Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында белгилүү журналист, акын, "Азаттыктын" редактору Кубат Оторбаевдин “Гүлдөр күтөт” аттуу ыр жыйнагынын бет ачар аземи өттү.
Филология илимдеринин доктору, профессор, психологиялык прозанын чебери атыккан жазуучу Бейшебай Усубалиев «Түркүк», «Көз», «Түтүн», «Түн» өңдүү жоон топ аңгеме, повесттери менен таанымал.
Баткен облусунун тургуну Айымча Мурахмедова май айында 120 жашка чыгат. Ал облустагы 100 жаштын тегерегиндеги 12 карыянын эң улуусу. Акылы тунук, баскан-турганы тың апа азыр балдарынын кашында, небере-чөбөрөлөрүнүн сыйын көрүп жашап жатат.
3-мартта Кыргызстанда Мамлекеттик туу күнү белгиленүүдө. Кызыл түстөгү туу мындан туура 31 жыл мурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Бул арада анын түсүн алмаштыруу боюнча бир канча сунуштар айтылып, бирок ал ишке ашкан эмес.
“Тентек” анимациялык студиясы “Манас” эпосунун негизинде даярдалган мультсериалдын кезектеги бөлүгүн тартып бүттү. Чыгармачыл топ балдарга кыргыз тилиндеги мультфильмдерди тартуулоодон тышкары окуучулар үчүн пайдалуу долбоорлорду даярдоо менен алектенүүдө.
“Азаттык” радиосунун 70 жылдыгына карата бул ирет “Азаттыктын” мурагы кызматкери, Кыргыз Республикасынын эл акыны Кожогелди Култегин менен маек курдук. “Азаттыктын” кийин ал маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары, Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү болуп иштеди.
Кыргыз эл артисти Айтажи Шабданова ата-энесинин каршылыгына карабай театр дүйнөсүнүн эшигин ачып, 17 жашында Оштогу Бабур театрынын жамаатына кошулат. 60 жылдык чыгармачылык өмүрүндө Кыргызстанга да, Өзбекстанга да таанылган. Таанымал актриса 2022-жылы дүйнө салды.
Фильмин жаратуучулары бул чыгарма коомго коңгуроо болсо деген максатты көздөшүүдө.
Дагы жүктөңүз