Прага шаарында Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген активисттер, изилдөөчүлөр жана журналисттер чогулуп, Орусиянын оторчулук саясатынын таасиринен арылуу же деколонизация маселесинин күңгөй-тескейин талкуулашты.
Борбор Азия
бейшемби 1 Июнь 2023
Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча экинчи аракет башталды. Депутат ага козголгон кылмыш ишти “саясий” деп атады. 30га жакын киши камалган Кемпир-Абад иши боюнча тергөө аяктады. Адвокаттар жети ай тергелген иштин материалдары менен толук тааныша албаганын билдиришти. Орусия Украинага чабуул койгондон бери 483 бала набыт болгонун Украинанын Башкы прокуратурасы билдирди. Бул арада Орусиянын Украина менен чектеш Белгород облусунан балдар эвакуациялана баштады.