кылдаттык менен текшерип жатабыз. Бизде укук коргоо жана башка кызматтардын линиялары аркылуу түз байланыш каналдары бар экенин белгилегим келет. Шериктештер ортосунда сүйлөшүү ачык жүрүп, ар кандай сигналдар кылдаттык менен каралат. Өзбек тараптан келген жогоруда аталган өтүнүч компетенттүү органдарга келип түшкөн маалымат боюнча компетенттүү органдарга жеткирилет".
Акыркы кездери Орусиянын коопсуздук күчтөрү Борбор Азия өлкөлөрүнөн барып иштеп жүргөн мигранттарды сабап, кемсинткен учурлар тартылган видеолор интернетте көбөйгөн. Орус тарап аны "атайын рейд" деп атап, мигранттар жергиликтүү мыйзамдарды бузуп, миграциялык талаптарды аткарбай жатканы менен байланыштырып келет.
"Бул качандыр бир мезгилде токтошу керек"
Көңүл буруучу жагдай, өзбек жарандарына карата соңку рейддер Өзбекстандын президентинин кызы жана жардамчысы Саида Мирзиёева Москвада премьер-министр Михаил Мишустин менен жолугушуп, келгенден он күн убакыт өтпөй болуп жатат.Ал анда патент алуу жараянынын бир бөлүгүн Өзбекстанда жүргүзүүнү сунуш кылганы айтылганы менен, мигранттарга күч колдонуу же укуктарын бузуу сыяктуу курч маселелерди сүйлөшкөн эмес.
Өзбекстандын Журналистика жана массалык коммуникациялар университетинин ректору Шерзодхон Кудратхожа соңку рейддердин фонунда мекендештерин Орусияга барбай турууга чакырды. Ал Фейсбукта минтип жазды:
"Адатта биздин мекендештер Орусияга эң оор жана аз квалификациялуу жумуштарга барып иштешет. Ал жерлерге өздөрүнүн жарандары барбайт. Бирок алар муну түшүнүшпөй, сырттан келген жумушчуларга ырайымсыз мамиле кылып жатышат. Мына алар колдонгон кемсинткен сөздөрду карап көрүңүз: "маймыл", "канчык", "кочкор", "кара эшек", "чурка"... деп жатышат. Мындай кодулоолорду угуу өтө кыйын. Адамды кандай жек көрүү менен сабап жатышканын карсаңызчы?! Алар кылмышкерлер эмес, алар болгону карапайым жумушчулар жана студенттер. Бул нерсе качандыр бир мезгилде токтошу керек!".
2024-жылы Москвада “Крокус Сити Холлдо” кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталып, кармалган.
Расмий Москва ошондон бери мигранттарга талап-эрежелерди кыйла катаалдатып, аларга каршы мыйзамдарды биринен сала бирин кабыл алып келатат. Анын ичинде иш орундарында, кафе-ресторандарда, эс алуучу жайларда, мечиттерде жана мигрантарды текшерүүлөр күчөгөн. Бул чаралар дагы уланчудай.
Орусиялык укук коргоочу Валентина Чупик “Азаттыкка” мындай пикири менен бөлүштү:
“Полиция тараптан зомбулук аракеттер жана текшерүүлөр жөнүндө айта турган болсом, мындай аракеттер дайыма жана тынымсыз болуп жатат. Азыр эле көбөйүп кетти деген туура эмес, текшерүүлөр биринчи жолу 2022-жылдын февралынан тартып кескин күчөп кеткен. Анда жарым жылча уланып, кайра бир аз азайган. Экинчи ирет “теракт” деп аталган окуядан кийин алардын талмасы дагы кармап калды. Азыр кайра бир аз азайды, бирок токтогон жок. Мечиттерде жана башка жайларда текшерүүлөр дайыма эле уланууда. Мунун баары Орусиянын жарандыгын алып алган мурдагы мигранттарга сабак болууда. Орусиянын жарандыгын албагыла! Азыркы шартта андан жакшылык күтпөгүлө! Кодулоо азайбайт, кайра күчөйт! Ал аз келгенсип, фронтко жөнөтөт. Украинада минага жарылып өлөсүңөр, ал силерге таптакыр керек эмес”.
Быйыл 5-февралда Орусияда жаңы укуктук режим кирген. Ага ылайык, Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негизи жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүгө тийиш. Ички иштер органдары (соттор менен бирге) чет өлкөлүк жарандарды айрым укук бузуулар үчүн Орусиядан депортациялоого укуктуу болот.
Орусиянын президентинин 2024-жылдын 30-декабрындагы жарлыгына ылайык, ал жакта мыйзамсыз жүргөн мигранттар 30-апрелге чейин өзүнүн укуктук абалын мыйзамдаштырууга тийиш экени кабарланган. Дипломатиялык сүйлөшүүлөрдөн кийин мөөнөт сентябрга чейин узартылган.
Кыргызстандын бийлиги улам-улам кайрылуу таратып, Орусиядагы кыргыз жарандарын бул өлкөнүн миграциялык “кара тизмесинен” сентябрга чейин чыгып кетүүгө чакырык жасап келатат.
Орусиянын Ички иштер министрлиги февралдын башында "көзөмөлгө алынгандардын" реестрине 685 миңге жакын чет элдик жаран киргизилгенин билдирген.
Алгач анын 85 миңдейи кыргызстандык экени кабарланган болсо, майдын башына карата алардын саны 70 миңге түштү. "Кара тизмедеги" кыргыз жарандарынын бир тобу Орусиядан чыгып кетип жатышса, экинчи тобу тизмеден чыкканга аракет кылышууда.
Мындан сырткары 30-июндан тартып Орусияга киргени жаткан чет өлкөлүктөргө, анын ичинде кыргыз жарандарына эреже-шарт дагы катаалдай турганы белгилүү болду. Ага ылайык, Орусияга барам деген чет элдик RuID аттуу мобилдик тиркемеге катталышы керек болот. Андан соң ал өлкөгө кирерге 72 саат калганга чейин баруу максатын көрсөтүп, арыз калтырышы керек. Чет өлкөлүк жаран QR-код алып, ошо менен гана чек арадан өтө алат.