Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:52

Кыргызстан

Ыраакы Чыгыштагы авиакырсыкта 48 киши набыт болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:56 0:00

Орусиянын Ыраакы Чыгышында жүргүнчү салган Ан-24 учагы кырсыкка учурады. Борттогу 48 адамдын бири да аман калган жок. Украинанын Одесса аймагы жапырт дрон чабуулуна туш болду. Орус-украин делегацияларынын Стамбулдагы сүйлөшүүсү жарым саатка гана созулду. Кыргызстанда электр энергиясын керектөөнүн суткалык көрсөткүчү эң жогорку чекке жетти.

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек менен Ош шаарларында "одоно мыйзам бузган" 78 жеке клиниканын иши убактылуу токтотулганын билдирди. Бул чечим кеңири текшерүү жүргүзүлгөндөн кийин кабыл алынганын маалымдады.

"Арыздансам мени жолотпоштун амалын көрө башташты".

Кыргызстанда пластикалык хирургия соңку жылдары кеңири жайылды. Муну менен катар эле андан зыян тартканын айтып даттангандар да бар. Саламаттык сактоо министрлиги жыл башынан бери 20дан ашык арыз түшүп, 18 адам ботокс процедурасынан кийин ууланганын билдирди. Министрлик кыска окуу курстарынан кийин эле колуна бычак кармап, медициналык косметологияга өткөндөр көйгөй жаратып жатканын айтууда.

Кыска убакыттын ичинде эле кеминде алты адам “Азаттыкка” пластикалык операциядан кийин ден соолугу бузулганын айтып кайрылды.

Алар Бишкектеги Maxclinic деген клиникадан көзүнө сурма чыгарып, бетине, көкүрөгүнө түрдүү операция жасатышкан.

“Жыйынтыгы биз ойлогондой болбой жүзүбүз кайра бузулду” деген кыз-келиндер милицияга да арыз жазышкан. Саламаттык сактоо министрлиги аталган клиника 90 күнгө жабылганын айтып, ушул багыттагы арыз-даттануулар көбөйгөнүн ырастады.

Өзүн Зарина деп тааныштырган келин аз убакытта катуу арыктап кеткенден кийин бетиндеги бырыштарды алдыруу үчүн пластикалык операция жасаткан. Ал Бишкектеги Maxclinic деген клиникадан операция жасаткандан кийин бетинин бир тарабы эч нерсе сезбей калганын, шишик үч ай дегенде араң кеткенин “Азаттыкка” айтып берди.

Пластикалык операциядан жабыркаган келин.
Пластикалык операциядан жабыркаган келин.

“Жолдошум каза болуп, өзүм катуу депрессияга кабылдым. Чачым түшүп, катуу арыктадым. Бетимдин териси шалбырап, бир жагы кыйшая баштады. Косметологдор жардам бере албайбыз дешти. Ошондо пластикалык операция кылууга М.К. деген дарыгерге кайрылгам. Мен буга чейин дагы ага кайрылып, маммопластика жасаткам. Үч баладан кийин бир жакты эле эмизгендиктен эмчегимде абдан айырма болуп, бир жагы түшүп калган. Ошондо дагы тырык калып калган болчу. Бетимди “эч нерсе билинбей тургандай жасап берем, 10 күндөн кийин жумушка чыга бересиң, бетте ашыкча териң абдан көп экен” деп айтты. Операциядан кийин бетим аябай шишиди, үч ай үйдөн чыга алган жокмун. Нервге дагы залакасы тийип мимика жоголуп, бир жылдан ашуун бир жак бетим эч нерсе сезбей калды. Невропатологдун дагы аныктамасы бар бул боюнча. Андан араң дарыланып, ийне алып жатып оңолдум. Кийин М.Кга кайрылсам, “убакыт керек, жакшы болот” деп эле жубатып коюп жатты. Алты айдан кийин барып тырыктарды көрсөтсөм, “дагы 20 миң сом берсең эми жакшылап жасап берем” деди. Оңдоп берем дегенине ишенип, 2024-жылы кайра жасаттым. Бул жолу андан дагы жаман болуп, кулактын артында өтө чоң тырыктар калды. Убакыт өткөн сайын менин жактырбаганымды көрүп, мени жолотпоштун амалын көрө башташты. Ошондон кийин милицияга, Саламаттык сактоо министрлигине арыз жазып, ачык айтып чыга баштадым”, - деди Зарина.

Анын айтымында, милициядан эки жолу иш жабылып калып, азыр прокуратурага, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) дагы арыз тапшырышты.

Жеке клиникаларга рейд учурунда тартылган сүрөт. Сүрөт Саламаттык сактоо министрлигинен алынды.
Жеке клиникаларга рейд учурунда тартылган сүрөт. Сүрөт Саламаттык сактоо министрлигинен алынды.

Зарина сыяктуу пластикалык операциядан жабыркап, өздөрү күткөндөй натыйжа болбогонуна даттангандар бир топ. Ал өзү кабылган жагдай боюнча ачык айтып чыккандан кийин дагы 40тай кыз-келин ушундай эле абалга тушукканын билдирген.

Ошентип алар өзүнчө бир топко биригиптир. Арасында жагдайы оорлошуп, операция ден соолугуна оор зыян тийгизгендери дагы бар.

"Ар кайсыл жерде тырык пайда болду..."

Өзүн Тамара деп тааныштырган маектешим менингит болуп ооругандан кийин эки көзүндө айырма болуп, операция жасатууну туура көргөнүн айтып берди. Өткөн жылы күзүндө банктан насыя алып, көзүнө блефаропластика жасаткан. Ал дарыгерге аллергик экенин, антибиотикти көтөрө албай турганын айткан экен. Бирок операциядан кийин ал өзүн тааныбай калганын айтып берди:

“Операцияга чейин дарыгер М.К. менен сүйлөшкөм, ошондо аллергиям бар экенин, кесилген жерлерим кеч айыга турганын алдын ала айткам. Бирок операция учурунда алдын ала көрбөй туруп лидокаин сайышты. Көзүмдүн формасын, эч нерсени өзгөртпөгүлө деп айттым. Көзүмдүн формасын өзгөртүп, тоголок кичине көз кылып коюптур. Азыр эки көзүм эки башкача болуп калган. Көзүмдүн алдындагы тырык дароо эле көзгө урунат. Ошонун айынан көз айнек тагынып калдым. Операциядан жети жума өткөндө көзүм ооруп, бурчтары тартыша баштады. Дарыгер булчуңдарын бошотуп коём деп кайра операция жасады. Ар кайсыл жерде тырык пайда болду, тогуз ай болду, дагы деле жакшы болбой жатат. Саламаттык сактоо министрлигине кайрылсам алар мени дагы бир дарыгерге жөнөтүштү. Ал бул жаш курактан улам деп койду. Көзүңүз өзү эле кыйшык экен деп айтты. Саламаттык сактоо министрлиги анын “абалы канааттандырарлык, тырыктар кете баштаптыр” деген корутундусун мага жөнөтүштү. Ошондон кийин өкмөткө, прокуратурага, президенттин администрациясына кайрылдым. Менин арызым бир канча жолу жабылып калган. Азыр операция кылган врач бизди "алдамчылар" деп айтып жатыптыр. "Аллергиясы жок" деген жасалма кагазды алып келишти. 20-июндан бери экспертиза өтө элек. Тергөөчү тийиштүү дарыгерлерге кат жолдогонун айтып жатат. Мен кайрадан УКМКга, прокуратура кат жаздым”.

Саламаттык сактоо министрлиги пластикалык операциядан жабыркаганын айтып, даттангандар көп болуп жатканын ырастады.

"Алардын медициналык билими жок. Бул азыр чоң көйгөй болууда"

Мекеменин лицензия берүү секторунун башкы адиси Аман Осмонов жыл башынан бери ушундай мүнөздөгү 25тей кайрылуу болгонун билдирди. Жакында эле Ош шаарында ботокс процедурасын жасаткан 18 адам ууланган окуя катталды. Осмоновдун айтымында, кыска курстардан окуп, лицензиясы жок иштегендер көп болуп жатышы пластикалык хирургияга байланышкан көйгөйлөрдү курчутууда.

Жеке клиникаларга рейд учурунда тартылган сүрөт.
Жеке клиникаларга рейд учурунда тартылган сүрөт.

“Азыр мыйзамдарга дагы өзгөртүү киргизип, жазасын түрмөгө түшө турганга чейин кылып катаалдаттык. Айыппулдар дагы көбөйдү. Жеке жактар мурда 7 миң сом төлөсө, азыр 50 миң, юридикалык жактар 100 миң айып төлөйт. Эгер адамдын денесине залал келтирсе биз ишти милицияга өткөрүп беребиз. Былтыр төрт арыз түшкөн, бул жылы 20дай киши Максүт Кадыровго байланыштуу арызданды. Арыздардын негизинде лицензиялык талаптарды аткарбагандыгы үчүн Кадыров иштеген Maxclinic 90 күнгө жабылды. Бул мыйзамда каралган, биз тараптан көрүлгөн эң оор чара болуп эсептелет. Бул убакытта талаптарды аткарбаса клиника жабылат жана сотко өткөрүп беребиз. Жарандардын денесине залал келтиргени үчүн материалдарды чогултуп, укук коргоо органдарына жөнөттүк”.

Осмонов белгилегендей, учурда пластикалык хирургияга уруксат алган клиникалардын саны 14кө жетсе, иш жүзүндө андан да көп жерде операция жасашат. Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектин Бейшеналиева көчөсүндөгү сулуулук клиникаларын жана косметологиялык салондорду текшерип, бир катар санитардык талаптардын сакталбаганын жана мыйзам бузууларды аныктаган:

“Акыркы учурда министрлик текшерүү жүргүзүп, анализ кылдык. 2800дөн ашуун жеке клиника менен кабинеттер бар экен, алар медициналык кызмат көрсөтүп келишкен. Акыркы эки айда Бишкекте жана Ошто жапырт рейд жүргүздүк. Эки шаарда 100дөн ашуун клиника текшерилди. Анын 38инде лицензиясы жок болуп чыкты. Лицензиясы болгондордун арасынан дагы талапты аткарбаганы үчүн 67 клиника 90 күнгө жабылды. Булардын көбү эле косметология, стоматология жана пластикалык хирургиягабайланыштуу. Соңку учурда көптөгөн курстар ачылып, ал жерден эстетикалык косметологияны 3 айда окуп чыгып, ийне сайганды билем деп эле алардын сертификаты менен медициналык косметологияга өтүп кеткендер өтө көп болуп жатат. Алардын медициналык билими жок. Бул азыр чоң көйгөй болууда. Медайымды даярдоого 3 жыл кетет. Биз ушундай курстарга лицензия берген Билим берүү министрлигине дагы кайрылганбыз. Жакында Ош шаарында ботокстон кийин 18 адам ууланды. Бул учурда косметологдор аткезчилик менен ташылып келген каражатты колдонгон. Жарандар бизге арыздангандан кийин милицияга өткөрүп бердик”.

Саламаттык сактоо министрлигинин адиси жарандарды дарыгерге барардан мурда клиниканы жана дарыгерди текшерип, мекеменин расмий сайтынан эле лицензиясы бар-жогун тактап алууга кеңеш берет.

Соңку жагдайлар боюнча Maxclinic клиникасынын башкы дарыгери М.К. менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Ал буга чейин ушул сыяктуу кыз-келиндердин дооматтарына жооп берип, дарыгер эч качан кепилдик бербей турганын билдирген:

"Менин кардарларым бир айда эки-үч жолу келип турат. Шишийт, ичи канайт, өзү жок болуп кете турган жиптер менен тигебиз, ошол жиптер түшүп жаткан учурда мурдунун ичи канайт. Ошолорду карап, мурдуна куя турган дарыларды алмаштырып турабыз. Интернеттеги сүрөттөрдү, фотошоп менен жасалган артисттердин сүрөттөрүн көрсөтүп “мен ушундай мурун каалайм” деп көп кыздар келет. Мен дайыма эле айтам, андай мурун болбойт, ал мүмкүн эмес. Тери канча чоюла турганы операция убагында гана билинет. Сен ушундай болуп каласың деп ким кепилдик берет? Көрсөткөн сүрөттөй болот деп кепилдик бербейм. Бул оор. Эч бир медик ушундай кылып берем деп айта албайт. Бул үчүн фотошоп кылыш керек, имплант коюш керекпи, билбейм. Бул бир тетик эмес да, эки-үч жыл жүрөсүң, анан кыйчылдап калганда алмаштырып коёбуз дегендей".

Дарыгер башка жактан операция жасатып, оор абалда келгендер деле бар экенин кошумчалаган.

Кыргызстанда буга чейин пластикалык операциядан кийин абалы начарлап, адам өлүмү менен коштолгон учурлар да катталган.

2022-жылы денесиндеги ашыкча майларды сордурткан (липосакция - ред.) операциядан кийин 40 жаштагы аял каза болуп калган. Операция Art сlinic аттуу менчик клиникада жасалып, көп убакыт өтпөй келин катуу кыйналып, кийин сүйлөй албай калганын ошол кезде "Азаттыкка" айтышкан эле.

2023-жылдын башында 37 жаштагы келин пластикалык операциядан көп өтпөй өзүн жаман сезип, ооруканага жетпей каза болгон. Маркум Бишкектеги Medcenter.kg. клиникасынан эмчегине маммопластика жасаткан.

Адистер сулуулук операцияларын жасоо Кыргызстанда акыркы жылдары кеңири жайыла баштагандыктан анын тобокелдиктерин жана кесепеттерин эске алган жол-жоболор же атайын протокол дале иштелип чыга электигин белгилешет.

Мындан улам кардарга липосакция, маммопластика же башка сулуулук операцияларын жасаган дарыгерлер кайсыл жерден ката кетиргенин аныктоо кыйынга туруп, кемчиликтерди таап, шалаакылык кылганда кандай жазага тартылары белгисиз.

Ички иштер министрлиги азыр каралып жаткан иштер боюнча маалымат берген жок. Башкы прокуратура маалымат такталып жатканын айтты.

Кардар менен клиника ортосундагы мамиле жөнгө салынган эмес

Кыргызстандын медициналык кесиптик кошуунунун төрайымы, эксперт, медицина илимдеринин кандидаты Бермет Барыктабасова буларды айткан:

Бермет Барыктабасова
Бермет Барыктабасова

"Бул тармак абдан өсүп, өнүгүп жатат. Адамдар сулуу, өңдүү көрүнгөндү каалашат. Акчасына кайыл болуп дарыгерден тышкы келбетин оңдоп берүүсүн суранышат. Чындыгында бул абдан жогорку кесипкөйлүктү талап кылган тармак. Эң мыкты, чебер хирургдар пластикалык хирургияга кетип жатышат. Тилекке каршы, адамдар каалаган натыйжага жетпей калган же башка жагымсыз жагдайлар дагы болуп калууда. Булар бейтаптар эмес, дени сак кардарлар. Бирок мындай оперативдүү кийлигишүү баары бир таасирин тийгизет. Бул хирургдун чеберчилигине гана эмес, ошол адамдын организмине дагы байланыштуу нерсе. Бул жерде компетенция, көндүмдөр өтө жогорку деңгээлде болууга тийиш. Тилекке каршы, азыр пластикалык хирург менен кайрылган кардарлардын ортосундагы мамиле жөнгө салынган эмес. Чындыгында инфекциялык көзөмөл, жасап жаткан иши боюнча билимине талаптар өтө жогору. Дүйнө жүзүндө да ушундай оорусу өтүшүп кеткен, сулуу болууну каалаганы үчүн каза болуп калган учурлар кездешет. Ошондуктан мындай учурлар абдан дыкат көзөмөлдөнүп турат, көңүл бурулбай калбайт, көптөгөн адистер карап турат. Чындыгында ар бир учур боюнча комиссия түзүлөт, биз дагы катышып жүрөбүз. Кеңешүүгө көп келишет. Бул жерде ошол кызмат үчүн акча төлөгөн адамдын дагы укугу бузулбашы керек, экинчи тарабынан, медиктердин дагы укуктары бузулбашы керек. Алар кудай эмес, алар бардыгы үчүн жооп бере албайт. Мындай учурда медициналык жагынан талдап чыгыш керек".

Барыктабасова кардарга операциядан кийинки тобокелдиктер тууралуу эскертүү зарыл деп эсептейт.

Министрликтин соңку маалыматы

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек менен Ош шаарларында "одоно мыйзам бузган" 78 жеке клиниканын иши убактылуу токтотулганын билдирди. Бул чечим кеңири текшерүү жүргүзүлгөндөн кийин кабыл алынганын маалымдады.

“Жалпы жонунан 117ден ашуун жеке медициналык уюм текшерилип, алардын ичинен 37си (31,6%) лицензиясы жок иштеп жатканы аныкталды. Калган 80 клиниканын (68,4%) лицензиясы болгону менен лицензиялык талаптар бузулган учурлар катталган. Бардык мыйзам бузууларга байланыштуу административдик чара колдонулду. Салынган айып пул 4,5 миллион сомдон ашты. Жыйынтыгында 78 жеке клиниканын иши убактылуу токтотулду. Лицензиясы жок мыйзамсыз медициналык ишмердик жүргүзгөн 37 учур боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди”,-деп жазылган маалыматта.

Өткөн айда саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев мекеменин мыйзам бузган жеке менчик клиникаларды көзөмөлдөөсү кыйын болуп жатканын билдирген. Мындай ооруканалар бейтаптарга дарылоонун далилденбеген ыкмаларын колдонгону, окутуу боюнча гана лицензия алып, бейтаптарды кадимки шартта дарылап иштегендери да катталганын маалымдаган.

Былтыр ноябрда ошол кездеги саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда 2080 жеке менчик клиниканын лицензиясы жок экенин, алардын ишмердигин текшерүүгө тыюу салынганын билдирген.

Кыргызстандагы аялдардын арасында эң көп тараган блефаропластика (сурма чыгаруу), маммопластика (төштүн формасын өзгөртүү), глютеопластика (жамбаштын формасын оңдоо) жана абдоминопластика (карындагы майды, ашыкча терини алуу) эсептелет. Мурдун оңдоткондор (ринопластика) жана эрдин чоңойткондор дагы арбын.

“Азаттык” жеке менчик клиникадан пластикалык операция жасаткандан кийин каза болгон эки келин жана жабыркагандар боюнча макала даярдаган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG