АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) кыргызстандык ишкерлерге, билим берүү тармагына каржылык жардам берүүнү улантууда. 2018-жылдан бери “Конкурентүү ишкана” долбоору аркылуу 120 компания грант алса, 2024-жылга чейин Кыргызстандагы мектеп окуучуларына 18 млн. доллардан ашык каражат бөлүнөт.
Экономика
дүйшөмбү 20 Февраль 2023
Мектепте 42 жыл мугалим болуп иштеген Ибрагим Каримжанов гүл бизнесин түптөдү. Ага англис, немис тилинен сабак бергени бизнес баштоодо дагы пайдасын тийгизген экен. Тоолуу Арстанбапта күнөскана куруп, боз үй тиккен мугалим жайкысын туристтерди тосуп, гид болуп иштейт.