Бишкекте Улуттук госпиталдын ординатору ага бейтаптын жакындары кол салып, ооруканага түшкөнүн билдирди. Медиктердин кесиптик уюмунун жетекчиси Бермет Барыктабасова дарыгер “тоскоол болбогула” деп суранганда, бейтаптын атасы кол көтөргөнүн айтты.
Мигранттарды телефон аркылуу көзөмөлдөй турган атайын программа иштелип жатканын Москва шаарынын мэри Сергей Собянин билдирди. Юристтер бул чаралар жеке маалыматты коргоо боюнча мыйзамга каршы келерин эскертүүдө.
Орусияда балдары орус тилинен сынактан өтпөгөн мигранттардын үй-бүлөсүн өлкөдөн чыгаруу сунушу талкууланууда. Кыргызстан балдарды онлайн окутуу жолун караштырууда.
Кыргызстандын ТИМи АКШ өкмөтүнүн иммиграциялык эмес визалардын мөөнөтү кыскартуу боюнча чечимин "бир тараптуу жана алдын ала эскертүүсүз кабыл алынды" деп сыпаттады. Расмий Вашингтон мындай чечим президент Трамптын атайын буйругуна ылайык кабыл алынганын белгилеген.
Жогорку Кеңеш 25-июндагы жыйынында Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборду жоюп, аны Акыйкатчынын курамына киргизүү мыйзамын кабыл алды. Муну парламент адам укугун коргоо жатындагы ишти жакшыртып, оптимизация аракети менен түшүндүрүүдө.
Түркияга мектеп окуучуларын олимпиадага алып барып, Стамбул аэропортунда кармалган мугалим Азамат Нурмат уулунун соттук иши сентябрда карала баштайт. Фетхуллах Гүлендин "Хизмет" кыймылына байланышы бар деген шек менен кармалган мугалим үй камагына чыгарылып, учурда Стамбулда жашап жатат.
25-июнда парламент тарабынан кабыл алынган Кыйноолорду алдын алуу борборун Омбудсмен институтуна кошуу мыйзамын укук коргоочулар сынга алууда. Алар Омбудсмен институту улуттук борбордун ишин аткара албайт деп айтып жатышат. Акыйкатчы мындай сындарды четке какты.
Үч айдан ашык убактан бери абакта жаткан журналист Канышай Мамыркулованын иши боюнча отурум Бишкектин Октябрь райондук сотунда 30-июнда уланат. Соттун жылышына журналисттин ишинде экспертиза жасаган адистин дагы келбей калганы себеп болду.
Өзбекстанда жынысын алмаштырган адамдарга расмий түрдө аты-жөнүн өзгөртүүгө уруксат берилди. Эксперттердин айтымында, бул ЛГБТ өкүлдөрүнө эмес, тубаса жыныстык патологиясы барларга, же "интерсекс" деген топко кирген адамдарга тиешелүү.
19-июнь күнү Бишкектин Свердлов райондук сотунда укук коргоочу Рита Карасартованын иши боюнча отурум тергөөчү жана прокурор келбегендиктен башка күнгө калды.
Күйөөсүнүн колунан каза болгон Айзиректин аброюна шек келтирген блогер, активист Айбек Уланов кармалды. Коомчулук маркум келинди мазактаган блогердин жоопко тартылышын талап кылууда.
Өзбекстандын футбол командасын колдоп-коштогону Бириккен Араб Эмираттарына барган күйөрмандар бир нече саат аэропорттон чыгарылбады. Маселе консулдук деңгээлдеги сүйлөшүүлөр менен жайгарылды.
Дагы жүктөңүз