Бишкекте BURANA FASHION WEEK 2022 деп аталган мода жумалыгынын 6-сезону ачылды. Мында 20дан ашык кыргызстандык дизайнерлер эмгектерин көрүүчүлөрдүн сынына койду.
Украинада Львов шаарына сокку урулууда. Чабуул Киевде да күч алды. Оштогу Карл Маркс орто мектебинин эки окуучу кызы көп кабаттуу үйдөн бой таштады. Улуу Британия кыргызстандык эмгек мигранттарына эшигин ачты.
Ошто көзү азиз Нурбек Жаниев массажист болуп иштейт. Бир нече жыл мурда жубайы оорудан каза болуп, ушул тапта ал балдарынын түйшүгүн жалгыз тартып келе жатат. Балдарынын келечегин ойлогон ата алардын жакшы мектепке киргизип, татыктуу билим берүү аракетинде.
2002-жылы 17-мартта мурдагы президент Аскар Акаевдин бийлигине нааразылык билдирип чыккан элге ок атылып, алты адам көз жумган. Аксы окуясы эгемен Кыргызстандын тарыхындагы кара так болуп калды. Тынч митингге бара жаткан элге каршы ок чыгарууга кандай зарылчылык болду эле?
Тасмаларда көп учурда терс каармандын ролун ойногон актёр, сүрөтчү Садыр Сагынбаев бир канча жылдан бери устачылык менен да алектенип келет.
Улуттук макамга ээ болгон “Манас” театрына мамлекет тарабынан имарат берилди. Бул имарат Жогорку соттун мурдагы судьясы Камил Осмоналиевге таандык болгон. Осмоналиев 2020-жылдын аягында мыйзамсыз баюу боюнча айыпталып камакка алынган кезде жогорудагы үйү мамлекеттин балансына өткөн. “Манас” театрын
“WikiGap. Кыргызстандын айымдары” долбоорунун алкагында Википедия кыргызстандык мыкты жүз айымдын ысымы менен толукталды. Эми өз тармагында ийгилик жараткан айымдар тууралуу көпчүлүк кенен маалымат ала алат. Бул долбоордун максаты – ийгиликке жеткен кыргызстандык аялдар жөнүндө маалымат берүү аркыл
Дүйнө жүзү боюнча кеңири тараган үстөл үстүндө ойнолчу оюндарды Адилет Аскаров кыргыз маданиятына ылайыкташтырып чыккан. Анын максаты оюндар аркылуу балдарды билим алууга кызыктырып, патриоттуулук сезимин күчөткүсү келет.
Ош облустук Тургунбай Садыков атындагы көркөм сүрөт музейинде "Жазгы букет" аттуу көргөзмө өтүп жатат. Ал 23-мартка чейин уланат. Мында живопись, графика, декоративдик-колдонмо искусствосу менен алектенген Оштогу сүрөтчү айымдардын эмгектери коюлган.
Дагы жүктөңүз