3-мартта Кыргызстанда Мамлекеттик туу күнү белгиленүүдө. Кызыл түстөгү туу мындан туура 31 жыл мурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Бул арада анын түсүн алмаштыруу боюнча бир канча сунуштар айтылып, бирок ал ишке ашкан эмес.
“Тентек” анимациялык студиясы “Манас” эпосунун негизинде даярдалган мультсериалдын кезектеги бөлүгүн тартып бүттү. Чыгармачыл топ балдарга кыргыз тилиндеги мультфильмдерди тартуулоодон тышкары окуучулар үчүн пайдалуу долбоорлорду даярдоо менен алектенүүдө.
“Азаттык” радиосунун 70 жылдыгына карата бул ирет “Азаттыктын” мурагы кызматкери, Кыргыз Республикасынын эл акыны Кожогелди Култегин менен маек курдук. “Азаттыктын” кийин ал маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары, Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү болуп иштеди.
Кыргыз эл артисти Айтажи Шабданова ата-энесинин каршылыгына карабай театр дүйнөсүнүн эшигин ачып, 17 жашында Оштогу Бабур театрынын жамаатына кошулат. 60 жылдык чыгармачылык өмүрүндө Кыргызстанга да, Өзбекстанга да таанылган. Таанымал актриса 2022-жылы дүйнө салды.
Фильмин жаратуучулары бул чыгарма коомго коңгуроо болсо деген максатты көздөшүүдө.
Айтыш өнөрү барган сайын жаңы муун менен толукталууда. Алардын катарында өз дарамети менен башкалардан айырмаланган акын кыздарыбыз бар. "Эже-сиңдилерде" бул жолу акын кыздар менен айтыш өнөрү тууралуу сөз кылабыз.
Кыргызстандыктар 23-февраль - Мекенди коргоочулар күнүн майрамдап жатат. Совет мезгилинде Кызыл Армиянын жана флоттун күнү деп аталган бул майрамдын кайра белгилене баштаганына 20 жыл болду. Мындай майрамдарда окуучуларга аскердик кийим кийгизүү адаты жайылууда.
Бекжан Базарбаев 8 жашта. Тили чыккандан бери эле "Манас" эпосун айтып келе жатат. Наристенин жөндөмүн байкаган Улуттук “Манас” театрынын жамааты аны өз кызматкерлеринин катарына кошуп алган.
Кыргыз Эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Өскөн Даникеев “жазуучу болом деп дегеле ойлогон эмесмин” дейт. Анын негизги кесиби – тоо инженери.
Дагы жүктөңүз